Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өпкө курт - диктикаулез

Баш барак | Ветеринария | Өпкө курт - диктикаулез

Малдын өпкөсүндө (бронхаларында) мителик кылуучу курттар козгоочу ылан. Мите курттар ичке жип түрүндө болуп, узундугу 17 мм-ден - 150 ммге чейин жетет. Малга суу, жем-чөп аркылуу жугат. Ыландаган мал жөтөлөт, мурдунан суюктук, маңка агып калат. Мал арыктайт. Башка өпкө оорулары (пневмония, бронхит ж. б.) пайда болуп малды өлүмгө учуратат. Дарылоо: Акыркы кезде чыккан Альбен таблеткасы жакшы жардам берет, 1 таблеткасы 50 кг тируу салмакка берилет. Ивермек, Баймек, Аверсект-2 дарыларын колдонсо жакшы натыйжа берет. Дарыны ветврачтын кенеши менен же инструкциясы менен бериниз!

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 673, Өзгөртүлгөн: 2016-09-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу