Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүйүү

Баш барак | Эмоциялар | Сүйүү

Сүйүү — адам баласына таандык болгон сезим, терең байлануу жана башка адамга же объектке умтулуу, терең жактыруу сезими.

Сүйүү деген эмне, анын аныктамасын ар түрдүү көз карашта караса болот — философиялык, диний, психологиялык, ал гана эмес мединицалык. Ага суктанышат, шыктанышат, аздектейт, ардактайт, ырларды, сүрөттөрдү, музыканы, жашоонун өзүн арнашат. Бирок, бул сезимди ар кимиси ар кандай түшүнөт деп айтууга болобу? «Махабат» кандай болот, ал эмнеден турат, башка сезимдерден эмнеси менен айырмаланат, зыян келтириши мүмкүнбү? жана эң башкысы «ыйык» сезимди кантип табуу керек? Бул темага абдан чоң дилбаян, доклад жазса да болот.

Сүйүү
Сүйүүнүн символу болгон жүрөктөр

Сүйүү — бул жакшылык иш-аракеттердин жыйындысынын терең, узак, туруктуу байланышы. «Cезимдер-мамиле» байламталары бири-биринен ажырагыс нерсе. Эмоционалдык курамсыз (жактыруу сезимисиз) — пайда көрүү же адамзаттык кызмат гана. Ал эми сырткы иш-аракетсиз — кумардуулук же «ашыктык».

Эгер өтүп бараткан адам, жыгылып кеткен бейтааныш адамга колун сунуп, жардам кылса, анда бул анын адамдык сапатын гана, кайрымдуулугун, көңүл кош эместигин, боорукерлигин көрсөтөт. Бирок, бул иш-аракет махабатты түшүндүрбөйт. Эгер түгөйлөрдүн бири жылуу сезимдерди сезип, сырткы жактан аны көрсөткүсү келбесе (жардам берүү, камкордук жасоо), бул дагы башка эмоциялар.

Сүйүү түшүнүгүндө так жана жалгыз бир туура аныктама жок, анткени, махабатты түрдүү окуулар ар кандай талкуулашат. Мисалы:

Махабат
Кыз-жигит ортосундагы махабат

Сүйүү түшүнүгү өзү идеалдуу, бирок, анын адам иш-аракеттериндеги көрүнүшү андай эмес, жана бул нормалдуу нерсе. Кемтиксиз бермет же акак ташты элестеткилечи, сыртынан караганда абдан кооз көрүнөт, а бирок чындыгында (реалдуулукта) эң татынакай асыл таштын да микроскопиялык жаракалары жана сыныктары болот.

Ыйык сезимди моралдык-эмоционалдык бөлүм катары кабыл алып, психология же жан-дүйнө менен гана байланыштырса болот. Бирок мунун физиологиялык абалга, ден-соолукка таасир этүү фактысын четке кагуу болбойт.

Сүйүү бул:

  1. Камкордук — көйгөйлөрдөн, терс эмоциялардан сактоо, коргоо, олуттуу сезидердин туура көрсөткүчү. Сүйүктүү адамга жана анын муктаждыктарына болгон ыкыластуулуктан байкалат. Мисалы: ооруп калган адамды кароо, үй тиричилигиндеги милдеттерге жардамдашуу, жайлуулукту түзүү.
  2. Сыйлоо — сүйгөн адам өзүнүн жактырган адамын жашоого болгон көз карашын, кызыгууларына сый-урмат мамиле жасайт. Ал ага аягына чейин түшүнүксүз болгон жактарын дагы кабыл алып, сыйлайт. Мисалы: баарлашуучуну уга билүү, ага инсан катары кызыгуусу, толеранттуу мамиле.
  3. Жоопкерчилик — ыйык сезимдеги ток этээр сөз — өз эрки менен жоопкерчилик. Бул сүйгөн адамдын таңууланган эмес, жеке чечими. Адамдын жүрүм-туруму өзүнө гана эмес, анын сүйгөн адамынын дагы аброюна, сезимдерине, жашоосуна таасирин тийгизээрин түшүнөт. Мисалы, бир келечекти бирге пландоо, түшүнбөстүктөрдү басып же көңүл бурбай эмес, аны чечүүгө умтулуу, мамилелерди жакшыртуу.
  4. Эркиндик — жоопкерчиликке каршы келүүчү түшүнүктөй, бирок бул саламат мамилелерде тең салмактуу кездешет. Башкача айтканда эгер милдентенмелер «биз» болсо, эркиндик «мен». Тагыраак айтканда «мен» дегенди ыйык сезим үчүн көөмп салбай, «биз» деген үчүн курмандыкка чалбай, тең салмакта алып жүрүү. Мисалы, коркутуулардын, башкаруулардын, тыюуу салуулардын жоктугу. «Ай кайда жүрөсүн?», «ким менен жүрдүң?», «дайыма менин жанымда болушун керек», «үйдөгү оокатты жасабайсыңбы?», «элди карачы, сен да ошондой жаса» ушундай башкаруулар болбош керек. Бардыгы эки тараптын биргелешкен чечиминен жасалыш керек. Алдап же тымызын шантаж жасоо да ыйык сезим эмес, бул эгоизм.
  5. Жакындык — баарлашуу, бири-бирин интеллектуалдык, эмоционалдык, физикалык деңгээлде түшүнүү. Сүйүүктүү адам жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп, анын адаттары, мүнөзү дээрлик ийне-жибине чейин изилденген болот. Мисалы, биримдик салттары, эркин тактилдүү (сезе турган) карым-катнаш, кысымсыз же уялуусуз, ийкемдүү контакт, иреттелген түшүнүү.
  6. Керт башын ойлобоочулук — махабат эгоизмден эркин, ошондой эле, ал бүтүм же келишим менен эч кандай жакындыгы жок. Сезимдерди, жардамды, камкордукту берүү менен, жакшы көргөн адам аны акысыз же бекер берет. «Мен сага, а сен мага» деген мамилелер олутсуздуктун же сүйө билбестиктин белгиси. Мисалы, кандайдыр бир жакшы нерсени ордуна кайра бир нерсе алуу максатында эмес, жөн гана жасоо тилеги, марттык (анын ичинде мактоолорго), инициативдүүлүк.
  7. Ишеним — ойлордун, иш-аракеттердин ачыктыгы, ак ниеттүүлүк, сүйүктүүгө болгон ишенимди сезүү абдан маанилүү. Бул саламат махабаттын негизин түзөт, фундаменти десек болот. Түгөйлөргө өнүгүп өсүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы, берилгендик, жеке баарлашуулар, сырларды ачуу, экинчи адамга ишене билүү, сөзүнө ишенүү, жөнү жок кызганбоо.
  8. Өнүгүү — махабат адамдарды бирге өнүктүрүп, өзгөртөт. Бул «таанышуу-сүйлөшүү-үйлөнүү-балдар» схемасы гана эмес, бул жерге мамилелер жана өзүңдүн үстүңдө иштөө, биргеликтеги жашоону жакшыртуу кирет. Мисалы, жалпы кызыкчылыктарды издөө жана аларды өнүктүрүү, үй-бүлөөлүк психологдор менен иштөө, «мен» дегенди жана жайлуулук үчүн «биз» дегенди жакшыртуу.
  9. Эстүүлүк — түшүнүү махабаттын бардык баяндалган бөлүктөрүн коштоп жүрүүчү ажырагыс жак. Камкордук, көңүл, түшүнүүсүз ишенүү, өзүнө эркин кабыл алуу — бул оопайлык, өтө кумардануу, көз ирмемде өтүп кетүүчү кызыгуу. Мисалы, сүйүктүү адамдын терс жактарын так билүү, мелүүн уруштар, түшүнбөстүктөр (уруштардын таптакыр жоктугу идеалдаштыруу — иллюзияны түшүндүрөт), мамилелердеги оорчулуктарды ачык-айкын түшүнүү.

