Жөрмөмө сайма — ийне сайманын бир түрү. Чебер бул саймада бир нече майда таякчаны оңго карай жантык сайып чыгат. Анын узундугу жана бири-биринен аралыгы 1—1,5 смдей болушу зарыл. Муну кайрадан сол - го карай так ошондой жантык саят. Сайылган сайма көчөтү үч кошкон түрүндө көрүнүп калат. Жөрмөмө

Жөргөм өрүм — (уй мурун өрүм). Бул уйдун таноосуна окшоштугунан ушундай аталат. Төрт-төрттөн төрт кыр болуп түшөт. Өрүмдө өзөктү чыңай керет. Аны бир-эки күн коюп, өзөктү катырып алып, өрүшүбүз зарыл. Эгер көгүбүз узун болсо «түшкүнүн» өзү менен кошо тилип бекитет.

Жылаажын — «Желенин орду аңгырап, Желге айтып сырын жалдырап, Жылаажын үндүү кулундун, Жүргөнүн эстеп кайгырат» (Байдылда). Желпинүү аркылуу үн чыгарып, көбүнчө алгыр куштарга тагылуучу кичинекей коңгуроо. Адатта, уук учтук боз үйдүн эшигин ачып жабууда эпкин менен термеле түшөт. Ошол

Жылаан боор өрүмү — «Чокусунда чогу бар, өзөгүнүн ичинде, сомдоп койгон огу бар» («Манас»), Бул — камчы өрүмдүн негизги түрү. Буга көбүнчө жыйырма төрт тал көктү тилип, ич ара алмаштырат. Акыйкатта, татаал өрүмдү жүзөгө ашырууда өрүмчүнүн ашкере кылдаттыгы айкындалат. Жылан боор өрүмү биринин

Жыгач жана жыгач устаЖыгач — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө буюм-тайым кармоонун жердиги. Күнөстүү кыргыз жергесинде жыгачтын түрлөрү арбын. Аларга: арча, карагай, кара жыгач, кайың, тал, терек, ак чечек жана жемиш бак-дарактары: өрүк, жаңгак, тыт, алма, алча өңдүүлөр кирет. Булар ар кандай көркөм буюм-тайымдарды