Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ыйман деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ыйман деген эмне

"Ыйман деген эмне" — бул кандайдыр бир ички уят-сыйыт, адам көзөмөлдөөчүсү, соту. Адам жашоосунда ыйман жол көрсөткүч катары кызмат кылып, моралдык эрежелер менен иш жасоого жардам берет. Бирок ыйман жонундо тушунук өтө көп кырдуу келет.

Психологиялык жана философиялык ыйман

Ыйманды тушунуу үчүн психологиялык жана философиялык трактаттарга кайрылып көрөлү. Психологдор ыйманды адамдын тигил же бул иш аракетине болгон жоопкерчиликти түшүнө билүүчү сапат катары кабыл алышат. Философтор ыйманды жаман менен жакшы таанып билип, адамды жакшы нерселерге чакыруучу нравалык сезим катары билишет.

Ыйман деген эмне

Орус жазуучусу, этнограф жана лексикограф Владимир Иванович Даль - ыйманды мындайча түшүндүргөн: Ыйман - бул иш-аракеттерди жакшы же уяттуу деп бөлүүчү нравалык ички сезим, жан-дүйнөнүн сыр-сандыгы, боорукердикке сүйүүнү жана жамандыкка жек көрүүнү жаратуучу сезим.

Таза жана тынч абалдагы ыйман, өзүнүн эрежелеринен чыкпаганга аракет кылган нравалык адамда болот. Тынчсызданган жана таза эмес ыйман, эгер адам жаман нерсе жасаса анын уятынын тынчын алат. Эгер адам өтө жаман нерселерди жасап уялбастан басып жүрсө, мындай адамдын ыйманы жок, же ыймандан адашкан адам дейт.

Динге ишенген адамдар ыйманды кандай түшүнөт?

"Ыйман деген эмне" дегенде көпчүлүк адамдар динди түшүнөт, бирок бул андай эмес. Ыйман деген сөз христиан дининин келиши менен пайда болгон, жана ал гректерден келип чыккан деген ишимтер бар. Ислам болобу христиан болобу динге ишенген адамдар ыйманды Кудайга жана анын үнүнө окшоштурушат. Ыйман адамдарды кубантат, ыйман адамдарды жазалайт дегендей. Ыйманы жок адам, жан-дүйнөсү жок, мерез адам. Дин кызматкерлеринин кээ бир шылуундары ыйманды дин милдеттери катары балким атайын, балким билбестиктен алмаштырып жүрүшөт. Мисалы, кафир, дини бузуктар деген сыяктуу түшүнүктөр - деп. Сен кафир, мен мусулман, мен ак, сен кара - деп бөлүштүрүүнүн өзү ыймансыздык. Буга байланыштуу бирөөнүн сөзүн угаардан мурда терең ойлонуп, теңсалмактап көрүү керек.

Ыймандуу болуу деген кандай?

Таза эмес ыйман жемелөө, жаман ойлор, уят, тынчсыздануу аркылуу өзүн көрсөтөт. Эгер адамдын ыйманы жок же начар өнүккөн болсо, жаман нерсе жасаганда мындайлар күнөөсүн сезбейт, бирөөгө зыян келтиргенин түшүнбөйт. Демек, мындайлар өзүнө нааразы болбойт, уялбайт жана абалды оңдоону каалабайт. Ыймандуу адам ар бир жасаган кылык-жоругу, иш-аракети үчүн өзүнүн жоопкерчилигин сезип турат, бирөөгө жамандык жасоонун каалабайт, билбей жасап алган болсо, күнөөсүн мойнуна алып, санаага батат.

Атактуу психолог Зигмунд Фрейд учурунда ыйман жөнүндө кызыктуу теорияны айткан. Адам бала кезинде ата-энесинин сезимдерине абдан көз каранды, ошондуктан ал чоң кишилерге маанилүү эрежелерди, баалуулуктарды жана дүйнө көз караштарын тез эле өзүнө сиңирип алат. Жана мунун баары бир гана максат үчүн - ата-энесин нааразы кылып, сүйүүдөн кур калбаш үчүн. Сүйүү демекчи, бул жонундо биз дагы бир нерсе айта кетели, адам эмне гана жасабасын бардыгы сүйүү үчүн жасалат. Сүйүү бул - себеп, бардыгына себеп.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кайсы бир иш-аракеттери үчүн балдарды физикалык күч менен жазалабай, аларга ата-энеси тарабынан капалануусун айтканда (билдиргенде) балдар бактылуу болуп чоңоет экен, анткени физикалык жазалоо адамдын кыжырын келтирип, түшүнбөстүктү жаратып, протестке алып келээри аныкталган. Бойго жеткен ыймандуу адам, жаман иш жасаганда күнөөлүү сезип, өзүн айыптайт жана жазалайт. Ыймансыз адам, жаман иштери үчүн же ийгиликке жетпей калганы үчүн кимди гана күнөөлөбөйт, бир гана өзүн күнөөлөбөйт.

Ыйман тууралуу ыр саптар

Ыйман деген эмне? (Боогачы)

Ыйман, ал жакшы мүнөзүң,
Ал менен жакшы жүрөсүң.
Ушак айтпай түз жүрүп,
Бирөөнүн тартпа күнөөсүн.

Ууру кылса бирөөлөр,
Ыйманы жок деп айтат.
Жалкоо болсоң курудуң,
Жыйнагы жок деп айтат.

Адамдык асыл мүнөздө,
Жашоодо өмүр сүрөсүң,
Ошондо ыйман сакталат,
Түз болсоң дайым бир өзүң.

Ыймандуу бол жаш чакта,
Жаман жолдо баспаган.
Акыл кирет адамга,
Жылдар өтсө аз аздан.

Ыйман (Б. Асаналиев)

Сурайт менден бөбөгүм,
Ыйман деген эмне деп?
Эмесе, жооп берейин,
Кулак салгын кебиме.

Салам айтып улууга,
Кичүүтө ызаат кылганды.
Баракелде, бул өзү
Бала, дейбиз - ыймандуу.

Автобуста баратсаң,
Келип калса жаныңа,
Карап кетпей тескери,
Орун бергин карыга.

Урмат кылып ар дайым,
Улуулардын тилин ал.
Ыймандуулук - адептүү
Бала экенин билип ал.

Уялуу (ыйман) тынчыңызды алып жатса эмне кылыш керек?

Динге ишенген адамдар ыйманы тынчын алып жатса көбүнчө тобо кылуу керек деп айтышат. Кетирген катачылыктарды билимдүү дин кызматкерине айтса болот, ал сөздү угуп, жардам берет. Динге ишенбегендер ата-энесине айтса болот, ата-эне дайыма баласына жардам берүүгө даяр. Эгер ыйман кайсы бир адамга зыян келтиргендин натыйжасында тынчыңызды алса, анда ошол адамдын алдында кечирим сурап же абалды калыбына келтирүүгө аракет кылуу жакшы.

Кечирилген иш жан-дүйнөгө чыныгы бальзам болот. Ыйман санааларын жеңилдетүү же жок дегенде жакшы менен жамандын ортосундагы тең салмактуулукту орнотуу үчүн кайрымдуулук иштери, сыйынуулар, орозо кармоо, башка адамдардын жыргалдыгы үчүн эмгектенүүлөр жардам берет.

Жан-дүйнөнүн тынчынын кеткенине эмне себеп болгонун түшүнүүгө аракет жасоо жакшы деп психологдор кеңеш беришет. Ыйман деген эмне, дагы кандай түшүнсө болот? Ыйман бул адилеттүүлүк, боорукердик, чынчылдык, толеранттуулук. Достор ыйман дегенди силер кандай түшүнөсүңөр? пикир жазып койгула.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-09-11, Көрүүлөр: 26789, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу