Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бакен Кыдыкеева

Баш барак | Биографиялар | Бакен Кыдыкеева
Бакен Кыдыкеева — кыргыздын XX кылымдагы театр жана кино актрисасы. СССРдин эл артисти (1970).
Мазмуну
Бакен Кыдыкеева
Бакен Кыдыкеева
Төрөлгөн датасы1923-жыл, 20-октябрь
Төрөлгөн жериКыргызстан, Чүй облусу, Төкөлдөш айылы
Кесибиактриса
ТеатрларКыргыз Жаш көрүүчүлөр театры, Кыргыз драма театры
ЖарандыкКыргыз ССРи, Кыргызстан
Каза болгон датасы1993-жыл, 30 декабрь (70 жаш)
АтасыАманбаев Кыдыке

Өмүр баяны

Оюн-карак, шайыр Бакен Кыдыкеева 1923-жылдын 20-октябрында Чүй облусунун муруңку Ала-Мүдүн районуна караштуу Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Айтылуу «Төкөлдөштүн төрт кызы» аттуу фразанын эң кичүүсү Бакен Кыдыкеевага таандык (Биринчиси — Сабира Күмүшалиева, экинчиси — Сайра Кийизбаева, үчүнчүсү — Даркүл Күйүкова).

Атасы Кыдыке окуганды билген, сабаттуу, маданияттуу адам болгондуктан, үйүнө Карамолдо Орозов, Калык Акиев, Шаршен, Куйручук, Осмонкул Бөлөбалаевдер келип турушчу делет.

Бакен толук эмес орто мектепте 7-класска чейин окуп, 1936-жылы сахна ишмердүүлүгүн Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрында (орусча ТЮЗ, учурдагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр жана жаштар театры, Бишкек) 13-14 жаш чамасында баштаган. Кийин облустук, республикалык театрларда эмгектенген.

Бирок, Бакендин атасы башында кызынын театр жаатындагы кызыгуусуна каршы болот, Бакен сүйүктүү кесибин таштоону чечим кылат. Театрга жумуштан кетүү арызын жазуу үчүн келген күнү, Жаш көрүүчүлөр театрынын режиссеру А. Самарин-Волжский Бакендин жагдай-ахыбалын билбестен, Лопе де Веганын «Койлуу булак» (орусча Овечий источник) спекталиндеги Лауренсиянын башкы ролун берет (алгачкы ролу). Баш тарта албаган Бакендин премьерасынан кийин бүтүн республикага анын аты белгилүү болот. Атасынын каарынан корккон Бакен бир нече күн үйүнө барбай коет. Премьерадан үч күн өткөн соң үйүнө кайтып келген Бакен, босогодо отуруп алып гезит окуп жаткан атасын көрөт. Кызынын жанына келип, атасы Бакенден сурайт: Бул жерде «Овечий источник» спекталинде Бакен Кыдыкеева башкы ролду эң мыкты аткарды деп жазыптыр, ал сенби? деп. Атасынан корккон Бакен араң-араң башын ийкейт. Ошол учурда сөз укпаган кызына жинин чыгаруунун ордуна, атасы кызынын чекесинен өөп. Ошол кезден тартып, кызынын талантынын күйөрманы болуп, ар бир премьера сайын кучак гүл көтөрүп келип турчу.

Бакен оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган чебер артист болгон. Бакен Кыдыкева кыргыз драматургдарынын чыгармалары менен катар эле орус жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларындагы каармандарды да жогорку деңгээлде ойногон.

1941—1944-жылдары — Пржевальск (Ысык-Көл облусу) жана Нарын облустук театрлардын актрисасы, 1944-жылы Кыргыз ССР кеңешинин алдындагы искусство иштери боюнча башкармасы Бакен Кыдыкееваны Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Республикалык Кыргыз академиялык драма театрына которуп ал жакта актриса болот (учурдагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры). Мында ал алгачкылардан болуп К. Жантошевдин «Курманбек» драмасын ойнойт.

1955-жылдан тарта СССРдин ар кайсы киностудияларында киного тартылган. Кыргыз ССРинин кинематографисттер биримдигинин мүчөсү.

Ата-Мекендик искусствонун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, өз кезегинде Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова сыяктуу искусство адамдарына өз тарбиясын берген.

1990-жылдан тарта жана өмүрүнүн акырына чейин кайрадан Жаш көрүүчүлөр театрында ойногон.

Официалдуу документтер боюнча 1993-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында А. Жангорозованын жерге берүү тажиясынан кийин кайсы бир жерге бара жатып автобус сүзүп каза болот. Келини мындай жаман окуяны газетадан окуп, моргдо 18 күн болгон сөөгүн алып келип, кийин Ала-Арча көрүстөнүндө коюлган.

Үй-бүлөсү

Биринчи жолдошу — Абды Мүсүралиев, актёр, Тору-Айгыр айылынан, Пржевальск театрында бирге иштешип (кээ бир маалыматтар боюнча Жаш көрүүчүлөр театрында иштешип жүрүп), ошол жактан үйлөнүшкөн. Экинчи жолдошу — Ажыгабыл Айдаркулов, режиссёр, авто кырсыктан көз жумган. Бир кыз (33 жашында каза болгон), эки уулдун апасы. Балдарынын бири музыкант.

Чыгармачылыгы

Актрисанын чыгармачылык биографиясында жүздөн ашык театралдык жана кино ролдору бар. Кыдыкееваны кыргыз театрында дүйнөлүк авторлордун бардык пьесаларындагы башкы аялдардын ролун алгачкылардан болуп аткаргандыгы үчүн аны «Биринчи» деп аташат. Ал «Салтанат» аттуу биринчи улуттук толук метраждуу көркөм фильминде башкы ролду ойногон биринчи актриса болгон. Ч. Айтматовдун «Бетме — бет» чыгармасы боюнча коюлган спектакльдагы Сейденин ролун биринчи аткарган.

«Салтанат» көркөм фильми, Бакен Кыдыкеева Салтанаттын ролунда, режиссёр В. Пронин, Мосфильм, 1955
«Салтанат» көркөм фильми, Бакен Кыдыкеева Салтанаттын ролунда, режиссёр В. Пронин, Мосфильм, 1955

Евгения Козырева — РСФСР эл артисти — «...Бакен Москвага келип, эски Арбаттагы Вахтангов театрында Катеринанын ролун ойноп жатты. Ошондо мен, чоң актрисаны көрдүм, акылдуу... терең...»

Театралдык ролдору

Кыргыз Жаш көрүүчүлөр театры

Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театры

Кино тасмалар

Бакен Кыдыкеева өзүнүн таланты менен кыргыз сахнасынын көптөгөн бийиктиктерин багынтып, кино жаатында да көптөгөн профессионалдуу ролдорду жараткан. Бакен Кыдыкеева Кыргызстанда гана талаптуу актриса болбостон, аны коңшу өзбек киностудияларына да чакырышкан.

Г. Базаров — «Бакен эже Толгонайдын ролуна бекитилип, кино тартылуучу аянтта мен актёрлорго сөздөрдү айтышым керек болчу, Бакен Кыдыкееваны көрүп сүрдөп кеттим. Ал мени четке чакырып, балам... сен режиссёрсуң, сен тартынба, сен мага буйрук бере бер, сен мага айта бер, а мен ойноймун, аткарамын... сен уялба... - деди. Ушундай айкөл чебердин дебютантка болгон мамилеси эч качан унутулбайт».

Бакен Кыдыкеева — «Театрда же кинодо болсун, ушу энелердин образы мен үчүн өзгөчө дагы, ардактуу дагы».

Жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө

Актрисанын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн макалалар жана эки монография жазылган. Кыргыз актрисасы таанымал болгондуктан, монографиялардын бирин орус журналисти В. Иванова тарабынан жазылып, ал Москва шаарында жарык көргөн. 2004-жылы кыргыз драматургу Ж. Кулмамбетов Бакен Кыдыкеева жонундо «Талант жана тагдыр» аттуу пьеса жазган.

Жашоосунан фактылар

Сыйлыктары жана наамдары

Түбөлүктөө

Айрым ролдорунан кадрлар

«Ашууда» кинофильми, Райхан, режиссёру А. Сахаров, Кыргызфильм, 1961
«Ашууда» кинофильми, Райхан, режиссёру А. Сахаров, Кыргызфильм, 1961
«Биринчи мугалим» — Кара катын (чернуха), режиссёр А. Михалков-Кончаловский, Кыргызфильм, 1965
«Биринчи мугалим» — Кара катын (чернуха), режиссёр А. Михалков-Кончаловский, Кыргызфильм, 1965
«Жолугушуу жана ажырашуу» — Хадича хон, режиссёр Э. Ишмухамедов, Өзбекфильм, 1974
«Жолугушуу жана ажырашуу» — Хадича хон, режиссёр Э. Ишмухамедов, Өзбекфильм, 1974
«Караш-караш окуясы» — Кадича, режиссёр Б. Шамшиев, Кыргызфильм, 1969
«Караш-караш окуясы» — Кадича, режиссёр Б. Шамшиев, Кыргызфильм, 1969
«Көчө» — Сейил, режиссёр Г. Базаров, Кыргызфильм, 1972
«Көчө» — Сейил, режиссёр Г. Базаров, Кыргызфильм, 1972
У. Шекспир, «Король Лир», Гонерильянын ролунда
У. Шекспир, «Король Лир», Гонерильянын ролунда
К. Жантошев, «Курманбек» драмасы, Айганыш, Кыдыкеева ортодо
К. Жантошев, «Курманбек» драмасы, Айганыш, Кыдыкеева ортодо
«Революциянын атчандары» — Комиссар Хадича Аминова, режиссёр К. Ярматов, Өзбекфильм, 1973 (1968)
«Революциянын атчандары» — Комиссар Хадича Аминова, режиссёр К. Ярматов, Өзбекфильм, 1973 (1968)
«Саманчынын жолу» же «Жер-эне»  — Толгонай, Ч. Айтматов, 1967
«Саманчынын жолу» же «Жер-эне» — Толгонай, Ч. Айтматов, 1967
«Тайфун» — Фань И, Цао Юй
«Тайфун» — Фань И, Цао Юй
«Тайгак кечүү» — Азиз эне, режиссёр М. Убукеев, Кыргызфильм, 1963 (1964)
«Тайгак кечүү» — Азиз эне, режиссёр М. Убукеев, Кыргызфильм, 1963 (1964)
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 7142, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо