Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манастын төрөлүшү

Баш барак | Адабият | Манастын төрөлүшү

Манастын төрөлүшүМанас эпосундагы Манас баатырдын төрөлүшү жөнүндөгү үзүндү ыр-саптар.

Манастын ата-теги Байгурдан башталат. Байгурдан Бабур, Бабурдан Төбөй, Төбөйдөн Көгөй, Көгөйдөн Ногойхан, Ногойхандан Жакып, Жакыптан Манас. Манастын чоң атасы Ногойхан Чыңгызхандын жээни делет. Ногой Чыңгызхандын кызынын уулу. Ногойхан он төрт жашында миң башы болот. Кырк жыл мамлекетке көзөмөлдөө жүргүзөт.

1286-1306-жылдардын аякы жыйырма жылдын ичинде Алтын Ордодо бийлик үчүн үзгүлтүксүз күрөштө 25 хан алмашат. Бийликке Чыңгызхандын эң кичүү уулу Токтокаган келет. Ал бүт 25 хандын өлүмүндө Ногойхан күнөөлүү экенин айтып ага согуш жарыялайт. Токтокаган менен болгон согушта Ногой жеңилип 17 аскери менен качат. Ошол убакта Ногой 80 жашта эле.

1306-жылы Ногой өлөт. Алтын Ордодо ал 60 жылдан ашык жашаган. Анын достору, үй-бүлөсү, дайыма аны менен чогуу болчу. Токтокаган анын үй-бүлөсүн Алтын Ордодон кууп жиберет. Ногойдун балдары — Жакып, Бай, Орозду, Үсөн (Көзкаман) Чыңгызхан империясынын ар кайсы аймактарына айдалат. 16 жашка чыккан Жакып, Манастын атасы, Алтайга айдалат. Жакып Алтайдан Чаянхандын кызы Бакдөөлөттү алат. Кайнатасынын жардамы менен аябай бай киши болот.

Анын 48 миң аты болгон. Бирок, көп жылдар бою баласы жок болгон. Болжол менен 1346-жылы 56 жашында уулдуу болот. Манасты, Жакыптын улуу аялы Чыйырды төрөйт. (Чыныгы аты — Шакен). Манас курсактан түшкөндө үнү 30 кишиникиндей болуп, уучуна кан чеңгелдеп түшөт имиш. Оозантарда бир карын майды жеп коёт. Жакыпка Акбалта сүйүнчүлөп барганда, ал жалдуу кула бээни туудуруп, Аккула кулунду кармап отурган экен. Бул кулун кийин, Манаска ат болуп калат (Ошондой эле, Манастын ата-тегинин Саякбай Каралаев вариантындагысы дагы бар).

Акбалта айтып мындай кеп,
Бай Жакыпка мындай деп:
Бай Жакып балам, сүйүнчү!
Бүгүн сенин багыңа.
Ач арстан шер келди.

Кайгырсак колго тийбеген,
Кабылан султан эр келди.
Чыдап адам калбады,
Колуна кош колдоп заар кармады,
Курсакта жатып бакырды,
Мунуң «Манастап» ураан чакырды.

Манасыңды тууганда.
Таманы менен тик тууду.
Оң колуна кара кан,
Кармай түштү кан Манас.

Баркырап бала түшкөндө,
Түшкөн жерден чаң чыкты.
Ыйлаганда балага,
Жүрөк туйлап жан чыкты.

Көрбөгөндү көрүптүр,
Бала эмес бир желмогуз экен - деп,
Тогуз кемпир бечара,
Жүрөгү түшүп өлүптүр.

Көргөндүн көөнү бөлүндү,
Арт жагыңда балаңдын,
Кара көк жал жалы көрүндү.
Манасың жерге түшкөндө,
Нур төгүлүп тоюнду.

Кара көк жал кабылан,
Аты «Манас» болсун - деп,
Балаңдын аты коюлду.
Катындар ороп аларда,
Бу белгиси дагы бар.

Кара чаар кабылан,
Капталында чамынды,
Ал ымыркай баланы,
Ары-бери үч аттап,
Караса көзгө илинбей,
Кайда экени билинбей,
Кайып болуп жоголду.

Көсөө куйрук көк арстан, Оң жагынан чамынды.
Арстанды көргөндө,
«Кандай шумдук болду?» - деп,
Катын качты чуркурап,
Калайыктын баарысы,
Түп көтөрө зыркырап,
Туулган бала Манастын,
Оң ийинден бир жыттап,
Сол ийинден бир жыттап,
Күр-күр этип толгонуп,
Берен менен арстан,
Кошо жатты комдонуп.

Бир карасаң баладай,
Бир карасаң сур жолборс,
Аман жүрүп чоңойсо,
Беттешкен адам аман түк болбос.

Чекеси жерге жеткени,
Асмандан кудайдын нуру чачылып,
Зилзала жүрүп кеткени,
Төрөгөн Манас уулуңуз.

Кудайдын сүйгөн кулу экен,
Ар мүчөсүн карасаң.
Токсон миң жандык уул экен,
Аман жүрүп чоңойсо,
Эрешен тартып эр болот,
Кара көк жал кабылан,
Каары толук шер болот.

Жүргөнү күйгөн чок болот,
Атары болот ок болот,
Аты Манас коюлду.
Ааламда жок болот.
Аты Манас шер ошол,
Айдалып келдик алыстан,
Тууганыбыз кыргызды
Таап берүүчү эр ошол,
Муңунду чечер эр ошол,
Бизди муңкантпай кетчү эр ошол.

Өзү Алтайда туулду,
Билсең кадыр түн келди.
Ойлоп көрсөң Жакып кан,
Бизге бир жакшылык тиер күн келди.
Мурун кааласаң сизге туш келди,
Бүгүн сенин түшүңө туушар иш келди.
Жакып бай кабыл келди көргөн түш,
Эркек төрөп Чыйырды,
Аты Манас коюлду.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 88715, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу