Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чатыр кол уламышы

Ак-Сай жайлоосунда Чатыр-Кол деген эн сулуу кол бар. Чатыр-Кол жер устундо жок эн кооз жана тунук кол. Анын суусу да ичимдуу, даамы жагымдуу. Тоого чыгып карасан тиккен чатырдай болуп корунгондуктон Чатыр-Кол аталса керек. Дуйно жузундо канча турдуу канаттуу болсо, баары жайында колго конот. Ошол кол жонундо мындай уламыш бар экен. Илгери откон заманда бир жолоочу Кытайга сапар тартып баратып ушул колго туш болот. Кыш убагы болгондуктан колдун усту тонуп калыптыр.

Ал адам жолду кыскартуу максатында эшеги менен муздун усту менен отуп кете берет. Ангыча орто жерине жетип калганда, муз сынып, эшеги колго тушуп кетет. Жолоочу озу эптеп-септеп аман-эсен суудан чыгат. Арадан эки-уч жыл отуп, баягы киши Ысык-Колго келет. Кол жээктеп баратса, бир карыя колдун жээгинен эшек чомун таап алып, аны кармалап отурган экен. Отуп бара жаткан жолоочу озунун эшегинин чомун таанып: - Аксакал, Сиздин колунуздагы менин эшегимдин чому турбайбы. Мен муну откон жыдары Чатыр-Колдон жоготком. Эшегим кышында сууга тушуп кетти эле. Муну кайдан алдыныз? - деп кызыгат.

- Балам акыл эсин ордундабы. Чатыр-Колдо жоготкон чомун бул Ысык-Колго келип калгандай буту бар беле? - деп чунандап уруша кетет. - Ишенбесениз, он, жаккы тигишин согуп корунуз. Эки жамбы алтын тапсам меники, - дейт ал киши. Карыя жолоочу эшектин чомунун он жаккы тигишин согуп корушсо, чынында эле эки жамбы алтын бар болот.

Ал адамдын созуно ишенген карыя кандайча болгонун сурайт. Ал киши кантип Чатыр-Колго барганын, эшеги чогуп кеткенин айтып берет. Жакаларын карманган экоо: - Ой, тобоо, Чатыр-Кол менен Ысык-Колдун байланышы бар экен. Ортосунда биригип турган агым суулар аркылуу эшектин чому Ысык-Колдон чыккан тура, - дешип тан калышат. Бул окуянын канчалык чындык экенин белгисиз, бирок бул уламышка карап, чынында эки колдун ортосунда бириккен байланышы бардыр деген ойго келесин.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 8668, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо