Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Александр Македонский

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Александр Македонский

Александр Инди өрөөнүнө чейин кирип барып, бир катар жеңиштерге жетишкен. Бирок ондогон жылдар бою жортуулда жүрүп чарчаган жоокерлер андан ары Ганга дарыясынын жээгин көздөй баруудан баш тартышкан. Ошондуктан Александр буга көнүүгө аргасыз болгон. Ал өз мамлекетинин борборуна айландырылган Вавилондо тыныгып жана күч топтоп, жаңы жортуулга даярдана баштайт. Александр Македонский жортуулдан кайткан соң бат эле каза болот. Анын эң чоң мамлекети тез эле бытырап кетет, анткени ал Александрдын аскерлеринин күчү менен гана кармалып туррган.

Бирок Александрдын салып кеткен жолу текке кеткен жок. Ал жол менен соода кербендери тынымсыз жүрө баштаган. Гректердин жана байыркы чыгыш элдеринин бай маданияты аралашып, мурдагы таза грек же эллин маданиятынан айырмаланып, жаңы эллиндик маданият пайда болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5944, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу