Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Философия деген эмне

"Философия деген эмне", анын кандай нанга сыйпап жейт? Философиянын көптөгөн аныктамалары бар. Мисалы, философия - жалпы маанилүү мүнөздөмөлөрдү жана реалдуу жашоонун фундаменталдуу негиздерин жана билимдерин, адам тиричилигин, дүйнөнү жана адамдын мамилесин изилдөөчү илим.

Башка варианты: Философия - жашоо-тиричиликтин фундаменталдуу негиздерин жана адамдын дүйнөдөгү ордун калыптандыруучу билим системасынын жаратуучу коомдук акыл-эс формасы.

Философия термини эки грек сөзүнөн турат "philia" (сүйүү) жана "sophia" (айкөлдүк), башкача айтканда айкөлдүккө болгон сүйүү деп которулат. Бул сөздү байыркы Грек философу Пифагор биздин заманга чейинки 6-кылымда биринчилерден болуп колдонгон деп эсептелинет. Философ бардык тарыхый доорлордо актуалдуу болуп келген адам тиричилигинин түгөнгүс суроолоруна жооп табууга умтулат: биз кимбиз?, кайда баратабыз? жашоонун мааниси кандай? деген сыяктуулар.

"Философия деген эмне" экенин билүү оңойраак болуусу үчүн, анын жаралуу тарыхынан баштайлы. Философия биздин заманга чейин 6-7-кылымдарда Индия, Кытай жана Грециянын аймагында пайда болгон деп эсептелет. Дал ошол убакта адамзат цивилизациясы технология жааттан кубаттуу алга кадам шилтеп (метталургиянын, айыл-чарбанын өнүгүүсү жана башкалар), бул бардык иш-аракеттер жаатында озуп чыгууга алып келген. Натыйжада коомдук түзүмдүн өзгөрүүсү жаралат - адамдардын элита катмары туулуп, алар өзүлөрүн башкаруу жана жан-дүйнө иш-аракети менен гана алек кылып, материалдык өндүрүшкө катышкан эмес.

Бул мезгил илим-билимдин жаралуусу жана орноп калган мифологиялык идеялар комплекси менен болгон конфликт менен мүнөздөлөт. Уфф, ушу философия жөнүндө макала жазуу аябай таска да. Уланталы... Ал процесске тышкы сооданын интенсивдүү болушу дагы көмөкчү болгон, (кайсы процесс? туура! илим менен миф идеялар конфликт процесси), бул улуттар аралык жан-дүйнөлүк, мүдөөлүк байланыштардын өнүгүүсүнө алып келген. Адамдар алардын жашоосу абсолюттук эмес экенин көрүштү - альтернативдик коомдук жана диний системалар бар экенин билишти. Анан ушундай шартта толук нерсени берүү (жеке илим-билимден айырмаланып) жана дүйнөнү рационалдуу түшүндүрүү (мифтен айырмаланып) менен "философия" маданияттын өзгөчө катмары болуп жаралат.

Ошол кездеги жаралуу мезгилинде эле философия, көптөгөн батыш жана чыгыш адамдарынын дүйнөгө болгон көз карашын аныктап (белгилеп), чыгыш жана батыш бутактары ар башка жолдор менен кетишет. Чыгышта философия эч качан диний жана мифологиялык булактардан алыстаган эмес. Байыркы билим булактарынын авторитети кол тийбес бойдон кала берген - Кытайдагы беш китептик, Индиядагы Веддер жана Бхагаватгита. Андан тышкары бардык чыгыш философтору диний кызматкерлер болгон - Кытайдагы Лао цзы жана Конфуций, Индиядагы Нагарджуна жана Шанкарачарья, Вивекананда жана Шри Ауробиндо. Кытайда жана Индияда таптакыр болбогон Философия жана дин конфликтиси, батышта көп кездешип турган. Грек кудайларын кемсинтүү үчүн Сократты өлүм жазасына тартуу макамын эстесек эле ал көптү айтып турат. Ошентип батыш философиясы Байыркы Грециядан тартып өзүнүн өзгөчө жолу менен кадам шилтей баштайт, дин менен байланыштарын үзүп, илим менен байланыш түзүп дегендей. Өзүңөр деле билсеңер керек, батыштагы атактуу философтор белгилүү окумуштуулар болгон.

Албетте, байыркы Чыгыш жана Батыш Философия салттарын биртууган кылган жалпы көрүнүштөр да бар. Ал таанып-билүүгө эмес тиричилик көйгөйүнө таянуу, жеке идеялар логикалык аргументациясына көңүл буруу, адамды тирүү космотун (космоцентризм) бир бөлүгү катары кабыл алуу жана башкалар.

"Философия деген эмне" экенин жакшы түшүнүү үчүн анын окшош жана айырмаланган жактарын үч башка адамзат иш-аракетинен карайлы - илим, дин жана искусство.

Философия жана илим
Философия менен илимди тууган кылган нерсе бул ал экөөнүн мүдөөлүк иш-аракеттин рационалдуу жана тастыктоочу жааты болуусу. Чындыкка жетүүгө багытталганы, бул өзүнүн классикалык түшүнүгүндө "чындык менен ойдун бир макулдукка келүү формасы". Бирок, албетте айырмалар дагы бар. Биринчиден, ар бир илим өзүнүн кичинекей предметтик аймагына багытталат. Мисалы, физика - физикалык мыйзамдарды изилдейт, психология - психологиялык реалдуулукту. Психология мыйзамдары физикада иштебейт. Философия болсо, илимден айырмаланып, универсалдуу көз караштарды чыгарып, бүтүг дүйнө мыйзамын ачууга умтулат. Экинчиден, илим өзүнүн иш-аракетинде баалуулуктар көйгөйүндө абстрагацияланат. Ал конкреттүү суроолорду берет - эмнеге? кантип? кайдан?. Бирок философия үчүн баалуулук аспектиси башкача куралдай болуп, өнүгүү вектору "эмне үчүн?" жана "эмнеге арналган" деген суроолорго жооп издөөгө багытталган.

Философия жана дин
Дин, философия сыяктуу эле, адамзатына баалуулуктар системасын берет, ага жараша адам өзүнүн жашоосун курат, баалоо жана өзүн баалоо актысын жүргүзөт. Ошентип, баалуулуктар жана универсалдуу мүнөздүү дин көз карашы, аны философия менен жакындатат. Дин менен философиянын принципиалдуу айырмачылыгы катары маалыматтын булагы саналат. Философ, окумуштуу сыяктуу эле өз ишинде рационалдуу аргументтерге таянат, өзүнүн айткандарына тастыктоочу базаны алып келүүгө аракеттенет. Буга карама-каршы дин маалымат булагы, ишеним актысында, жеке, рационалдуу эмес тажрыйбада калыптанат. Төмөнкүдөй метафораны мисал катары келтирсек болот: Дин - жүрөктөн чыккан, философия болсо акылдан илим.

Философия жана искусство
Булардын ортосунда көп окшоштуктар бар. Буга көптөгөн мисалдар бар, ага тастыктоо катары фундаменталдык философиялык идеяларды адабий формада айтылгандарды эстесек болот (сүрөт, сөз, музыка жана башкалар), ал эми көптөгөн белгилүү адабият жана искусство ишмерлери ойчул-философ дагы болушкан. Бирок философия менен искусствону бөлүп турган бир учур бар. Философтор философия категориясындагы, тастыктоо жана бир мааниде түшүндүрүү тилинде сүйлөшөт. Буга карама-каршы искусствонун стихиясы жеке санаалар жана санаалашуу, фантазия учуулары жана эмоционалдык катарсистер (тазалануу) болот. Адабий образдар жана метафоралар өзүнө бир маанилүү түшүнүктү камтыбайт жана субъективдүү болушат.

Философиянын функциялары төмөнкүдөй:
Дүйнө көз караштагы. Адамга толук жана рационалдуу көз карашты берет, өзүн жана өзүнүн айланасындагыларды сын-сыпат менен баалоого жардам берет.

Методологиялык. Адамга билим берет жана жаңы билимди кантип алууну көрсөтөт. Философиянын маанилүү ыкмаларынын бири - диалектикалык ыкма. Диалектика - бул буюмдун бүтүндүгүн жана өнүгүүсүн, базалык карама-каршы касиеттеринин жана тенденцияларынын жалпылыгында, башка буюмдар менен көп кырдуу байланыштарын ойлой билүүсү.

Алдын ала билүү. Келечек жөнүндө прогноз түзүүгө жардам берет. Философтордун идеялары өзүнүн мезгилинен озуп кеткен көп мисалдар бар. Мисалы, байыркы Кытай философиясынын карама-каршы инь жана ян күчтөрүнүн универсалдуу мүнөзү дүйнөнүн квант механика сүрөтүндөгү негизин түзгөн Нильс Бордун белгилүү "кошумчалуулук принцибинде" өзүнүн чагылдыруусун тапты.

Синтетикалык. Бул функция адамдын жан-дүйнө чыгармачылыгынын катмарларынын байланышын түзүүдө байкалат.

Философиялык билимдин түзүмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
Онтология. Тиричиликтин жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн чыгарууга багытталган, тиричиликтин кайсы түрү жөнүндө болуп жатканы маанисиз - табигыйбы, маданий-символикалыкбы, жан-дүйнөлүкбү жана жеке-экзистенциалдуубу.

Аксиология. Адам (субъект) тиричилигинин жалпы, анын иш-аракетинин жана өзүн алып жүрүү баалуулуктарын чыгрууга багытталган.

Таанып билүү теориясы. Бул кандайдыр бир онтология менен аксиологиянын ортосундагы байланыштырып туруучу звено. Аны таанып билүүчү субъект менен таанылуучу объект ортосундагы иш-аракет кызыктырат.

Ар түрдүү белгилер менен классификацияланоочу Философиялык мектептердин жана агымдардын көптөгөндөрү бар. Алардын кээ бирлери негиздөөчүлөрдүн аттары менен байланыштуу, мисалы, лейбницеанство, гегельянство, кантианство. Тарыхый жактан философиянын магистралдардык багыт катары материализм жана идеализм болот. Алар өзүнө көптөгөн бутактарды жана кесилиштерди камтыйт.

Уфф... "Философия деген эмне" аттуу макаладагы айтайын даген оюмду айтып бүттүм окшойт. Оюмду Сиздерге жакшыраак түшүнүктүү, оңой түшүндүрүүгө аракет кылдым. Эгер кайсы бир жерин башкача мааниде жазып койгон болсом айтып койгула.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)