Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаны жыл жонундо саламдашуу

Бул жерде "жаны жыл жонундо саламдашуу" ырларын жайгаштырдык. Жазып койгулачы деп көптөн-көп суранган колдонуучуларыбыздын кат жазууларынан кийин кичине болсо дагы саламдашуу жайгаштырдык. Жакшыбы-жаманбы эл тараза дегендей.

Жалпы саламдашуулар макаланын ылдый жагында

Салам айтам жаны жылда жалпына
Берсин жылым жакшылыгын баарына.
Аман болсун кыргыз элим,
Жылып келген, шашып келген жылымда.

Саламдашуу эзелтеги нарк экен,
Кылым карыткан кыргыз элимде.
Наркыбызды колдойлу,
Жанырган жылда жадырап.

Жоро-жолдош аманбы?
Курбу-курдаш эсенби?
Калыстыгы таш жарган,
Калыстар тобу аманбы?
Күйүгүп келген бул күнгө,
Күйөрмандар аманбы?

Айтпайт деп бизге саламды,
Кирип келген жаны жыл.
Жаман ойдо калбагын,
Оор түйүшүккө салбагын.
Сага салам өзгөчө
Таарынып бизге калбагын.

"Жаны жыл жонундо саламдашуу" ырларын билсеңиз сиз дагы бул жерди толуктап койсоңуз болот. Ал үчүн жөн гана пикир жазуу формасына өзүңүз билген жаңы жылга байланыштуу саламдашууну жазып коюңуз.

Аяз ата камдап белегин,
Аяз кыз турат жылмайып.
Жаны жыл келди шыктанып,
Жашоолорду бак кылып.

Салам айтам ушул келген жылымда
Баарынарга ак ниеттен, жаркырап.
Келип калды жаны жылым жалтырап
Жакшы маанай, ак үмүттү тартуулап.

Жаш балаты жашыл тартып жашылап,
Бергени турат кубанычын тартуулап.
Оюнчукка толо берсин балаты
Кана достор колдоп койгун каараанын?

Ооба, ооба саламдашуу салт экен
Жалпынарга айтып өтөлү саламды
Ушул келген жаны жылда жылмайып
Жакшы насат, жакшы адат сынары

Салам айтам кирип келген жылыма
Салам айтам жылып келген жылыма
Куттуу болсун жаны жылым ушунда
Кут тартуулап жалпыбызга, журтума

Салам айтам калыстарга урматтуу
Салам айтам күйөрманга ардактуу
Салам айтам аяз атага кымбаттуу
Салам айтам аяз кызга сымбаттуу

Салам айтмак салт экен,
Жаны жылда, каалоо айтмак шарт экен
Ушул жылы кааларыбыз жалпыга
Бакыт-таалай, опол-тоодой ден-соолук

Саламдашкан салт экен го кыргызымда,
Саламдашкан жакшы экен го кыргызымда.
Саламдашпай соз баштаба дейт кыргызымда,
Саламдашпай кеп баштаба дейт кыргызымда.

Аяз ата менен Сагынтайдын сүйлөшкөнү

Аяз ата:
- Салам айтам, Сагынтай,
Келди дебе камынтпай.
Аяз атаң мен болом
Өзү келген камынтпай.

Сагынтай:
- Аяз ата, куп келди?,
Мен да сени күткөмүн.
Коньки менен чананы,
Эчак камдап бүткөмүн.

Аяз ата:
- Эмне бар кубанар,
Менин тонум аппак кар.
Каарып түшөр кармасаң,
Колдоруңду какшатаар.

Сагынтай:
- Сенин тонуң аппак кар,
Мен эмесмин кайгырар.
Кармаганын эритер,
Колдорумдун оту бар...

Аяз ата:
- Анда сен какпа бабаңды,
Тазарттым чаңдан абаңды.
Сыйгалак тепсең мен даяр,
Сүйрөп чыккын чанаңды.
(Темиркул Үмөталиев)

Чакан "жаны жыл жонундо саламдашуу" ырлар жыйнагы азырынча ушундай, бирок бул жакка биз дагы көп-көп ырларды кошуп турууга аракет кылабыз. Сиз дагы четте калбаңыз.

Жайгаштыруу: 2017-08-16, Көрүүлөр: 168203, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-12-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо