Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сейтек эпосу боюнча суроо жооптор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сейтек эпосу боюнча суроо жооптор

Сейтек эпосу боюнча суроо жооптор, күтүлбөгөн суроолор Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин варианттары боюнча түзүлдү. Ыңгайлаштыруу максатында Манас эпосу, кошумча Семетей, Сейтек жөнүндөгү суроолорду жана анын жоопторун алфавиттик тизмеде кылдык, каалаган тамганы бассаңыз ошол тамгага тиешелүү суроолорго алып барат.

Кандайдыр бир суроону же жоопту издөө ишин андан дагы тездетүү үчүн компьютерде CTRL + F, уюлдук телефондо "Поиск на странице" баскычын басып, манас тууралуу суроону жазсаңыз, макалада болсо дароо ошол жерге алып барат. Мисалы: CTRL + F басабыз дагы, жазабыз "Манастын таятасы ким" деп ENTER басыңыз. Эгер татаал болсо, мындай эле издеңиз.

Бул жыйнакты жакшыртууга силер дагы салым кошсоңуз болот, ал үчүн суроосун жана жообун пикир кылып жазып коюңуз же түздөн түз макаланы өзгөртүңүз. Манас жана Семетей боюнча шилтемелер макаланын төмөн жагында.

А

Айчүрөк алты миң нарлык тон жасап Күлчорого кийгизет. Кызык, тонду жасоого кеткен каражатты кайдан алган?Күлчорого кийгизген тондун наркы, бүчүлүгү чоктолуу, бир чепкендин керт башы, 6000 нарга чакталуу болот. Айчүрөк бул каражатты Кыяздын казынасынан алган, «Отко салса күл болбос, олжого кетсе, күң болбос» Айчүрөк амал таап, Кыязды алдап, өз пайдасына анын байлыгын пайдаланган. Анткени Кыяз Айчүрөк дегенде, малы эмес жанынан такыр кечип таштачу деп айтылат.
Айчүрөк кантип Кайыпчал кызы Куялынын айтканына макул болот?Кыргыздарга Желмогуз уулу Сарыбай катылып, кыргыздар такаат бере албай, айла кетип турганда Айчүрөк Аккуу болуп кыдырып, Кайыпчал кызы Куялыга барып мындай дейт: Желмогуз уулу капырдан, ажыратып ала көр, аман элди куткарсаң, каалаганың берейин, каалаганың бербесем, так Акун кан атама тиейин дейт. Ошондо Куялы шарт коет, Семетей алса өзүмдү, Сарыбайды жеңейин,-деп. Муну укканда Айчүрөк: эрдигиңе жанашпайм, катындарча каңкылдап, кабылан шерди талашпайм,-деп макул болот.
Айчүрөк колдонгон уу кайсы жерден алынган?Айчүрөк колдонгон ууну кайненеси Каныкей берген. Берен энем Каныкей, бейлебей койсоң жаманат, кас санашкан душманга, кысталыш жерде кулунум, бергин деген аманат, адам сойчу шум эле,”Чык этпес” деген уу эле, жытына барган өлүүчү, кара санап келген жан, өз жазасын көрүүчү.
Айчүрөк коломтонун түбүндөгү орду кантип казган?Күүгүм кире күн бата, калайык уктап дым жата, саадактын баарын ок кылып, сааттуу 7 кемпирди, дүнүйөдөн жок кылып, коломтонун чекесин, ороо кылып ойду эми, жеткилең катын Айчүрөк, бул жетөөн эптеп сойду эми, бүктөй калып белинен, коломтонун жээгине, тундурма сала койду эми делет.
Айчүрөк Кыяздан көк күпүнү эмне үчүн сурап алат?Айчүрөк Кыязга мындай дейт: Жылкыга кеткен Сейтегим, маңдайымда баргегим, жалгыз туума айнегим, оозумду ачып өпкөнүм, көзүмдү ачып көргөнүм, талаага бала конбойбу, балама муздак суу өтүп, бала оорулуу болбойбу, үстүңдөгү көк күпү чечип берсең алайын, балаңа ала барайын деп сурап алат.
Айчүрөк Кыяздан Тооторуну алуу үчүн кандай аракет көрүп анан алат?Айлалуу катын Айчүрөк, Тооторуну алмакка, эр Кыязга сөз баштап, капшыттагы кара арак, уй баш кара жанаяк, толтура аяк куйду эле, жадыгөй катын Айчүрөк, эр Кыязга сунду эле, Чүрөк сунган арактан, 3 жанаяк урду эле, сөөк терин ысытып, берешен болуп турду эле деп айтылат.
Айчүрөк уулун түнү келген жоодон сакташ үчүн кандай амал колдонгон?Айчүрөк уулун түнү келген жоодон сакташ үчүн түндүккө түнөгөн. Эпостон мисал келтирсек, Сейтектин мындай деген жайы бар: Мойнума тумар тагыптыр, берен энем бейтаалай, бек жакшылап багыптыр, кээ бир күндө энекем, чын кордукка батчу экен, кээ бир түндө энекем, келген жоодон сактайм деп, түндүккө алып жатчу экен.
Айчүрөк эмне себептен Сейтек 13 жашка чыкканча Күлчоро жайын айткан эмес?Айчүрөк Сейтек жашка чыкканча Күлчоро жайын айтпаган себеби:Балтыр эти толо элек, балбандык чагы боло элек, чарайна тон кие элек, чалкалап жоого тие элек, Күлчоро жайын угузсам, абакелеп ээрчисе, арам сактап эр Кыяз, балтыркан сүт баламды, мерт эттирип койбосун деп айтпай жүргөн.
Айчүрөк эмне себептен Сейтекти бейшаркыт үйгө киргизбей багат?Баягы Айдай катын Айчүрөк, аты Сейтек баланы, кирдүү кийим кийгизбей, кир аяктан ичирбей, канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай, жетимдигин билгизбей, жедигер тилин тийгизбей, бейшаркыт үйго киргизбей, бегимден калган чунак деп, минтип бакты баланы деп айтылат. Бейшаркыт деген сөз иретсиз, тартипсиз, башаламан дегенди билдирет. Эпосто Айчүрөк Сейтекти бейчеки бөлөк-бөтөн үйгө киргизбей, көз алдынан чыгарбай, бапестеп чоңойткону айтылып жатат.
Айчүрөк эмне себептен Тооторунун күчүн колдонуп минип жүрбөй курмандыкка чалат?Айчүрөк Тооторунун курмандыкка чалган себеби; Тоотору баары бир күч бермек эмес, ал душмандыгын кылмак, ошондуктан, баатырды тулпарынан ажыратуу-бул анын ажалынын жеткени деп Айчүрөк: Атчандуу Кыяз акмактын, Тооторусун соёюн, кан Кыяздын Тору атын,» кайнатам Манас жолу» деп, коборуп туруп чалыптыр, жыкпай туруп жыластын, башын кесип алыптыр,- деп айтылат.
Айчүрөк, Сейтектин жакын арада каршы чыгаарын Кыяз качан билди эле?Айчүрөк менен Сейтектин жакын арада каршы чыгарын Кыяз атын Айчүрөккө алдыргандан кийин, түш көрүп, анан ойлонуп билип калат. Айдай жарык капырдын, арты душман капырдын, жана кызыталак Сейтектин, жедигер тийсе колуна кылчаяр түрү көрүнбөйт, ымыркай бала кезинде, өлтүрөм десем болбойсуң, калың кара жедигер, ушинтип жолум торгойсуң, түндө жатып түш көрдүм, түйшүгү көп иш көрдүм, кайнатылуу шорум бар, душмандан көрөр сонун бар,- дейт
Айчүрөктү издеген Кыяз эмне себептен Тооторуну эмес Кылкүрөңдү минип чыгат?Анткени, Тооторуну Айчүрөк минип кеткен. Ошондуктан Айчүрөктү издегенге Кыяз семетейдин жылкысынын кулуну Кылкүрөңдү минип чыгат.
Айчүрөктүн артынан ачууланып аттанган Кыяз эмне себептен кол курап чыкпайт?Кыяз Айчүрөккө атын алдатып, ачуусу келип жинденип, көргөн түшүн жорутууга жедигер элин жыйнайт, бирок эч ким Кыяздын түшүн жорубай,өз -өз алдынча тарап кетишет. Ошондо Кыяз мындай дейт: Баштагы болгон жедигер, баатырга чалыш экенсиң, эмдигиңер жедигер, катынга чалыш экенсиң, аскер жыйнап кол албай, жедигер сени чогуу албай, жеке өзүм барбасам, жер ааламдын үстүнө, бир жаңжалды салбасам, айтылуу Кыяз атым бар, кылым душман козголсо, жеке кырчу алым бар,-деп жеке кеткен жайы бар.
Айчүрөктүн каты болбогондо Кызылсарт Карадөөгө макул болот беле?Айчүрөктүн каты болбогондо Кызылсарт Кара дөөгө макул болмок эмес. Айчүрөк катта мындай деген:аяш ата Кызылсарт, ушул турган кеселди, азап менен тозоктон ажыратып алыңыз, ажыратып албасаң, уруп кетет антыңыз» деп жазган. Кызылсарт окуп: Айчүрөк мындай деген соң, катын сыйлап барайын, арбагы тоодой Манастын, атын сыйлап барайын,-дейт.
Акбермет караңгыда чатырын кантип жарыктандырган?Акбермет Сейтектерди келет деп, асемдүү чатыр тиктирет. Ал чатырдын ичине түнкүсүн жарык болсун деп, жакуттан жарык жандырат. Эпосто мындай айтылат: Бул чатырдын ичинде нелер бар да, нелер жок, кызыгына жан тойбойт, ааламда мындай түк болбойт, атилес менен жабылган, аюудан талпак салынган, түнкүсүн жарык болсун деп, ал чатырдын ичине, жакуттан жарык жандырган деп айтылат.
Акбермет көрүнгөн өзгөчө 4 адамдын аттарын санап бергиле?Ашык отко кабылып, аң-таң болуп турганда, жаныма келди 4 адам, төртөөнүн жөнүн сурасам, бирөө-Кыдыр, бирөө-Бак, бирөө-Ырыс, бирөө-Акыл, бет маңдайга келди эми деп айтылат.
Акбермет сары оорудан кантип сакаят?Акбермет Сейтекке баш кошуп, сары оорудан айыгат. Перинин кызы Акберметтин түшүндө аты Кыдыр думана мындай дейт: Буйругу Алда Тааланын, шай колдогон шер ушул, Семетей уулу эр Сейтек, сен тийүүчү эр ошол дейт. Ошол күндөн ушул күн сары оору болдум саргайып, көкжал Сейтек эренди, бир көрүп анан өлсөм деп, чыркыратып жанымды, Сейтекке курман кылсам деп, бир көрүүгө зар болуп, сары оору болдум саргайып дейт.
Акбермет Сейтектин келишине канча ашпозчуну дайындайт?Акбермет Сейтектин келишине асемдетип үй тигип, дүр-дүнүйө кызыкты, кабаттатып жыйдырып, төр жагында төрөлөр, ашмачы 6 сулуу кыз, анысын байкап угуңуз, аптамага чай коюп, ар тамагын жай коюп, кертип-кертип нан коюп, жая кесип, жал коюп, тездетип чайын кайнатып, дасторкон салып жайнатып деп айтылат.6 ашпозчу алдырган.
Акбермет согуш өнөрүн билгенби?Акбермет согуш өнөрүн билген. Ал баатыр кыз болгон. Эпосто:тулпарды жыйып алгамын, балбанын жыйып, чыр салып, каарын төккөн душманга, катуу жаңжал салгамын, көкжалымдын айынан, мин балбан жыйып алгамын,-деп аткан жайы бар.
Акбермет түшүн эмне себептен аксакалдарга айтып жоруткан жок?Анткени түш жоруган Күлайым, Акберметтин өлүм орток курдашы, жүрөкзаада иш болсо, түйүн чечер сырдашы, жанындагы элчиси, бирге жатып, бир туруп, акыл таап берчүсү болгон, ошондуктан Акбермет көргөн түшүн Күлайымга айтат, Күлайым Сейтек келе жатат деп жоруйт.
Акбермет эмне себептен Олуят чалга башка буюмун эмес шакегин берет?Акбермет колунда каухар шакегин Сейтекке белек бериңиз, Перинин кызы Акбермет, ашык деп анык айтыңыз, чын Олуя баба чал, касиетиң билгизчи, ашык болдум Сейтекке, жалындап күйгөн куу жанды, жолуктургун теңине, көкжал Сейтек шерине деп Олуят чалга шакегин чечип берген жайы бар.
Акбермет эмне себептен Сейтекти көрбөй туруп жакшы көрүп калат?Перинин кызы Акбермет, түндө жатып түш көрөт, аты Кызыр думана, пери кызга мындай дейт: Кан баласы кан Бермет, кызык сөз айтам билип ал, кымбатым балам, тилимди ал, пери кандуу эр Сейтек, сенин каалап тиер эриң деп, буйгаты болбойт паананын, буйругу Алда Тааланын, деп думана турду эле, түшүмдө нике кыйды эле, көзүмдү ачсам көкжалдын, тулпары турат өзү жок, түшүмдө көрүп Сейтекти, ашык болуп калгамын, ашыктык оттун айынан, арманда болуп турамын деп айтат.
Акберметтин мисалынан бүгүнкү учурга карата кыздар кандай сабак алса болот?Акберметтин мисалынан бүгүнкү учурга карата кыздар өз бакыты үчүн күрөшүп, саргая күтүп, керек болсо, чечкиндүү кадамдарга барып, эн башкысы туруктуу болууну, сабак алса болот.
Акеркеч Тайбуурулду эмне үчүн дароо өлтүргөн эмес?Акеркеч Тайбуурулду өлтүрбөгөн себеби; өлтүрбөстөн-житирбей, канкордун уулу Семетейдин, атына кордук кылайын,-деп, Ардай болгон Буурулга, абыдан кордук кылыптыр, кулагына коргошун, туягына шиш кагып, жал-куйругун кыркыптыр, анан кийин байкушту жаман чобур, кашаң деп кербенчиге сатыптыр,
Акжолтой эмне себептен Коңурбозду минбей калат?Акжолтой Медияндын чөлүнөн, өзү келип катылган Койбосту өлтүрөт, ошол учурда минген тулпары Коңурбоз, жүрөгү айрылып мүрт кетет, ошондо Олуя чал Кулансур менен Кулунсурду коштоп келип, аманат деп тапшырат, сага бердим Кулунсур, байтал бээнин кулуну, кара жылкы тукуму дейт. Ошентип Акжолтой тулпар Коңурбоздун ордуна Кулунсурду минип калат.
Акжолтой эмне үчүн Тойбосту тындым кылат?Акжолтой ат бороюн сыдырып, ааламдын баарын кыдырып, сапар кезип келатса, астынан Койбос-Тойбос деген жырткыч чыгат. Акжолтой Кызыр Ниязга жалынып, колундагы кылычы менен шилтеп калат. Кызыр Нияздын жардамы менен Тойбосту өлтүрөт. Бирок аты жарткычтан коркконунан жүрөгү айрылып өлүп калган болот. Койбос коркунучтуу жырткыч болгон. Аны өлтүрбөсө, анда ал Акжолтойду аты менен кошо жеп коймок, ошондуктан Акжолтой аны өлтүрөт.
Ал доордо ал нерсени колдонуу кордукту тарткан адамга карата керектелген. Ал эми бүгүн ал нерсе оң нерсеге айланган. Бул эмне?Ал доордо түтүк менен суу ичүү-кордукту тарткан адамга карата керектелген. Эпосто мындай айтылат: Кулдук менен күн көрүп, түтүк менен суу ичип,өлөйүн деп өлө албай, өз жаным өзүм кыя албай, деп Күлчоронун айтканы бар. Ал эми азыр түтүк менен суу ичүү оң нерсеге айланган.
Алманбеттин сөөгү жаткан жерде төрөлгөн баатыр?Алмамбеттин сөөгү жаткан жерде Кутубийдин Акжолтой төрөлгөн. Эпосто: Сейтектин минтип айткан жайы бар: Жети-Сууда туулуп, жериме Талас мен келдим, Чеч-Дөбөдө туулуп, таалайыма сен келдиң, келгениң жыргал күн болду, маңдайга бакты бир болдуң дейт.
Ачууланган Кыязды Куту кантип тыят?Төрөлгөн баладан арам санап, ачууланган Кыязга Куту мындай дейт: «Уулум, Кыяз, тилимди ал, канды кудай ураарда, катыны менен кабышат, калкы менен чабышат, бөлөктүн уулу депсиң го, ичиңден чыккан балаңды,өз балаңды жайласаң, сени кудай урбайбы,өчөшүп калган Айчүрөк, Ак куу кебин кийбейби, Акун кандан кол алып, анан бизди жебейби, кой балам андай жорукту, андан көрө балага той өткөрө салыңыз, менин уулум болду деп, атын коюп алыңыз,- дейт.

Б

Багыштын кудаларынын Манаска болгон таарынычынын себеби?Багыштын кудаларынын Манаска болгон таарынычы
Байтайлактын баласы эмне себептен өзүн тарткан эмес?Бакай өз уулу Байтайлактын суу жүрөктүгүнө ичи чыкпай калган жайы бар.. Ал эми ошол Байтайлактын уулу Баймырза Сейтектин чоросу болгон. Баймырза жайын сураба, шамдагайы болжолсуз, жоо айласын тапчусу, айлакердин жакшысы, сырты суук жоо келсе, кажыбай жоого тийүүчү, эр көкжалдын жоросу, ажалга орток короосу, чалгынды чаап берүүчү, бетинен душман кезиксе, ойронду жоого салуучу деп сүрөттөлөт. Баймырза атасын тартса суу жүрөк, коркок болмок.
Бери карап шаңк этип, ары карап шалк этип маанайы эки түрлүү кубулуп, будуң чаң болгон каарман?Бери карап шаңк этип, ары карап шалк этип маанайы эки түрлүү кубулуп, будуң чаң болгон каарман бул-Кыяз болгон. Айчүрөк Сейтекти Күлчоро менен жылкыга кошуп берип жатып Кыязга мындай дейт: Береним Кыяз кебимди ук,өлгөндө көргөн Сейтегиң, барайын дейт жылкыңа, ээсиздей кылбай куу малды, көзүм менен көрөм дейт. Анда Кыяз бери карап шаңк этип, ары карап шалк этип, жибербеске чара жок, макул деди барк этип.
Беш берен эмне себептен кайып болот?Кыргыздар Желмогуз уулу Сарыбайды жеңгенден кийин санаасы тынчып 5 берен- Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк кайып болуп кетишет: «Биздин сапар карыды,өлө турган кез болуп, бу дүнүйө тарыды,, көбүрөөк туруп нетели, адам көрүп, журт билгис, жерге кирип кетели» деп кайып болуп кетишет.
Боз байтал эмне себептен Күлчорого жан тартат?Анткени, ал боз байтал Семетейдики болчу, Кыязга олжого келген, ал Күлчорону көргөндө,өз ээсин көргөн эмедей, көкүлүн көккө ыргытып, туягын жерге мылгытып, Күлчоронун жанына жете келип, мойнун тосуп заңгырап, айбан да болсо жаныбар, абасына жан тартат,- деп айтылат.
Боз бала эмне себептен өлөөрүнө карабай Карагулга катуу айтат?Бозбала Күлчорону сабатып жаткан Карагулга катуу айтып мындай дейт: толкуган кара жедигер, тобуңа тозок саларбыз, токтотпой кекти аларбыз, бел байлаган белиңди, бек сындырар күн болор,-дейт Мындай деген себеби; эми сенден коркпойбыз, белге таңуу белибиз, белгилүү Сейтек шерибиз,13кө чыгып калганы, баланы тоңуу кылабыз, буйруса кекти алабыз деген маани бар.

Д

Думанага нааразы болгон Кыяз эмне себептен ал койгон атты өзгөрткөн эмес?Думанага нааразы болгон Кыяз Сейтектин атын өзгөртпөгөн себеби:көпчүлүккө жар салып, аты Сейтек болсун деп думана коюп кеткен соң, калктын баары аты Сейтек болду деп таанып, тоюна тоюп кетишет. Кыяз Сейтектин атын өзгөртүү үчүн дагы Жедигерди жыйнап той өткөрмөк, ошон үчүн өзгөрткөн эмес.

Ж

Жедигер журту эмне үчүн ок тинтешип антташат?Жедигер журту төрөлгөн баланы, берен Кыяз уулу деп, паана кылып багалы, андай-мындай дегендин, ушактап элди бузгандын, кылычтап башын алалы, кыйшык айтса сабайлы, былжырап ушак айтпаска, журтум, кылычтын мизин жалайлы, ок тиштешип, ант кылып, жакшылап уулду карайлы дешет. Кокус бирөө-жарым Семетейдин уулу деп ушак соз чыгарса, Кыяздын көөнү бузулат, ошондуктан ушак сүйлөбөйлү деп, ок тиштешип, антташкан жайы бар.
Жедигер элине эмне себептен Карадөөнү кан шайлайт?Сейтек , Күлчоро, Кара дөө болуп, Кыязды өлтүргөндөн кийин Жедигер элин жыйып алып Күлчоро мындай деп кабар салат: Ушу турган кара дөө, Жедигер сенин каныңар, жер майышкан кол келсе, душманга беттеп уруучу, эл кайтарып туруучу, чокмор болор Кара дөө, канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай, күтүп алчу эр ошол,-деп Кара дөөнү элин бакчу эр жүрөк деп кан шайлаган жайы бар.
Желмогуз уулу Сарыбай эмне себептен башка элге эмес кыргызга согуш баштайт?Анткени, Манастын күйөө баласы Желпиништи жердеп турган Жарманаска Сарыбайдын атасы Желмогуз казат ачат, жардамга барган Манас Желмогузду өлтүрөт, ошондон улам атасынын кунун кууп Сарыбай, эр Манастын тукумга көбүрөөк ашык болуптур, тукумун туздай куурсам деп, эр Манастын тукумун, өрт өчкөндөй кылсам деп, ай-ааламды кыдырып, ашкан экен дүмөгү, Манас шердин тукумун, баарын тегиз сойсом деп, ошондо экен тилеги, ал Манастын тукуму Таласта болот деп угуп, казатты мыктап кылам деп, чыккан экен камынып деп айтылат.
Жети кемпир эмне себептен жаш жигитке нике кый деп талап коет?Анткени, 7 кемпир: биз сага Айчүрөктүн жаңы төрөгөн баласын өлтүрүп беребиз, а сен бизди 30дагы жигитке нике кыйгын деп Кыязга талап коёт. Эпосто:Айтканыңа көнөлү, ал баланы жоготуп, Кыяздын ишин оңолтсок,7 карган энеңе, адам көзүн салыңыз,өксөгөн сөздү кылыңыз, отуздагы жигитке, бизди нике кыйыңыз,-деп талап койгон жайы бар.
Жети кемпирдин устарасына эмне себептен кудуктагы таш күйүп кетет?Кыяз устараларды 7 кемпирге берип жатып мындай дейт: Уу төгүлгөн устара, бул устара мизине, ажыдаардын уусунан, чык этпес уунун буусунан, мизине мыктап салдырдым дейт. Айчүрөк Кыяз жалдап жөнөткөн 7 кемпирдин көзүн байлап, Карачач 7 устараны уурдап алып, түбү жок кара кудукка, устараны салганда, уунун күчү мынчалык, суу түбүндө кара таш, как жарылып кетти эле деп айтылат.
Жылкы ичинде Бозбала эмне үчүн алы жок Күлчоро менен дос болот?Жылкы ичинде Бозбала, Күлчоро менен дос бала деп айтылат. Ал да кыргыз болгон. Ошондуктан, «толкуган кара жедигер»деп Карагулдан бөлүнүп, Күлчорого жакын экенин билдирип жатат.
Жылкычы башы Карагул Бозбаланын айтканына эмне деп жооп берет?Кечээ Шыгайдын уулу Чынкожо, кыйратып союп таштаган, эр Чынкожо шеримди,өрт өчкөндөй жанчтаган, баатыр Толтой эримди, сындырып ийген белимди, эми тийди колума, чалынды темир торума деп, азыр өткөн өчтү алып жатам деген мааниде айткан.
Жылкычы башы Карагул эмне себептен Күлчорону көп кыйнаган?Кыяздын жылкычы башы Карагул, орой мүнөз, ит кыял, кутуруп турган бул бир кул, каарланса Карагул, кара тажаал мына бул. Ал Күлчорону «кулсуң» деп, камчы салат башына, куу союл салат жонуна, таяк жеген Күлчоро, чыкпай жаны чыркырап, сай-сөөгүнүн баарыс, талкан болуп заркырап,- деп айтылат. «Кулсуң» деп кыйнаган.

К

Кайсардын жездеси?Кайсардын жездеси бул – Чубак болгон. Ай-Жаңжуң кызы Бирмыскал Чубактын аялы болгон. Ал эми Ай-Жаңжуң уулу Кайсар Бирмыскалдын иниси болгон. Ошондо Кайсардын жездеси-Чубак. (Кайсар менен Күпү бир эле адам, айрым жерде Күпү, айрым жерде Кайсар деп атала берет)
Кайсы кандыкта элинин көбөйүүсүнөн азайуусу көп болгон?Желмогуз уулу Сарыбайдын кандыгында элдин көбөйүүсүнөн азаюусу көп болгон. Анткени, ачууланса Сарыбай,өз элин өзү кырчу экен, калың элдин баарысын, канча сапар кырыптыр, тынчы элдин бүтүптүр, муну менен кайран эл, хандыгынан түтүптүр,- деп айтылат.
Какандын журту эмне себептен Коңурбайдын ордуна 6 жашар баласын кан шайлайт?Анткени Коңурбайдын андан башка баласы жок болчу. Кан Конурбай баатырдын баласы экен Байкоңур, атакеси өлгөндө, атакесин арбайтып, Күлчоро баатыр сойгондо, жетим калган ошондо, 6 жашта кезинде, атасынын ордуна, 6 жашар Байкоңур, Какандын каны болуптур, бир нече жыл болгондо, карууга күч толгондо, ай-ааламды жалмаптыр, укурук кайрар калбаптыр деп айтылат. Байкоңур атасынын ордуна 6 жашында Каканга кан болгон жайы бар.
Канчоро далай азапты тарттырса да эмне себептен эле бололу деп Күлчоро элдешүүгө барат?Күлчоро Канчородон далай азапты тартса да кайра эл бололу деп барганынын себеби: жылгындуу Кең-Кол, Капка-Таш, кайрылып өрдөп конууга, кайрадан тууган болууга, эсилден калган эл-журтту, эңкейтпей жыйып алууга, айтканга көнсө Канчоро, кан көтөрүп алууга, кан аба деп Күлчоро, Канчорону бел кылып, белге таңуу кылууга, астына барды сабылып, абакелеп жалынып:кекти сууга салыңыз, асыл абам тилимди ал, ырыс алды –ынтымак, бирдикти койсок бир жерге, катылып бирөө келеби, кармашып душман жеңеби, күтүп ал аба өзүмдү дейт.
Канчоро эмне себептен душмандык кылган Күлчоро айыгып келсе да кечирим сурап эл болууга даабайт?Анткени, Канчоро өзүн кан сезип, Күлчорону тоготпой, колунан эч нерсе келбейт деп ойлогон. Ошондуктан кечирим сурап келген Күлчорого: Атаңдын көрү, Күлчоро, жоботуп башың албайын, көрүнбөй жогол көзүмө, түү-түү капыр Күлчоро,өлдү десем, тирүүсүң,өкүлдөгөн кутургур,өлбөгөн жандын бирисиң,- деп кемсинтет.
Каныкейди көргөн Сейтек эмне үчүн өзүн Күнжүттүкмүн деп тааныштырат?Каныкейди көргөн Сейтек өзүн Күнжүттүкмүн деп тааныштырган себеби; Ал чоң энесинин ичиндеги арманын айттыргысы келип, небереси Сейтек деген бар экенин билеби же билбейби, деп сынап, мындай деген жайы бар: Ата-а, кокуй, энеке, элсиз адам дейсизби, төөгө минип, айза алган, төрөлүү журт таң калган, Күнжүт биздин жерибиз, Индустан болот элибиз,- дейт.
Карадөө кандай максатта Сейтекке жолугат?Карадөө Сейтекке: Аман көрүп баланы, учурашып кайтууга, кыйла сырын айтууга, кезиккен жүргөн кези экен,13төгү Сейтекти , көргөнү жүргөн кези экен, ата-тегин балага, айтканы жүргөн кези экен деп айтылат.
Карадөө Кызылсартты кайдан табат?Күлчорону Канчоро далысын оюп кор кылып, кесел кылып шор кылып коет. Карадөө Сейтекке жолуккандан кийин, Күлчорону айыктырыш үчүн, Манастын оо дүйнөлүк досу, ооруга себеп Кызылсартты издеп чыгат, Ат бороюн сыдырып, ай-ааламды кыдырып, түнүчүндө уйку албай, күндүзүндө тынч албай, Келфун, Хоттен шаарынан, андан өтүп кетиптир, Күн кетпестин Күнжүткө, кундөп-түндөп жол жүрүп, жеткен экен Карадөө, Ал Күнжүттүн боюнда, Багдад деген калаада, табылган экен Кызылсарт деп айтылат.
Карадөө Сейтек аркылуу Айчүрөккө эмнелерди табыштайт?Кара дөө Сейтек аркылуу Айчүрөккө мындай салам айттырат: Айдай болгон Айчүрөк, жеңекеме салам де,80 дуба,40 амал, береним жеңем салсын де, олжого келген зулпукор, ок өтпөгөн суп чепкен, ок жетпеген Тоотору, орой Кыяз куу кулдан, ушул үчөөңү алдап алсын де. Менин атым Кара дөө, эр Семетей досумун, кубат кылсаң сөзүмө, мураа болом өзүңө дейт.
Карадөө эмне себептен Келфун, Хоттен шаарларына барган?Кара дөө Күлчорону айыктырыш үчүн, жер бетин кезип дарыгер Кызылсартты издеп жөнөйт. Ошондо Келфун, Хоттен шаарларын да кыдырып өтөт. Эпосто мындай делет: Ат бороюн сыдырып, издегени- Кызылсарт, ай-ааламды кыдырып, кыстоо көрүп Кара дөө, кыдырып кыйла шаарды, Келфун, Хоттен аралап, андан өтүп жакалап, -деп айтылган жайы бар.
Карачач эмне себептен Айчүрөккө жардамдашат?Анткени Карачач Айчүрөк Кыязга келгени, арыган жаны оңолуп, ар капасы жоголуп, Айчүрөк менен бечара, Кудай деген кеп кылып,өлө турган шерт кылып, Кең Таласка кетүүгө, бир мураска жетүүгө, убаданы бек кылып, басса-турса Айчүрөк элин мактай берчү эле, Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас, жерин мактай берчү эле, кайрылып жакшы күн келсе, Таласка кайра кетүүгө,өзү менен бирдикте, Карачач ала кетүүгө, убадасы бар экен, ошон үчүн Карачач, Айчүрөктөй эжесин, калкалап жүргөн жан экен деп айтылат
Катын десе кынына, батчу Кыяз экенсиң. Как төбөңдөн бир кудай, атчу Кыяз экенсин - деп, эпосто Кыязды ким катуу тилдегенге эрки жеткен?.«Катын десе кынына, батчу Кыяз экенсиң. Как төбөңдөн бир кудай, атчу Кыяз экенсин» - деп тилдеген бул анын Тоотору тулпары болгон. Тооторуну Кыяз Айчүрөккө берип койгондо, Тоотору Кыязды ушундай деп катуу айткан жайы бар.
Коңурбайдын уулу эмне себептен ата жолун кууган жок?Байкоңур атасынын кунун кууп, кыргызга казат ачмак, анын өч алам деген ою бар болчу, бирок, ою ишке аша электе каза болуп калат. Артында калган баласы Чоң Китеге арманын айтып, атанын кунун ала көр, бир кыргынды сала көр, Манастын калган тукумун, өрт өчкөндөй кыла көр деп айткан жайы бар.
Көбү кетип азы бар, тууганы өлүп касы бар каарман?Эти качып, сөөгү бар, көбү кетип азы бар, тууганы өлүп, касы бар, ата-а, чамасы кетип каркыбар, Күлүстөн тууган Күлчоро, билгенге мынча баркы бар деп айтылат. Бул каарман Күлчоро болгон.
Көрөгөч эмне себептен Акжолтойго дароо эле адам кейпинде жолуккан эмес?Көрөгөч Акжолтойго адам кейпинде жолукпай, жолборс болуп жолуккан себеби: Чаркы канча экен, баатырдыгы бар бекен деп сынаган. Эпосто мындай айтылат: «Ажыдаар, жолборс мен болуп, алдындан чыгып турамын, абалы канча экен деп, чаркыңызды сынадым, кааласаң кадыр түнүңмүн, жөлөп жүргөн пириңмин, Көрөгөчтүн көзүмүн, көзү эмес, анык өзүмүн,-дейт.
Куялы эмне себептен Семетейге гана тием дейт?Анткени, Кайыпчал кызы Куялы башынан эле Семетейге ашык болуп жүргөн болот. Ошондуктан ал бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,өзүнүн талабын коёт, эгер Семетей мага нике кыйса гана Желмогуз уулу Сарыбайды жеңип берем дейт: Сары оору болуп, саргарып, каалаганым Семетей, калк чогултуп күбөлөп, нике кыйгын тиемин, кагышарым Сарыбай, андан кийин киремин,-дейт.
Күлчоро бийлегенди билчү беле?Күлчоро аргасыз бийлеген. Анткени, Күлчорону Кыяз менен Канчоро кечирин кесип, кесел кылып, Карагулга кул кылып берип коюшкан. Карагул Күлчорону өз билгениндей калчайт. Мыскылдап, келеке кылып, чындап сабап абаңды, чылгый тери ийлетет, кеч киргенде шылдыңдап, кешиги жок абаңды, калмактардай бийлетет. Бийлебегенге аргасыз болгон. Эгер каршы болсо, сабатып, кыйнаган.
Күлчоро Карагулдан эмне себептен улам суранат?Күлчоро Бозбаладан кеп угуп,12де эр Сейтек, ойрон чыкты деп угуп, мына ошондо Күлчоро, бала баатыр Сейтекти, дегдеп калды көрүүгө, андан кийин өлүүгө, эр Сейтекти көрсөм деп, андан кийин курган жан, каза жетсе, өлсөм деп, Карагулдан ошондо руксат сурап жалынып: мага 7 күн мийзат бериниз,7 күндөн кечиксем, койдой башты кесиңиз, кан зайыбы Чүрөктөн, кийим-кече сурайын, кулга ырайым этиңиз, -дейт
Күлчоро эмне себептен Айчүрөк жеңесине таң калат?Күлчоро Айчүрөккө таң калган себеби; “Ата-а женем Айчүрөк, Кыязга көөнүн бөлгөн бейм, кайним эле Күлчоро, өлсө мейли деген бейм, канча жыл болду чаптырбайт, кабарын мага айттырбайт,13 чыгып келди эле, тулпардан калган туякты, не үчүн мага чаптырбайт, -деп Айчүрөк Кыязга ниетин буруп кеткенби деп таң калат.
Күлчоро эмне үчүн башка нерседен күчүн сынабай жаа менен кетменге атып сынайт?Күлчоро Кызылсарт дарылагандан кийин, кетменге жаа атып күчүн сынаган себеби; Ал: Семетей абам барында, беттешкенди буй кылып сүрүп турган кезимде, кыргын салып душманды тийип турган кезимде,80ден коюп кетменди, күчтү сынап жатчу элек. Баштагы каруум келдиби, күчүм кайра толдубу, баягы атчу кетменди, азыр кандай ата алам деген мааниде кайра кетмен аткан себеби ошол болгон.
Күлчорону айыктырууга келе жаткан Кызылсарттын аскери түнөгөн жер?Кыйла күн тынбай жол басып, кыясы кыйын бел ашып, Кызылсарттын көп аскер, Чук-Теректин оюна, Жети-Өзөндүн боюна, эрендер жетип конду эле, чыканактап уйку алып, чырым уктап тынч алып деп айтылат.
Күлчорону көргөн Кыяз эмне себептен аны жайлап салган жок?Күлчорону көргөн Кыяз жинденип, Карагулга сүйлөнүп, мындай дейт:Ата-а , сени Карагул, бу кутурган куу кулга, калайманды баштабай, эмгиче союп таштабай, алып жургөн экенсиң,-деп Күлчорону Кыяз жыга чаап жиберип, башын кесип аларда, Айчүрөк ажыратып алып: « Күлчорону өлтүрсөң, Ак куу кебин киемин, атамАкундун колун мол алып,өзүңдү өрттөп иемин» деп коркутуп, Күлчорону аман алып калат.
Күлчоронун Шайыгы дегенди кандай түшүндүңөр?Күлчоронун Шайыгы бул Күлчоронун уулу болгон. Ал Сейтектин 12 чоросунун бири болгон.12 эрди сураба, Күлчоронун Шайыгы, сулуусу күндөй жарыгы, кара мылтык карс этсе, кажыбай жоого тийчүлөр, каптаган өрткө кирчүлөр, чогоол мылтык чорт этсе, чочубай жоону сүрчүлөр деп айтылат
Күлчоронун эрдигин кайсы дүйнөлүк басылмалар тааныган?Күлчоронун эрдигин кытай басылмалары тааныган. Анткени эпосто мындой деген жайы бар: Эрдигимди көргөндө, эпсиз баатыр экен деп, чоң атабыз Чылаба, сыйкырчыдан сураган, эр экеним укканда, айран калып, таң калган, Бээжиндин каны Ло Ма деп айтылат.
Күпүнүн эжеси?Күпүнүн эжеси Ай-Жаңжуң кызы Бирмыскал болгон. Ай-Жаңжуңдун уулу экен, Күпү балбан дээр экен, күрөшкөндө күчтүү экен, алыш кылган адамдын, бурап мойнун үзчү экен,- деп айтылат. Бирмыскал менен Күпү бир тууган болгон.
Кызылсарт Күлчорону айыктыруу канча нарга дары алып келет?60 балбан, Кызылсарт, аттан түштү албайып,6000дей кызыл нар, кызыл нарга арттырган, кызыл алтын дары бар.
Кызылсарт эмне себептен бир жерде туруктуу жашаган эмес?Кызылсарттын бир жерде туруктуу жашабаган себеби; ал ооруга себепчи, дарыгер болгон. Ошондуктан ооруп калган адамдарды айыктырыш үчүн жер жүзүндөгү зарыккан адамдар аны жер бетин кыдыртып алып кетип турушкан.
Кызылсарттын балбандарынын артыкчылыгы?60 балбан белине, кетмендей токоч байлашып, арты кучак, чоң комуз, дутарларын тарттырып,60 балбанга тегиз акуш айттырып, демедеме күрүч, ширин аш, конгон жерге кайнатып, көк кепичин тепейтип, аргымагын чекейтип деп айтылат.
Кыргызга кыргын кылгандардын ичинде жалпы жедигер журту бар болгондуктан аларды да тукум курут кырайын деген Сейтекке Күлчоро эмне себептен улам каршы болот?Кыйнап бир келген элимди, Жети-Өзөн толгон Жедигер, жетип жыйып алайын, жалгызын тирүү калтырбай, кылычтап кыргын салайын,-деп Сейтек жиндегенде, Күлчоро мындай деп тыйып коёт: Жедигер журтка катылба, башчысы акмак эмеспи, карапайым калкта не жазык, желиккен бойдон кырганда, жазыксыз эл чабылар, сага караан эл кайдан табылар, Жети-Өзөндө Жедигер, караан да ошол, бел да ошол, караан болчу эл ошол, караандуу журтка катылып, кападар кылба сен ошол,-дейт.
Кыргызда тоо-кен иштетүү тармагы өнүккөнүн кайдан биле алабыз?Кыргызда тоо-кен иштетүү тармагы абдан мыкты өнүккөн. Анткени, курал жасоодо жана ар кандай шаймандарды, кооздуктарды жасоодо мыкты иштеп чыгышкан. Мисалы булдурсунду жасоодо кандай ыкманы колдонгону мындайча айтылат: кара жаак булдурсун, чапса кулак тундурсун, алаканга чок койгон, түшкүнүнүн учуна,3 эли болжоп ок койгон, кок жалын темир ондогон, көркөмдөп жоого болжогон,- деп айтылат.
Кыяз айткан сөзү жалган чыгып, Айчүрөккө качан уят болгон?Кыяз Тооторуну сүйлөйт деп Айчүрөктү токтотот, бирок Тооторуну Айчүрөк дуба салып, тилин байлап койгон болот. Ошондо Кыяз жинденет, Тооторуга нетти деп, Айчүрөк: Кана төрөм айбаныңдан кеп сурап, ачууланып кетесиң, кеп билбеген атыңды, сүйлөйт деп күтүп жүрөсүң,-дейт. Ошондо Кыяздын сөзү жалган чыгып, Айчүрөккө уят болот.
Кыяз биринчи аялын өзү каалап алган эмес беле?Кыяз биринчи аялын өзү каалап алган эмес, олжого келген кыз болот. Эпосто мындай айтылат:Өзүм Кыяз болгону, Кыяз атка конгону, кечээ кармашты катуу салганда, Кайыпкан кызы Акбермет, кагыштан эчен эр өлүп, кармап алган катыным, мойнуна тумар таккамын, эркелете баккамын дейт.
Кыяз сулуулук сырларын мыкты билгенби?Кыяз сулуулук сырларын мыкты билген. Анткени 2-аялы менен Айчүрөкту алууда, сулуулугуна карап алганы мындайча айтылат:Күндөй сулуу бураң бел, болумдуу шекер сөздүүдөн, моймойгон кара көздүүдөн, кумар болуп сулууга, ошондой сулуу алууга, Каракан кызы Карачач, каалап алган катыным, андан кийин Айчүрөк, сулуулугу жанда жок дейт.
Кыяз эмне себептен Айчүрөктүн жаңы төрөгөн уулун күн эсебине алып тактатат?Анткени, кыяз жаңы төрөлгөн баланы кимдики деп шек санайт. Ошондуктан мындай дейт: Айды эсепке салчуң кел, ай эсебин алчуң кел, Акундун кызы Айчүрөк, бүгүн тууса баласы, кимдики болот карачы?, айдай катын Чүрөктүн, бүгүн тапса баласы, кимдики болот карачы, муну укканда жедигер, күндү катка салды эми, күн эсебин алды эми деп айтылат.
Кыяз эмне себептен думанага кордук салмак болот?Анткени думана балага ат коюп жатып, анын түп аталарын баарын Бөйөн, Чаян, Ногой, Балакан, Каракан деп атап өтөт. Сейтек дагы тукумун улаар өрт чыгат дейт. Ошондо жинденген Кыяз: Кожураган акмактын, койбой башын алгыла, эбиреген акмактын эрдин тешип илгиле,- деп буюрат. Бирок, думана көздөн кайым жок болуп кетет.
Кыяз эмне себептен жети кемпирди жалдаган?Айчүрөктөн шек санап, арамы тоодой эр Кыяз, туула турган баладан, чынында коркуп турду эми, Айчүрөктүн амалын баштатан билген куу арам,7 кемпир чакырып, минтип айтып турду эми, кыз төрөсө Айчүрөк, аппак ороп алгыла, уул төрөсө Айчүрөк, акыры душман зилинде, жакшылык кылбас түбүндө, аркы атасы эр Манас,өрттөнгүрдүн тукумун,өз колумда бакпаймын, айланайын 7 эне, дегениме көнө көр, уу төгүлгөн устара, ал баланын киндигин, ушу менен кесе көр, ал баланы жоготсоң, Кыяздын ишин оңолтсоң, дегениңе көнөмүн, кылча дүйнө аябайм, кыймылдаган мүлкүмдү, баарын сага билгизем деп, туула турган баланы өлтүрүш үчүн 7 кемпирди жалдайт.
Кыяз эмне себептен Кылкүрөңдү урушат?Кылкүрөң кулунунда Таластан олжого келген мал болчу. Тооторуну Айчүрөккө алдырып, артынан баратканда Кыяз Кылкүрөңдү минип чыгат. Кылкүрөң Күлчорого кез келгенде, Күлчоронун жытын билип, капилеттен үркүп үстүндөгү Кыязды жыгып кетет. Ошондо Кыяз Кылкүрөңдү мындай деп урушат: «Арам өлгөн Кылкүрөң, зилинде душман мал эле, кудай бардыр Кылкүрөң, кузгун куран окугур, жору көзүң чукугур.
Кыяз эмне себептен уулуна өзү ат койгон эмес?Кыяз уулуна өзү ат койбогон себеби; той өткөрүп жатып Айчүрөккө мындай дейт:Айдай катын Айчүрөк, уулумду берчи көрөйүн, ачып оозум өбөйүн, карааным ушул балам деп, капанын баарын жойдурам, ак сакалдуу карыга, көп узак жашап барганга, аңгеме оюн саламын, ат койдуруп аламын,- деп узак өмүр сүргөн ак сакалдарга ат койдурам дейт.
Кыяз эмне үчүн Айчүрөккө Тооторуну берип коет?Кыяз Айчүрөк Тооторуну сурап келгенде, бербеймин дейт. Бирок, Айчүрөк Ак куу кебин кийбесем, ай-ааламды кыдырып, кол чогултуп келбесем, Кыяз сенин ошентип, бир жазаңды бербесем ,- деп коркутат. Ошондо Кыяз ойлонуп: Чындап кетсе Айчүрөк, айтканын кылып жүрбөсүн, атасынан кол курап, антип уйкум бөлбөсүн деп коркуп, андан көрө Чүрөктүн айтканына көнөйүн, Тооторуну берейин деп берип койгон жайы бар.
Кыяздын ак сарайынын калыңдыгы канчалык болгон?Кыяздын ак сарайы мындайча сүрөттөлөт: Даңгыраган ак сарай, анын калыңдыгы бир далай, айланасы сепилден, дарбазасы темирден, мамылары кырдалуу, айланасы сырдалуу, бекемин адам билгидей, калыңдыгын карасаң,үстү менен катарлап, 3 араба жүргүдөй,- деп айтылат.
Кыяздын Семетей Толтойдон башка дагы кандай кеги болгон?Кыяздын Семетейге Толтойдон башка кеги бул- Толтойдун кудалашкан зайыбы Шаатемир кызы Чачыкейди алып алды кек сактаганы болгон. Эпосто мындай айтылат:Шаатемир кызы Чачыкей, Багыштын уулу Толтойдун ала турган зайыбы, мунун бекиткен жаман жоосу бар, Чачыкей алып кеткен деп, Семетейге жедигер элдин доосу бар деп айтылат.

М

Манас эмне себептен Барса-Келбеске таш чегип белги койдурган?Манастын тушунда жер-сууга ат коюуда, ошол жердин шартына ыңгайына, касиетине,өзгөчөлүгүнө маани берип, ошого жараша ат ыйгарышкан. Жөн эле атап коюу эмес, расмий түрдө ташка чегип жазышкан. Мисалы: Манас, Алмамбет, Чубактар, адамдарга жашаганга ал тургай барганга коркунучтуу болгон жерге ташка чегип, “Барса-Келбес” деп ат коюшкан жайы бар.
Манаста Туркия тууралуу эмне айтылат?Сейтектин чоң атасы Манас бир эле Түркияны эмес, колу жеткен жерге чейин казат ачып, чаап алган жайы бар. Эпосто мындай айтылат: Баатыр Манас барында, дөөлөттүн аман чагында, каратпаган эл калбай, кармашпаган жер калбай, айды кандын Музбурчак, Чамбыл-Белди жердеген, чабышып адам жеңбеген, атасы Түркмөн арстан, төмөнкү Түркия журтка кол салган, ордо бузуп, олжо алган, ордолуу журтка кол салган, жез оймоктуу кызды алган, билге жүктөп дилде алган деп айтылат.

О

Олуят чал берчү аманатын эмне үчүн Сейтекке жолугуп бербей Акжолтой аркылуу тапшырат?Медияндын чөлүнөн Акжолтойго жолуккан Олуят чал мындай дейт: Алданын берген аманат, аманатты берүүгө, Акжолтой, Сейтек силерди,7 жылы издедим, каным калды 1 кашык, этим болду көк жашык, карып болгон кезимде, уулум сага кез келдим, кеп укпасаң жаманат,5 буюм бердим аманат. Сага ишенип бергеним, Акжолтой, Сейтек эгизим, ааламды бузар теңизим, чабытка кирген чаң болуп,өлүм орток жан болуп, убарлаш деген ниетим.

С

Сейтек кандай максат менен салбуурунга чыккан?Сейтек салбуурунга урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай, кирерине чаң таппай, тийишерге жан таппай, эрдигинен оолугуп, ээн жерге жолугуп деп айтылат. Ал салбуурунга атайын камданып, жоо-жарагын шайланып, жоо көрүнсө жайлайм деп чыккан.
Сейтек Таласка бара жатканда кайсы жер аркылуу өткөн?Сейтек Таласка бара жатканда, ээр белдей мунарык, мунарыктын бери жагы, аскасы артык черүү экен, Кара-Буура, Чоң-Чаткал, Таласка тушташ черүү экен, Кен-Чаткалды ашканда, алды жагы- Кең Талас деп айтылат. Кара-Буура, Чоң-Чаткал аркылуу өткөн.
Сейтек Таласка бара жатканда эмне үчүн Кылкүрөңдү минип барат?Анткени Кылкүрөң атасы Семетейдин жылкысы болот. Ал Кыязга олжого түшүп келген, айбан да болсо жаныбар, жергеме бирге кетем деп, Сейтектин алдынан чыгып кошулат. Аны Сейтек Таласка көчүп келатканда, минип келген жайы бар. Бура тартып булкунтуп, алдындагы Кылкүрөң, Кылкүрөңдү жулкунтуп, Таласка Сейтек барды эми, деп айтылат.
Сейтек шымдын кайсы түрүн кийип чоңойгон?Сейтек кийип жүргөн шым мындай сүрөттөлөт: атасы айкөл баатырдын дал өзүндөй көрүнүп, айзаларын уркуйтуп, сары жаргак шым кийип, айчык алтын туу алып, -деп айтылат. Сары жаргак шым кийип чоңойгон.
Сейтек эмне себептен Акжолтойду кеңешчи кылган?Анткени, атанын жолун улантуу, мураа болуу деген маани жатат. Манастын чоросу Кутубий болгон, Кутубийдин баласы Акжолтой, Манастын небереси Сейтек булар ата жолун улантуучу баатырлар. Кутубийдин Акжолтой, көкжал Сейтек султандын жел тийбеген чынары, жоодон коркуп кылт этпей, туу түбүндө тураары, Акжолтой, Сейтек аты уйкаш, убаданы шерт кылган, ушунчалык бек кылган, ак буудай унун чайнашып, болоттун мизин жалашып, кыяматтык дос болгон деп айтылат, ошол себептен Сейтектин кеңешчиси болгон.
Сейтек эмне себептен бүркүтүн балдагы жок кондурган?Анткени, баатырлар бүркүтүн балдагы жок кондурушкан, убагында атасы Семетей да Оролмо тоонун бүркүтүн балдагы жок кандурганы айтылат. Кайраты ашып-ташып, эч нерсени кенебей турганда бүркүттүн тырмагын да тоготкон эмес.
Сейтек эмне себептен Жети-Өзөндө төрөлгөн?Сейтектин Жети-Өзөндө төрөлүшүнүн себеби;Айчүрөктү Кыяз күч менен алганда, Айчүрөк ичиндеги баланы аман-эсен сактап калуу максатында, каршы болбостон Жети-Өзөндү жердеген Кыязга барат. Жадыгөй, амалкөй Айчүрөк Кыяз шек алып калбасын деп Сейтекти 12 ай көтөргөн. Ошол себептүү Сейтек Жети-Өзөндө төрөлгөн.
Сейтек эпосунда бир эле учурда жубайынан корккон, бир эле учурда өтө ашык болуп жакшы көргөн кайсы каарман?Бул Кыяз. Ал Айчүрөктүн баары бир ниетин бербесин билип, акыры чыккынчылык кыларын ойлоп жана анын жадыгөйлүгүнөн корккон, ошол эле учурда анын сулуулугуна өтө ашык болуп жакшы көрүп, малы эмес жанын берүүгө даяр экени айтылат.
Сейтектин атасы Семетейдин эмне себептен эки гана чоросу болгон?Семетейдин 2 гана чоросу болгон себеби;Семетей жанына көп чоро күткүсү келип, баарын өзүнө эл кылып тартайын дейт, бирок, Үмөтөй, Чынкожо, андан сырткары атасынын 40 чоросу Абыке, Көбөш 6 арам –булардын баары Семетейге каршы чыгып, кошулбай коюшат жана аларды Семетей баарын тындым кылып койгон жайы бар.
Сейтектин атынын мааниси кандай?Сейтектин атынын мааниси: Алышкан жанды сойсун деп, кабылган жанды кайсаган, кезиккенди мерт кылган, кобурт салып келгенде, короодой кызыл тал бүткөн, бет алып жоого киргенде, жоо көңүлү бөлүнсүн, аскар тоодой көрүнсүн, кабылганды кайсаган, кайран Сейтек болсун деп,- атын койду думана деп айтылат.
Сейтектин канча кайын эжеси болгон?Сейтектин 5 кайын эжеси болгон. Эпосто мындай айтылат. Алты кыздын кенжеси, атасынын сүйгөн эркеси, перизаада Акбермет, ак жибектин чатыры, ургаачынын баатыры.
Семетей эмне себептен Карадөөнүн айтканын угуп элге барбайт?Кайыпчынын Кара-Үңкүрүнөн Карадөө Семетейди көргөндө, алапайыын табалбай, көзүнүн жашын тарта албай мындай деген жайы бар: кең дүнүйө тар болуп, бир көрүүгө зар болуп, жоготуп сизди кан аба, душманга калдык кор болуп, чабылган журтка барыңыз, азган-тозгон элиңди, кайрадан жыйып алыңыз деп жалынат, бирок, Семетей, укпайт, көрбөйт, сүйлөбөйт, көрсө, Перинин кызы Көкмончок, кысталыш жерден куткарып, сезимдеринен ажыратып,өзү менен жашатып алган болот.
Султан өлгөндө ордуна эмне үчүн улуу кыздары кан шайланган эмес?Анткени, Акбермет атасынын ордун баса турган баатыр кыз болгондуктан, атасынын көзү өткөндөн кийин, анын ордуна улуу кыздары эмес, Акбермет кан шайланат. Алты кыздын кенжеси, атасынын сүйгөн эркеси, перизаада Акбермет, ак жибектин чатыры, ургаачынын баатыры, 11 жашка келгенде, атасы султан өлүптүр,13кө жашы келгенде, жааны кечип, уу уулап, жаа тартып ойноп жүрүптүр,14кө жашы келгенде, ай-ааламдын баарысын, акыл менен билиптир,15ке жашы келгенде, периге султан кан болуп, атасынын алтын так, ошондо Бермет миниптир деп айтылат.

Т

Тайбуурул кантип Карасарттын колуна тийип калган?Акеркеч Тайбуурулду абдан кордоп, анан кербен башы Карасартка сатып жиберет, кербенчи жүк ташып, жоор болуп, жал-куйруктан ажырап, кордолот. Кербен тартып келатып ал Сейтекти көрүп калат, айбан да болсо жаныбар, Сейтекти таанып, кербенден качып келип, Сейтекке кошулган жайы бар.
Тойго барып өтө ыңгайсыз абалда калган учур?Тойго барып өтө ыңгайсыз абалда калган учур бул-Жедигер элинин Кыяздын уулуна ат коё албай кысталып, жер чукуп, ыңгайсыз болуп калганында айтылат. Эпосто: «Бар акылман болсоңор, баланын атын койсоңор, кыйшыгы жок туз болсо, кыйла кызык мал берем, азыр койгун жедигер, албан түрлүү мал берем,-дегенде, жедигер эли кыйшык болсо кокустан, кашайта көздү ойбосун деп, бири-бирин карашып, жер чукушуп баш салып деп айтылган жайы бар.
Тоотору эмне себептен Айчүрөктөн кек алмай болот?Эр Кыяздын Тоотору,үстүндөгү Чүрөктүн арам ойлуу экенин, Кыяз канга айталбай, байланып тили бир далай, колунан келсе Чүрөктү, өлтүрмөк болду бул өзү, Эр Кыязды алдаган, артыкча митаам капырды, бугудай мойнум бурайын, бута бою зоо келсе, бура тартпай чурайын, талпак-ташын чыгарып, талкалап жерге урайын деп ала качып ээлигип, ооздук бербей жээлигип жөнөйт. Ошондо жадыгөй катын Айчүрөк, ала качакан айбанды, суук дуба урду эле, айта-буйта дегиче, койго жеткис кошолоң, чобур ат кылып койду эле.
Тооторунун айткан акыркы сөзүн Кыяз эмне себептен улам укпай калат?Анткени, Тооторуну сүйлөп жаткан жеринен Кыяз укса соо койбойт деп Айчүрөк чачпагындагы ачкыч менен маңдайга чаап, тилин байлап, кулагын уккус кылып коет. Кыяз Айчүрөктү токтотуп, Тооторунун сөзун угуп алайын десе, дубаланган Тоотору сүйлөбөй коет. Ошентип Тооторунун акыркы сөзүн Кыяз укпай калат.
Тооторунун таптаган саяпкер?Анык тулпар Тоотору, көзү ачыктар жактырган,6 убак арпа илдирип, асемдетип бактыргам, бугудан чылбыр сүйрөтүп, Куюн Көтөн Кайып чал, куруган киши таптаган,- дейт.

Ч

Чоң Билгич эмне себептен Ниет-Көлдөн 12 жыл гана билим алган?Чоң Билгич Ниет- Көлдөн сыйкырлыкты үйрөнүү үчүн 12 жыл окуп билим алган. Эпосто:Кожожаш уулу Чон Билгич, атасын Манас союптур, ошо кезде Чоң Билгичтин, 80де жашы болуптур, атагын көргөн чочуган, барса-келбес окуудан, ажыдаардын алдынан, Суук ашуунун төрүнөн, Ниет-Көл деген көлүнөн,12 жылы окуптур, сыйкырлыкты кылыптыр, бүгүнкү күндө Чоң Билгич, Чоң Китеге кошулуп, кыргызга казат ачыптыр деп айтылат

Ш

Шыпшайдардын жубайы менен Манастын жубайы Каныкей бир мезгилде төрөгөнбү?Шышпайдардын жубайы менен Манастын жубайы Каныкей бир мезгилде төрөгөн. Анткени, Манас менен Кожожаш бир учурда, чоң казатта каза болушкан. Семетей ошондо балтыр бешик бала болчу, ал эми Чоң Билгичтин Чон Китеге мындай деген сөзү бар: Атадан жетим төрөлүп, жөргөлөп жүрүп эр болдум, күрмө кийген жан болдум, кыргыз эмес кылымга, чаркым жетер жан болдум дейт.

Э

Эмне үчүн Сейтектин бир гана чоросу же кеңешчиси болгон?Анткени, Сейтек тышкы душмандарга каршы аттанган эмес жана Манас чоң атасынын 40 чоросу ыдырап тарап жок болгонунан сабак алып, «көп суур ийин казбайт, ийин казса кең казбайт» деген сыяктуу жанына бир гана ишеничтүү кеңешчи күткөн.
Эпостогу башка каармандын башына келбеген, бирок Кыяздын жашоосунда көп кайталанган нерсе?Кыяздын жашоосунда көп кайталанган нерсе, аялынан бир эле учурда коркуп, ошол эле учурда кайра өтө жакшы көрүп, ары карап шылк этип, бери карап, шанк этип жасакерлик кылуусу (тактоо зарыл).
Эр Куту билип турса да эмне себептен Айчүрөктүн төрөгөн баласын Кыяздын уулу дейт?Куту билип турса да Айчүрөктүн баласын Кыяздын уулу деген себеби; Семетейдин баласы аман-эсен эр жетсин, кокус Семетейдин уулу экенин билсе, чонойтпостон мертинтип койбосун деп:« Айды эсептеп келгенде 12 айга толуптур, катындын туучу баласы,өзүңдүн балаң болуптур, -дейт

Дагы караңыз

Кошумча булактар

https://multiurok.ru/files/manas-eposu-suroo-zhooptor.html
Жайгаштыруу: 2024-04-20, Көрүүлөр: 84, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу