Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Денудация

Денудация (латынча denudatio — жылаңачтануу) — тоо топурактарынын бузулуу процессинин жыйындысы жана алардын экзогендик процесстер менен жер бетинин төмөнкү аймактарына жылдырылып, ошол жакта топтолуусу.

Денудациянын темпи жана мүнөзүнө тектоникалык кыймылдар чоң таасир этет. Тектоникалык кыймылдардын денудацияга болгон катышы жана жер кыртышынын кыймылы кургактык рельефинин өнүгүү багытынан көз каранды. Тектоникалык көтөрүлүү эффектисинен денудация жана бузулуу процесстери үстөмдүк кылганда, абсолюттук жана салыштырмалуу бийиктиктер акырындан төмөндөйт, ошондой эле, жалпы рельеф башкалар менен теңелет (нивелирленет). Жер бетинин чоң жантайыңкылары бузулууга өбөлгө болуп, тоолордо процесс өзгөчө тез жүрөт. Денудация процесстеринин узак мөөнөттүү басымдуулук кылуусунун натыйжасында бүтүндөй тоо өлкөлөрү толугу менен бузулуп, толкундуу денудациялык түздүктөргө (пенеплендер) айланышы мүмкүн. Денудациянын натыйжасы катары башка денудациялык беттер дагы болот — педименттер, педиплендер, тоо алдындагы тепкичтер.

Денудациянын интенсивдүүлүгү жөнүндө белгилүү өлчөмдө дарыялар менен агызылган шилендилердин саны боюнча баалоого болот (жылына бир нече миң тоннага чейин).

«Денудация» термини кээде тар мааниде колдонулат — тоо топурактарынын суу (кээде суу менен гана), шамал, муз (мөңгү) менен жуулган (бузулган) же жогорку деңгээлдердин төмөнкү деңгээлдерге болгон салмактын таасири алдындагы жемирилүү өндүрүмдөрүнүн жылуу процесстерин белгилөө.

Денудациялык түзтүктөр — экзогендик процесстердин таасири алдында түзүлгөн түздүктөр, негизинен, жемирилүү, үбөлөнүү, муну түздөн-түз шамалдын гана иши деп түшүнүүгө болбойт. Жемирилүү же үбөлөнүү, тоо топурагынын же тегинин химиялык, физикалык жана башка табигый процесстер, көрүнүштөр менен бузулуусу.

Мисалы, Жети-Өгүз тоолорун байкасаңыз, баш жагы жарлуу келип, түбүндө шилендилер чогулган, бул тоонун башындагы тоо теги кайсы бир денудациялык себептерден (шамал, жаныбарлар, канаттуулар, жаан-чачын, кар, муз ж. б.) үбөлөнүп, түбүнө түшкөн.

Жети-Өгүз тоолорунун денудация мисалы
Жети-Өгүз тоолорунун денудация мисалы
Жайгаштыруу: 2022-05-16, Көрүүлөр: 736, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-05-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо