Кыргызстандын кооз жерлери

Кыргызстандын кооз жерлери
Кыргызстандын кооз жерлери - бул таза абага чөмүлгөн, чексиз табигый кооз тоо чокулары. Өлкө өзүнө кооз тоолуу көлдөрдү жана дарыяларды, түбөлүк кар менен капталган аска-зоолорду камтыган кайталангыс Орто Азия өзгөчөлүгүнө ээ. Мындан сырткары, Кыргызстан укмуштуудай шаркыратмалардын, көптөгөн капчыгайлардын, ашуулардын, сырдуу келбети менен өзүнө азгырган үңкүрлөрдүн, дарылык касиети бар булактардын мекени болуп саналат.

Кыргызстан - башаты орто кылымдарга барып такалган,тарыхы бай мамлекет. Өлкөнүн аймагында башка мамлекеттерден келген эс алуучуларга Кыргызстандын улуулугун көрсөтө алган архитектуралык жана археологиялык эстеликтердин саны 5 миңге жетет. Мамлекеттеги ажайып жайлардын көпчүлүгү Кыргызстандын аймагында кыргыздарга чейинки жашап өткөн байыркы цивилизацияларга байланыштуу. Кыргызстанда туризм өнүгүп, инфраструктурасы көзгө толумдуу көрүнө баштады. Ысык-Көлдү узата бойлой заманбап эс алуучу жайлар курулууда, экономикалык деңгээли төмөн болуусу өлкө аймагында арзан баада эс алууга мүмкүндүк түзөт.

Ысык-Көл
Ысык-Көл Кыргызстандын бийик тоолуу аймагында жайгашып, чындыгында жаратылыштын кайталангыс жаратуусу болуп саналып, укмуштуудай кооздукка жана дарылык касиетке ээ. Көл түбөлүк кар баскан чокулары бар тоо кыркаларынан жаралган „шакек” менен курчалганына карабастан, жыл бою тоңбой турат.

Ысык-көл

Ысык-Көлдүн суусу абдан таза, кумдуу жээктери, минералдык булактары, тоо жана деңиз климатынын айкалышуусу бар. Мындан сырткары көл термоминералдык жана баткак менен дарылоосу бар мыкты эс алуучу аймак болуп саналат. Көлдүн туздуу суусу сүзүүчү бассейндерде, ванналардын кээ бир түрлөрүндө колдонот.

Жыл сайын шумдуктуу кооз жер абдан көп эс алуучуларды өзүнө тартат. Ысык-Көлдүн айланасында арзан баада мейманканалардын, эс алуу борборлордун, пансионаттардын түрлөрү жайгашкан. Жээкте эс алууну сүйүүчүлөр үчүн мыкты кумдуу жээктер, ал эми активдүү эс алууну каалагандарды тоолуу капчыгайларга болгон ат үстүндөгү жана велосипед жүрүштөрү кубантат.

Жети-Өгүз капчыгайы
Жети-Өгүз капчыгайы ушундай эле аталыштагы дарыянын жайылмасында, Ысык-Көлдү түштүгүнөн курчап турган Тескей Ала-Тоо кыркасынын түндүк жагында, Каракол шаарынан түштүк-батышты көздөй 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Капчыгай 37 чакырым узундукта созулуп жатат, бак-дарактарга жыш толуп, мындай өзгөчө аталышка „Жети Өгүз” деп аталган эстелик сымал кызыл тоолордон улам ээ болгон.

Жети өгүз капчыгайы

Бул кызыл тоолор абдан кооз болгондуктан, 1968-жылы чыккан советтик почта маркаларында сүрөтү чагылдырылган. Капчыгайда тоо кыркаларына жакын 2200метр бийиктикте өзүнүн геотермалдык дарылык касиети бар булактары менен белгилүү болгон Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Дагы бир көзгө толумдуу көрүнгөн аска болуп сүйүшкөндөрдүн ыйык жайына айланган Жараланган Жүрөк саналат.

Сары-Челек
Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коруктун аймагында, Чаткал жана Ат-Ойнок тоо кыркалары бириккен жерге жакын Батыш Тянь-Шаньда жайгашкан. Көлмө болжол менен 10000 жыл мурда тоо көчкүнүн натыйжасында пайда болгон. Суунун деңгээли өзгөрүп турат, эң жогоркусу май айында, эң төмөнкүсү декабрь айында болот. Өзөндүн эң муздак абалы декабрь айында, үйөр мезгил апрелде жүрөт. Суунун температурасы жайкы мезгилде +19,8 °С, кыш мезгилинде +4°С дан 0°С га чейин болот. Жээги татаал, тик жана булуң-буйткалуу. Түштүк жээги табигый жаңгак токою менен капталган.

Сары-Челек көлү

Арсланбап
Арсланбоб айылында жана Арсланбоб өрөөнүндө бийиктиги 30 м ге жеткен, жаш курагы 1000 жылдан ашкан жаңгак бактарын кезиктирүүгө болот. Александр Македонский жүрүштөрүнүн биринде ушул жерден Грецияга алып барып, жайылтып, ушундан улам „ Грек жаңгагы ” деп аталып калгандыгы тууралуу имиштер айтылууда. Айылда эки шаркыратма бар: Чоң шаркыратма (80 метр), Кичине шаркыратма (35метр).

Арсланбап токою

Соң-Көл
Соң-Көл Тянь-Шань тоо тармактарынын ортосундагы ойдуңундагы ири бийик тоолуу көл. Нарын областынын түндүк-батыш бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 3015 метр бийиктикте Соң-Көл-Тоо жана Молдо-Тоо тоолорунун чөнөгүндө жайгашкан. Экологиялык туризм үчүн абдан ыңгайлуу жер. Көлдүн айланасы эч ким тийбеген жайлоо жана корук аймагы. Жакынкы калктуу аймак - Чаек айылы.

Соң-Көл көлү

Көлдүн жалпы аянты – 278 чарчы чакырым , таза суунун көлөмү 2,4 чарчы куб , узундугу 28 чакырым, туурасы 18 ч. Орточо тереңдиги 8,6 м, эң терең жери 14м. Көлдүн ойдуңу тектоникалык себептен пайда болгон. Жээктери төмөн, жээк сызыктары аз-маз кесилген, айрым жерлеринде камыш өскөн. Көлдү майда булактар жана дарыялар азыктандырат, бир гана дарыя - Соң-Көл агып чыгып, Нарын дарыясынын оң жагына куят. Өзөндүн муздак абалы сентябрдын аягынан май айынын аягына чейин байкалат.

Григорьев капчыгайы
Григорьев капчыгайы Ысык-Көлдүн көзгө толумдуу жерлеринин бири. Карагайдын таттуу жыты, жашыл түскө чүмкөлгөн тоолор, тоо дарыяларынын үнү, бийик тоолуу көлдөр Ысык-Көлдө эс алып жаткан адамдарды өзүнө тартат. Бул капчыгайда кооз Тянь-Шань карагайлары өсөт.

Григорьев капчыгайы

Адатта капчыгайда экскурсия бир күн, бирок каалооңуз менен боз үйдө түнөсөңүз болот. Негизи, Ысык-Көлдүн бардык эс алуучу аймактарынан капчыгайга экскурсия кылууга эч кандай маселесиз буюртма берүүгө болот. Сапар алуу 09:00 до жол тандабас унаалар менен башталат. Капчыгайда кыргыздын улуттук ашканасынын даамын татууга шарт түзгөн көп боз үйлөр бар. Капчыгайда сейилдөө сизге улуу тоолордун кооздугунан ырахат алууга мүмкүндүк берет.

Сулайман-Тоо
Тоо беш баштуу катып калган акиташтан туруп, батыштан чыгышты карай созулат. Узундугу 1140 метрден ашат, туурасы 560 метр. Тоо байыртадан сакралдык мааниге ээ болгондугун сакталып калган петроглифтер тастыктайт. Тоонун бетинде өзүнүн тарыхын чагылдырган музей жайгашкан. 16-кылымга чейин Бара-Кух деп аталып келген, андан соң, 20-кылымга чейин Такты-Сулайман деп аталган.

Сулайман тоо

2010-жылы тоо этегине Ош шаарынын көчөлөрүндөгү баш аламандыктан жабыркагандарга „убактылуу үйлөр ” салына баштаганы тарыхчыларды жана маданият таануучуларды кооптондурат.

2009-жылдын 29-июнунда Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун Бүткүл Дүйнөлүк Мурастар Тизмесине киргизилген. 2011-жылдын 1-июнунда ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы, Казакстандагы, Таджикистандагы жана Өзбекстандагы өкүлү, ЮНЕСКОнун кластердик бюросунун мүдүрү Сергей Лазарев Кыргыз Республикасынын Экс Президенти Роза Отунбаевага ыйык Сулайман-Тоону Бүткүл Дүйнөлүк Мурастар Тизмесине кошулгандыгы тууралуу сертификат тапшырган. Кыргызстандын кооз жерлери кепти улайлы.

Орто-Токой суу сактагычы
Кыргызстандагы алгачкысалынгансуу сактагыч, 1956-жылы курулган. Кочкор айылынын артында, Чүй дарыясында жайгашкан. Узундугу 18чакырым, көлөмү 4700 млн кубдан ашат.

Орто токой суу сактагычы

Суу сактагычтын негизги максаты - Чүй областынын жана Казакстандын түштүгүнүн айдоо жерлерин сугаруу. Суунун үстү өзүнүн чексиз кеңдиги жана бейкапарлыгы менен таң калтырат, ошол эле убакта суунун түсү ар кайсы жерлеринде өзгөрүп турат, бир жеринде назик көгүш, бир жеринде жашыл сымал, айрым жерлеринде болсо кара түстөр көрүнөт. Суу сактагычка боз жана күрөң түстөгү тоолордун чагылышуусу да өзгөчө көрк берет.

Чатыр-Көл
Көл тектоникалык ойдуңда Ат-Башы жана Торугарт-Тоо тоо кыркаларынын ортосунда деңиз деңгээлинен 3530 м бийиктиктен орун алган. Аянты 153,5 чарчы чакырым, суунун көлөмү 610 млн куб метр. Рельефи майда көл-дайралуу аккумулятивдик тегиздикти элестетет. Көлдүн түштүк-чыгыш жээги негизинен саздак, түндүгү - аска-зоолуу. Чатыр-Көл ойдуңунун климаты континеналдык. Абанын жылдык орточо температурасы терс көрсөткүчтө( -5,6° С), кышкысын кээде -50° С ка жетет, жайкысын жогорку температура +24° С ту түзөт. Жаан-чачындын орточо көрсөткүчү көп эмес - 208-269мм, 80-90% жайкы мезгилде жаайт.

Чатыр көл

Семёнов капчыгайы
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде Чолпон-Ата шаарынан чыгышты карай 40чакырым алыстыктагы Семёновка айылынын жогору жагында Ысык-Көлдөгү эң кооз жерлердин бири - Семёнов капчыгайы жайгашкан. Капчыгайдын узундугу 30 ч, төмөн жагында таза мөңгү суусу бар Ак-Суу дарыясы буркан-шаркан агып турат, капчыгай бетинде болсо Тянь-Шань бийик карагайлары өсөт. Жаз жана жай мезгилдеринде тоонун таза абасы бийик тоолордо өскөн чөптөрдүн жытына толот.

Семенов капчыгайы

Семёнов капчыгайы Кыргызстандын ажайып кооз жерлеринин бири болуп саналып, Ысык-Көлдөгү эс алуучуларга сөзсүз экскурсия кылууга сунушталат. Жайкысын бул жерде бардык каалоочулар кыргыздын улуттук ашканасынын: бешбармак, кымыз ж.б. даамын татууга шарт түзгөн боз үйлөр тигилет. Ат үстүндөгү сейилдөөнү сүйгөндөр үчүн капчыгайдын ичинде ат жүрүштөр уюштурулат.

Көл-Суу
Көл-Суу көлү түнөө каралган трекинг же альпинизм убагында барууга эң мыкты жер. Нарын областында жайгашкан. Бул Кыргызстандагы эң сырдуу жана аз изилденген көл. Көл-Суу Кытайга жакын чек ара аймакта орун алып, жетүү үчүн дарыяны жана саздак жерди басып өтүүгө туура келгендиктен, мыкты жүргөн жол тандабас унаалар керектелет. Көлгө өзүңүз менен чогуу чатырча алып алганыңыз оң, чатырчаны көлгө жакын тигип алсаңыз болот. Эс алуучулардын айтымында бул жер кайталангыс, балким Кыргызстандагы эң кооз, бирок жетүүгө кыйын жер. Көл-Суу Бишкек шаарынан 530 км алыстыкта жайгашкан.

Көл-суу көлү

Мерцбахер көлү
Мерцбахер көлү Эңилчек мөңгүсүнүн түндүк жана түштүк бөлүктөрүнүн ортосунан орун алган. Мерцбахер көлүнүн сыры жайкысын пайда болуп, болжол менен август айында Эңилчек дарыясына куйганында. Чындыгында, узундугу 6 ч, туурасы 1 ч болгон көлдүн кичине бөлүгү гана дарыяга агып түшөт. Көл муз көпүрө менен эки бөлүккө бөлүнгөн, ылдыйкы бөлүгү дарыяга агып түшкөндө, жогорку бөлүгү дайыма толуп турат. Көл жылына эки жолу агып түшөт: кышында жана жайында, бирок көпчүлүк адамдар жайындагы агып түшүүнү эле билишет.

Мерцбахер көлү

Жомок капчыгайы
Жомок капчыгайы Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Тосор айылынан алыс эмес, негизги унаа жолунан 4-5 км алыстыкта жайгашкан. Ысык-Көлдө эс алсаңыз сөзсүз барыңыз, кызыктуу болот, өзгөчө балдарыңызга. Сиз адам колунан жаралбаган жомок шаарына туш болосуз. „Кытай дубалы” деп аталган узундугу 5 км жеткен каньонду көрөсүз, ал кызыл топурактан жана кумдан жаратылыштын колу менен жасалган уктап жаткан хансарайларды, таң калычтуу жаныбарларды: пилдерди, бегемотторду, жыландарды жана башка биз көрө элек жаныбарларды кайтарып тургандай түр калтырат.

Жомок капчыгайы

Каркыра өзөнү
Каркыра дарыясы Күңгөй Ала-Тоонун мөңгүлөрүнөн башталат. Дарыя Кыргызстан жана Казак Республикасынын ортосундагы табигый чек ара болуп саналат. Дарыяны бойлой ушундай эле аталыштагы өзөн жайгашкан. Бул жердин мындай аталышына каркыралар себепкер болушкан. Бул куштар күз мезгилинин башында жана жайында мезгилдик учууларда эс алуучу жер катары колдонушат. Бул мезгилде аймакты каркыралардын үнү жаңыртат, куштар күчтөнүп, жолун андан ары улашат. Аймактын аянты 60000 га. Жашыл түздүк күндүн нурунан жылып гүл ачат, батыш тарапта болсо Күнгөй Ала-Тоонун чокулары асман тирейт. Өзөн кичине капчыгайдан башталып, өрөөнгө айланат.

Каркыра жайлоосу

Өрөөндө жашыл жана көгүш түстөрдүн айкалышуусун көрүүгө болот. Көз алдына чөптөр жана асман жуурулушат. Илгери өзөн аркылуу Улуу Жибек Жолунун кербен жолу өткөн, атактуу Каркыра жарманкеси болуп турган. Азыр бул жерде мал жайылат. Каркыра дарыясынын суусу Ысык-Көл областынын талааларын сугарат. Өткөн кылымдын 80-жылдары дарыя үстүнө көпүрө салынган, оң тарабындагы жээгине казак альпинисттери үчүн анча чоң эмес имарат курулган. Андан аз убакыт өтүп, Кыргызстан тараптан альпинисттерге арналган Чар-Кудук лагери ачылган. Аймак дары чөптөргө бай. Бул жердеги балчылар өндүргөн бал абдан бааланат жана өзгөчө даамга ээ. Аталган ажайып кооз жерде эс алууну мыкты өткөрүүнүн көп түрлөрү: ат үстүндө сейилдөө, балык уулоо, рафтинг ж.б. каралган.

Достор, Мекенибиздин силер кандай дагы кооз жерлерин билесиңер, комментарийге жазгыла, Кыргызстандын кооз жерлери макалабызды толуктайлы.

Дайындагандар: Мүсүралиев Н., Асылбекова А.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)