Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-20 11:38:53 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.
Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-20 06:18:51Созу элдики
Обону А. Темировдуку
Белестеги беш ыргай,
Беш ыргайды мен кыйбай,
Бет-бетинен карасам,
Беш тулогон кыргыйдай.
Адырдагы алты ыргай,
Алты ыргайды мен кыйбай.
Алды-алдынан карасам,
Алты тулок кыргыйдай.
Кызыл колдун боюнда,
Кызыл ала ордогум.
Кыз экенде кошулган,
Кыйма кокул молмолум.