Бул жактагыларды окуп алып, махабат бул кулчулук го деген ойлор пайда болушу мүмкүн. Биз сүйүү жөнүндө гана айтып жатабыз, а бирок ар бир ыйык сезим дал ушундай болот деп эч ким убада бере албайт эмеспи. Башында айтканыбыз эсиңиздеби? «Махабат түшүнүгү өзү идеалдуу, бирок анын адам иш-аракеттериндеги көрүнүшү андай эмес». «Бул жерде айтылгандарды жасасам чыныгы сезимдерге ээ болот экем» деп ойлобогула, биз жөн гана бул сезимдин чыныгы элесин, келбетин көрсөтүүгө, түшүндүрүүгө аракет жасап жатабыз. Эгер бул сезимдин текшерилген рецепти болсо, анда баары эле жыргап кетпейт беле, макулсузбу?

Махабат физиологиясы

Сүйгөн адамдын организминде зор гормоналдык революция жүрөт. Жана мамилелердин ар кайсы баскычтарында гормондордун түрлөрү түрдүү пропорцияда болуп айырмаланып турат. Эң кызыгы, кээ бир мындай гормондордун көлөмү сүйгөн адамдын жынысынан көз каранды. Негизги сүйүү гормондоруна төмөнкүлөр кирет:

Мындай гормондордун жыйындысы иммунитетти, зат алмашууну, маанайды, жүрөк-кан-тамыр системасын, акыл-эсти, көңүлдү жакшыртып, мээнин чыгармачылык ишине түрткү болот.

Түрлөрү

Кызыгуу, ашыктык, сүйүү

Бул түшүнүктөр арасында айырма барбы? Көрсө, бар экен. Ал ачыктыгы менен гана туюнтулбастан, сезимдердин узактыгы, ал гана эмес башка адамга болгон мамилеси менен да туюнтулат.

Кызыгуу — кокустан пайда болуп, жаңы таанышуунун белгилеринде негизделет. Кызыгуунун узактыгы, андан аркы өнүгүүсү абсолюттук түрдө ар башка. Башкача айтканда, кызыгуунун толук жок болуусу, же анын олуттуу, терең сезимдерге кайра жаралуусу.

Ашыктык — жакын таанышуудан, жакындашуудан пайда болгон кызыгуунун туруктуу формасы десек болот. Адамдар бири-бирин алда канча жакшыраак билүү баскычында пайда болот. Бул махабаттын бышып жетиле элек формасы, анткени, мында кандайдыр бир иллюзия бар. Шартка ылайык сүйлөшүп жүрүү, гүл берүү мезгилине жана гормоналдык жарылуунун туу чокусуна туура келет.

Cүйүү акыл-эс менен түшүнүп билген, терең ашыктык сезими. Адам менен болгон мамилелер же анын терс жактары шайкеш (тынч) кабыл алынат. Бул жерде көңүл бурбоо, унчукпоо, качуу дегендер жок. Көз карандылык, аффекттер, фанаттуулуктар да болбойт.

Айтылган абалдарды болжолдуу төмөнкүдөй фразалар менен түшүндүрсө болот:

Кээде, кырлар ушунчалык билинбей, ушунчалык ичке болуп мисалы, ашыктык же кызыгуу менен махабатты алмаштырып алуу көп кездешет. Бирок ыйык сезим узакка созулуп, эгоизмге, эркеликтерге, импульстарга азыраак чалдыгат.

Бир көрүп сүйүп калуу

Негизи, адамдар эки категорияга бөлүнөт: идеалдуу түгөйүн издегендер (нукура жан шеригин, тагдырды) жана идеалдуу мамилелерди өзүлөрү туура келген шериктеш менен түзгөндөр.

Биринчилери психологиялык, физикалык, тиричилик, ал гана эмес зодиакалдык айкалыштарына үмүтөнөт. Экинчилери — идеалды табуу болбойт, аны түзүү керек деген тажрыйбачылар. Бирок булардын кимисинин ою туура?

Биринчилеринин да, экинчилеринин да туура жактары бар. Бирок бир жагынан караганда, «бир көрүп жактыруу» химиясын жон териси менен сезип, андан соң үйлөнүп, бактылуу жашап калган миңдеген окуялар бар. Экинчи жагынан, биринчи таанышуудагы сезимдердин күчтүүлүгүнө карабастан, сезимдер кийинчирээк келген учурлар да аз эмес. Сүйгөн адамдар өзүлөрүнүн жакындарын (тууган-туушкандарын) жакшы билишет. Терең сезип-туюууну биринчи баарлашууда эле жетүү мүмкүн эмес го. Башкача айтканда, олуттуу сезимдер үчүн барыбир убакыт жана көп баарлашуу талап кылынат.

Зыян алып келиши мүмкүнбү

Ооба зыян алып келет, жана кеп аффект же саламат эмес абал жөнүндө болбой эле, кадимки жакшынакай сезимдер жөнүндө болуп жатат.

Америкалык илимпоздор түгөйлөрүнөн ажыраган 50-80 жаштагы адамдар арасында эксперимент жүргүзүп, изилдөөдө мындай адамдарда жүрөк-кан-тамыр оорулары, жана сезгенүү процесстеринин тобокели бар экени анык болгон. Бул адамдардын өлүм коркунучу 41 пайызга жогору болуп чыккан.

Ал эми ден-соолугу начар адамдарга, күчтүү, оң таасирдеги (туруктуу) эмоционалдык таасирлер өнөкөт стресс сыяктуу таасир этет экен.

Тобокелдикти төмөндөтүү үчүн, психотерапевтке кайрылып, түрдүү медитациялар, йогалар менен машыгып, өзүнө убакыт бөлүүнү үйрөнүү керек. Ал эми жашыраак адамдарга «махабат» сейрек эмес нерсе экенин эсинен чыгарбоо зарыл. Ооба, чындыгында жашоодо бир нече жолу сүйүп калуу толук мүмкүн жана мындай учурлар көп болгон.

Сүйүү 3 жыл жашайбы?

Жазуучу Фредерик Бегбедердин романында бул фраза көп кездешет. Ал эми статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй үч жылдык чек фаталдуу болуп, көптөгөн түгөйлөр үчүн кол жеткис болууда. Эсиңерге салалы, кеп ажырашуу эмес, сүйүү тууралуу болуп жатат. Махабат жок деле сүйрөлүп жашап жүрө беришет көпчүлүк. Эмне үчүн мындай болууда? себеп, мүнөздөрдүн келишпестигинде, гормондордо жана оорчулуктарга болгон мамиледе. Зодиак белгилеринин айкалышуусу тууралуу гороскоп бөлүмүнөн окусаңыз болот.

Мамилелердин үстүндө иштөө

Биринчи таанышканда шартка ылайык адамдар терс жактарын, жаман адаттарын билгизбей, мыкты жагынан көрсөткүсү келет. Бирок, убакыттын өтүшү менен бет кап ачылып, терс жактар көбүрөөк көрүнөт. Адам жаман жакка өзгөрүп жаткандай сезилет. Бирок, бул адам өзүн жайлуу сезип, чыныгы жүзүн көрсөтүүнүн белгиси.

Качан эки жактын өзүнүн гана шарттары менен жашап көнгөн, «мен» дегендердин кагылышуусу болгондо, конфликттер башталат. Башында айткан түгөйлөрдүн 3 жылдык биргелешкен жашоосуна жеткенде (кээде жетпей да калат), көптөгөн түгөйлөр ажырашып кетишет. Жана мындай «мен» тирешүүлөрү тиричиликте курч сезилет. Уруш-талаштар ажырашуу себебиндей сезилет.

Чындыгында махабат өнөктөштөрдүн дайыма мамилелер үстүндө иштөөнүн натыйжасы катары узакка созулат. Эгер, мамилелер үстүндө иштөөнү эч ким каалабаса анда ыйык сезимдер натыйжа бербейт. Ошондуктан, турмуштун оор баскычтарын убактылуу оорчулук катары кабыл алуу керек. Эгер көйгөйлөрдөн качпай, аларды биргелешип чечишсе, анда жаркын сезимдер дайыма коштоп жүрүүчү жолдоштой болот.

Сүйүүнү жашоого кантип алып келсе болот

Бул жерде сүйүүнүн конкреттүү түрү эмес, жан-дүйнөгө, ички чөйрөгө болгон «сезим» тууралуу болмокчу. Өз жашооңузду оң таасирлүү толкундарга, сезимдерге толтуруп, жакындарыңыз менен мамилени жакшыртууну каалайсызбы? Анда төмөндөгү сунуштар менен таанышып алыңыз, балким керек болоор.

  1. Болгон нерсеге ыраазы болуу — реалдуу жетишкендиктерди, тагдырдын белектерин баалай билүү — абдан маанилүү нерсе. Жана тескерисинче — дайыма нааразы болуп, үңкүйүп, кабак-кашты бүркөп жүрүү позитивди жана адамдарды четтетет. Болгон нерсеге кубануу менен адам өзүнүн ички дүйнөсүн жакшыртат, бактылуу болот, көбүрөөк жылмаят, магнит сыяктуу жакшы нерселерди өзүнө тартат. Жок дегенде күнүнө бир жолу тагдырга, кудайга, ааламга, өзүңүзгө ичиңизден ыраазычылыгыңызды билдирип тургула. Ден-соолугуңуздун болгонуна, курсагыңыздын токтугуна, жакын адамдарыңыздын бардыгына, жакшы учурлардын болуп турганына дегендей. Ал гана эмес, жөн гана басып жүрүү, дем алуу, табият менен ырахаттануу, жаңы нерселерди билүү мүмкүнчүлүгү, ыраазы болуунун себеби.
  2. Комфорт аймагынан чыгуу — бир сценарий менен жашаган адамдар, олуттуу жетишкендиктерге сейрек жетет. Анын үстүнө эч нерсе кылбаса, өзүнөн өзү алма бышабы? Комфорт айымагынан чыгуу, парашюттан секирип же башка өлкөгө көчүп кетүү дегенди түшүндүрбөйт. Албетте, муну деле жасаса болот, бирок тиричилик тажатмасынан арылуунун башка көп ыкмалары бар:
    • Жаман нерселерди ойлобоо
    • Түгөйүңдү кызганба
    • Дайыма изденүү
    • Адамдар менен көп баарлашуу
    • Жаман көргөн адамдан өч албоо
    • Башка адамды (мындай бол, тигиндей жаса) жашоого үйрөтпөө
    • Балага жакшы тарбия берүү, бала бул келечекке инвестиция, кандай тарбия берсеңер да өз башынарга тиет.
    • Убагында эс алууну унутпоо
    • Убагында көңүл ачууну унутпоо
    • Аша чаппоо
    • Жалкоолуктан арылуу
    • Жаман адаттарга жакындабоо, же алардан колдон келсе арылуу ж. б. пайдалуу нерселер.
    Ушундай майда нерселер чогулуп, сүйүүнү, бакытты жана башка көптөгөн жакшы нерселерди алып келет.
  3. Өзүңөрдү сүйгүлө — эгер өзүңөрдү сүйбөсөңөр/сыйлабасаңар/баалабасаңар, эч ким силерди сүйбөйт/сыйлабайт/баалабайт. Бул факт. Өзүнө өзү баа бербеген адам, кайра эле өзүнө «көйгөйлүү» адамдарды тартат же бирөөнүн оокатына, энергиясына, сезимдерине акысыз ээлик кылууну каалагандар. Балыкчы балыкчыны алыстан көрөт эмеспи. Ошондой эле, бойго жеткен наристени эч ким баккысы келбейт. Аялдардыкы анча билинбейт, бирок эркек адам наристе болгону, аялдарга такыр жакпайт, эч ким чоң эркекке апасы болгусу келбейт. Ошондуктан ыйык сезимди издеп жүргөн адамдарга биринчиден өзүңүзгө көңүл бургула демекчибиз. Өзүңүзгө болгон көз карашты кантип өзгөртүү керек? Өзүңүздүн тышкы жана ички (жан-дүйнө, психология, акыл-эс) дүйнөңүзгө көңүл бургула, өнүктүргүлө.
  4. Жакшылык жасоо — жашоо кандай гана татаал болбосун, скептиктердин сөздөрү кандай гана уулуу болбосун «бумеранг» эрежеси дайым иштейт. Жакшы нерселер, ал гана эмес жөн гана жакшы сөздөр кайтып келет, пайда алып келет. Бирок, дайыма эле күткөндөй пайда алып келбейт. Албетте, жакшылыкты ар бир адам сезет, кеп дайыма эле жардам берүүдө эмес, кеп сүйүүдө, кубанууга ээ болууда.
  5. Өткөндү эстебөө — өткөндү эстеп, кетирген катачылыктарды, таарынычтарды, адамдарды, окуяларды өзүңүз менен алып жүрүп, келечектен арылып калууга толук мүмкүн. Андан тышкары өткөндүн жүгүн алып жүрүүдө учур чактан чоң көйгөйлөр жаралат. Муну күндөлүктө жазылган жазуулар менен салыштырса болот:
    • Өткөн чак — жазылган, толтурулган барактар,
    • Учур чак — жазылып жаткан барактар,
    • Келечек — жазыла элек бош барактар.

Эгер жазылган барактарды кайра-кайра окуй берсе, жаңы барактарды жазууга убакыт жетпей, бош барактар бош калат. Ошондуктан жазылганды жабып, өткөндү артта калтырып, жаңыны баштоо — зарылдык. Ушундай болгондо гана жашоо жагымдуу өзгөрүүлөрдү, махабатты алып келет.

Бир караганда сүйүү түшүнүктүү, тааныш сезимдей сезилет. Кичине тереңирээк казсак, жашыруун нерселер, татаал бөлүмдөр, ыйык сезимдин терең мааниси ачылат. Махабат түшүнүүнү талап кылат, жасалмачылыкка чыдабайт, бирок укмуштуудай бакытты берет. Кимдир бирөө үчүн ал идеал, кимдир бирөөгө талыкпас эмгектин үзүрү. Анын маанилүүлүгүн жана алмаштыргыстыгын эч ким тана албайт.

Адамдан бул сезим жөнүндө сурап көргүлөчү, дароо жооп ала албайсыз. Махабаттын жаралуу табиятын дагы түшүнүү татаал, акыл жеткис. Эмне үчүн кээ бир адамга, кээ бир нерселерге биз сүйүү сезимин сезебиз а башкаларга сезбейбиз? Кээ бирөөлөр айтат, учурдан, тагдырдан көз каранды деп, кээ бирөөлөр феромондордон көз каранды деп.

Мектептен окуткан махабаттын түрлөрүн айта кетели: адам ортосундагы махабат, эне-балага, бир туугандар ортосундагы, тоо-таш, мекенге, ишке, ааламга, табиятка, жакшылыкка, ал гана эмес жамандыкка да болгон сезим болот экен.

Сүйүү эмнеден турат

Роберт Стернберг аттуу психологдун ою боюнча махабат 3 компоненттен турат деген ойдо (адамдар ортосундагы махабат): интимдүүлүк, кумардуулук жана милдеттенмелер.

Интимдүүлүк — бул жакындык, өз ара колдоо, шериктештик. Сүйүшкөндөрдүн ортосунда жакындаган сайын күчөйт, тынч, бейкапар жашоодо көп билинбейт. Бирок кризистик учурларда, качан түгөйлөр оорчулуктарды биргеликте башынан өткөрсө, так көрүнөт.

Кумардуулук — сексуалдуу тартылуу сезими. Мамилелердин башында күчтүү болуп, узакка созулган мамилелерде өсүүсүн токтотот. Бирок, бул махабаттагы кумардуулуктун жоктугун билдирбейт, жөн ал түгөйлөр үчүн маанилүү мотиватор болбой калат.

Милдеттенмелер — башка адамга болгон ишенимдүүлүктү сактоонун даярдыгы. Каалаган мамилелерде убакыттын өтүшү менен өсүүчү ыйык сезимдин бирден-бир жалгыз компоненти.

Компьютердик оюндардан балдар түрдүү каармандардын ордуна ойношуп, кыздар ютубдан түрдүү видеолорду көрүп, башка каармандардын сезимдерин сезип, бала компьютерден чыккысы келбейт. Бардык нерсе сүйүү үчүн жасалат деп Ыйман деген эмне аттуу макалада жазып өткөнбүз. Ошондуктан балдарга болгон сүйүүнүн жетишсиздигин ушундай майда нерселерден байкаса болот.

Өз ара махабаттын пайда болуусуна эмне керек

Психолог Элейн Хэтфилд өзүнүн жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында, өзө ара, кубаныч жана канаатанууну алып келүү үчүн 3 фактордун болгону жетиштүү дейт. Айтып коёлу бул факторлор кубанычка, бактыга гана эмес, кайгырууга, депрессияга да алып келиши мүмкүн дейт.

  1. Ыңгайлуу убакыт. Сөзсүз башка адамды сүйүп калуу милдеттенмеси болуш керек, эки адамда тең болсо идеалдуу.
  2. Окшоштук. Бул сыр деле болбосо керек, сыртынан, ички дүйнөсү, кызыгуулары, баалуулуктары менен адамдар окшош болсо, булар бири-бирине кызыгышат.
  3. Өзүн алып жүрүүсү. Ар бир адамдын жеке өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. Токтоо, тең салмактуу адамдар, узак мөөнөттөгү мамилелерге ийимдүү, тескерисинче импульсивдүү адамдар узак мөөнөткө көп чыдай бербейт.

Психологдор махабаттын табиятын түшүнүү аракетинде, ошого карабастан учурда алардын бирөө дагы сүйүү кантип жана эмне үчүн пайда болот деген суроого жооп бере албай келет. Ыйык сезим феномени албетте, изилдөөгө муктаж. Анткени, эгер бул сезимдин мыйзамченемдүүлүктөрүн билип алса, ийгиликсиз мамилелердин себептери билинип, аларды алдын алууга мүмкүн болот эле.

Сүйүү деген сөзгө жалпы кабыл алынган трактовка жок, анткени муну ар кимиси ар кандай түшүнөт.

Махабат оору десек да болот. Мунун кесепетинен адамдын эс-тутуму начарлап, акылынан ажырап, башка адамды өлтүрүп да коюшу мүмкүн. Махабатты адат десе да болот. Адамдарга бирге болуу ыңгайлуу.

Ишенесизби, ишенбейсизби, ар бир адамдын иши. А биз бул теманын ар кыл тармактарын, ар бир үтүр-чекитин, жашоодо кездешүүчү түрлөрүнүн бардыгын чогултуп, бир ойго топтоп айтып берүүгө аракетиндебиз. Махабат жүрөктө жаралып ошол жакта түбөлүк жашайт. Унутуп калган жерлери болсо эске салып пикир калтыргыла.

Бирөөнү же бир нерсени сүйгөн адам илим үчүн дайыма табышмак болуп келген. Кээде мындай адамдын кылык-жоруктары эч кандай логикага жооп бербейт. Махабатты микроскоп алында изилдөөгө мүмкүн эмес, ошондуктан философторго, илимпоздорго божомолдоо, жоромолдоо гана мүмкүн.

Адамдын нормалдуу өсүп-өнүгүүсү үчүн махабат бирден-бир маанилүү, олуттуу сезим. Ар бир адамга бирөөнү сүйүп, бирөөгө сүйүктүү болуусу зарыл, антпесе ал психикага, жан-дүйнөнүн абалына терс таасирин тийгизет.

Сүйүү, ынтымактуу үй-бүлөө

Махабат — бул бири-бирин түшүнө билүү, эгер түгөйлөр бири-бирин түшүнсө уруш-талаштар дагы аз болот, албетте болбой койбойт, бирок болгон уруштар пайдалуу уруштардын катарына кирип калат. Көп жаштар ойлошот сүйгөнүм сулуу болсо, тамагы даяр болсо, кири жуулган болсо ошол махабат деп. «Сулуу — сулуу эмес, сүйгөн сулуу» (Ташмат Арыковдун ырынан), кинону азыраак көрүш керек, айрыкча орустардын, америкалыктардын кинотасмаларында өтө көп туура эмес берилет. Деги эле кинотасмалар реалдуулуктан өтө алыс. Айтматовдун чыгармаларына тартылган тасмалар реалдуулукка окшош, күнүмдүк тиричилик, аракеч адамдар, эч кандай сыйкырлар, укмуш сценалар жок. Чыныгы жашоо! Аял үйдө отуруп тамак жасаш керек, кир жууш керек, бала багыш керек деп ойлогондор бүгүн да аз эмес. Ал эми эркек үйдүн башчысы дегендей. Эң эле туура эмес көз караш. Үй-бүлөөдө түгөйлөр бири-бирин толуктап туруш керек. Бирине-бири жөлөк болуш керек. Бир максатта болуп, ошол максатка бирге жетиши керек.

Көптөгөн түгөйлөр, айрыкча эркектер жинди суудан ичип алып үй-бүлө курууда. Эми бул жерде баары түшүнүктүү, кеп жок, алкоголизм — оору жана аны дарылаш керек.

Түрдүү көрүнүштөр

Азыр болсо сүйүүнүн кебетеси кандай? Аялы Москвада, күйөөсү мекенде же тескерисинче. Балдарды караган киши жок, бала тентийт, тарбияны көчөдөн издейт. Баланы аял табиялаш керек деген дагы жапайы көз караш. Бардыгы тең салмакта болушу керек. Эркектин дагы тарбиясы балага зарыл. Ал эми көчөдөн тарбия алган бала жакшы болбойт. Көчө тарбия десе эле ойлобогула үйү жок көчөдө калган деп. Ата-эне балага көңүл бурбаса, бала көчөдөн тарбия ала баштайт. Акыркы учурда интернет тарбия деген дагы түшүнүк кире баштады. Бала интернеттен туура эмес, же кыргыз маданияты туура келбеген нерселерди көрүп тарбия өзгөрүүдө. Анан уруштар чыгат, сен эмне кылып койдун, ал сенин күнөөң, баланы караш керек болчу. Сен акча таап, үй-бүлөнү камсыз кылып турсаң мен балага тарбия берет элем да? Айтор, айта берсе сөз көп. Ала качып турмуш курууну көп адистер сунуштабайт, муну кандайдыр бир лотерея сыяктуу көрүшөт. Анын үстүнө бул кылмыш. Жакшылап сүйлөшүп, бири-бириңерди түшүнүп, турмуш куруу абзель. Кайда иштейт экен? ким болуп иштейт экен? качан акча табат экен? калың канча берет экен? деген көрүнүштөр дагы аз эмес. Күлүп койсо эле ойлобогула сүйөт деп, махабат кумар эмес. Махабат бири-бирин түшүнүү, жакшы түшүнүү, абдан жакшы түшүнүү, өтө жакшы түшүнүү.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-09-07, Көрүүлөр: 62382, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу