Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Психология деген эмне

"Психология деген эмне?", психология (грек сөзүнөн - жан - билим) - бул адамдардын жана жаныбарлардын мүнөзүн жана психикалык процесстерин изилдөөчү илим. Психика - бул тирүү жандыктардын буюмдар дүйнөсү менен байланышынын жогорку формасы. Психиканын жардамы менен адам айлана чөйрөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн чагылдырат.

Ойлонуу, эс, кабыл алуу, сүрөттөө, сезүү, эмоциялар, адаттар, темперамент - мунун баарын психология илими изилдейт. Заманбап психологияда бир нече бөлүмдөр бар, алар төмөнкүдөй:

Психологияга башка илимдер дагы жуурулушат (генетика, логопедия, юриспруденция, антропология, психиатрия жана башкалар). Айлана чөйрөдө жана өзүң менен өзүң гармонияда жашоо үчүн 21-кылымдын жашоочуларына психологиянын негиздерин билип алуу зарыл. Джон Голсуори айткан экен - Психология - бул сөз менен айта албаган нерсени сөз менен айтуу - деп. Психиология төмөнкү ыкмалар менен иштейт:

Заманбап психологиянын башатында Аристотель, Ибн Сина, Рудольф Гоклениустар турган, ал эми "психология деген эмне" суроосун толук түшүндүргөн жана "психология" түшүнүгүн биринчилерден колдонгон адам Зигмунд Фрейд болгон, бул адамды психологияга тиешеси жок адам деле тааныйт болсо керек. Психология илим катары, философия жана физиологиядан бөлүнүп 19-кылымдын экинчи жарымында жаралган. Психология адамдын акыл эси менен таанып билбеген жана таанып билген психика механизмдерин изилдейт. Адам өзүн же өзүнүн бир туугандарын таанып билүү максатында психологияга кайрылат. Бул билимдер адамга өзүнүн иш-аракеттеринин чыныгы мотивдерин көрүүгө жардам берет.

Психология жашоонун белгилүү бир учурларында "мен киммин?", "мен кайдамын?", "кайда баратам?" деген суроолорду бирүүчү жан-дүйнө илими деп да коюшат. Адамга мындай маалыматты жана таанып билүүнүн эмне кереги бар? Жашоо жолундагы сол чункурга же оң чункурга түшүп кетпей, ортодо туруруу үчүн, ал эми түшүп кеткен соң, кайра бутка турууга күч таап, жолду улантуу үчүн керек десек туура болот го.

Илимдин бул жааттагы тармагына кызыгуулар күч алууда. Спортсмендер денесин машыктыруу менен сөзсүз психологиялык илим-билимге такалып, аны изилдешип, аң сезимин кеңейте беришет. Өзүбүздүн максаттарыбызга карай умтулуп, адамдар менен мамиле түзүп, оор кырдаалдарды баштан өткөрүү менен, биз дагы психологияга кайрылабыз. Психиология билим алууга жана тарбияга, бизнеске, искусствого активдүү киришүүдө.

Адам - бул, белгилүү бир билимдин, өнөрдүн, тажрыйбанын гана булагы болбостон, ал жеке эмоциялары, сезимдери, жашоого өзүнүн көз карашы бар инсан. Бүгүнкү күндө психологияны билбеген адам жумушунда да, үйүндө дагы иши жүрбөйт. Өз кызматтарыңды же өндүрүлгөн өндүрүмдүңдү сатуу үчүн белгилүү бир маалыматтар керек. Үй-бүлөдө тынчтык болуу үчүн жана конфликттерди түзөй билүү үчүн да психология илими зарыл. Адамдардын мотивдерин түшүнүү, сезимдерди башкарууну үйрөнүү, мамилелерди жакшыртууну үйрөнүү, баарлашуучуга оюңарды жеткире билүү - бул жакта дагы психология жардамга келет.

Адам пайда болгон жерде, психология башталат, психологиянын негиздерин билүү менен жашоодогу көптөгөн катачылыктардан арылса болот. Психология - бул жашай билүү өнөрү. Бүгүнкү кыскача "психология деген эмне" аттуу макалабыз ушундай болду. А силер кандай психологиялык ыкмаларды билесиңер?

Жайгаштыруу: 2017-11-27, Көрүүлөр: 44097, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-11-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо