Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Таттыбүбү Турсунбаева

Таттыбүбү ТурсунбаеваКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы, улуттук театр жана кинонун көрүнүктүү актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Жумгал района караштуу Чаек айылында жарык дуйного келген. Алгач айылдык мектепти аяктап, 1966-жылы Ташкенттеги А. Н. Островскийдин атындагы театралдык-сүрөтчүлүк институтунун актердук бөлүмүн бүтүрүп, чыгармачылык жолун Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынан иштеп баштаган. Актриса өзүнүн аткаруучулук таланты жана сахнадагы жаркын ажары аркылуу республикабыздын театр көрөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, эстен кеткис ажайып образдарды жараткан.

Ал өзү ойногон кейипкерлердин ролдорун жөнөкөй турмуш менен байланыштырып, ийине жеткире ойной билген. Ч. Айтматовдун Кызыл жоолук жалжалым спектаклинде Аселдин, М. Каримдин Ай тутулган түнүндө Шафактын, М. Байжиевдин Ар бир үйдө майрамда Мадинанын,Байыркы жомокто Зулайканын, К. Маликовдун Осмонкул тарыхыйдрамасында Бүбүнүн, В. Шекспирдин Ромео жана Жульеттасында Жульеттанын, Азоого чалмасында Бьянканын, А. Токомбаевдин Өлбөстүн үрөнүндө, Төрөкандын, Ш. Садыбакасовдун Ак боз атында Эркайымдын, Е. Шварцтын Кар ханышасында Ханышанын, А. Макаеноктун Трибуналында Надянын, Г. Лорканын Бернарда Альбанын үйүндө Амельянын, К. Мамбетакуновдун Омор Хаямдын махабаты спектаклинде Эльпинин жана башка көптөгөн спектаклдерде эстен кеткис элестүү ролдорду аткарган.

Сахнада бар болгону 15 жылдан ашык мезгил жашаган Т. Турсунбаева жеке эле театр сахнасында гана эмес, айрыкча кинодо гана түзгөн образдары аркылуу кино сүйүүчүлөрүнө да таанымал.

Кыргызфильм киностудиясында тартылган Отко таазим, Арман, Кызыл алма, Коңур күз, Саманчынын жолу, Процесс, Ак Мөөр, Сүйүү жаңырыгы, Атадан калган туяк жана башка фильмдердеги башкы көрүнүктүү ролдорду ойноп, көп кырдуу татаал, өлбөс образдарды жеткиликтүү аткарып, экранга алып чыккан сулуулугу менен элдин эсинде түбөлүккө сакталып калган кино жылдызы катары кеңири белгилүү.

Таттыбүбү Турсунбаева Отко таазим аттуу фильмде Уркуянын ролун мыкты аткарганы үчүн 1971-1972-жылдары Тбилиси шаарында өткөн Бүткүл Союздук конкурста Советтик граждандын эрдигине деген диплом жана Кызыл алмадагы бейтааныш сулуунуи образы үчүн Швейцариянын Локарно шаарында өткөн 28-Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда Ардак грамота менен сыйланган.

1974-жылы театр сахнасындагы жана кыргыз киноискусствосундагы сиңирген татыктуу эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы деген ардактуу наам ыйгарьшган.

Нукура галантты сыйлык менен ченеп да, өлчөп да болбойт. Талант үчүн сыйлык - анын эл ичинде көөнөрбөй, унутта калбай жашаганында. Анын ысымы кыргыз киносунда ар дайым сыймык менен аталып, тасмада жараткан кайталангыс образдары жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет. Республиканын кинематографисстери ал жөнүндө даректүү фильм тартышса, акындар Ж. Мамытов, Э. Турсунов жана башкалар ага арнап ыр жазышкан.

Инсандын Ысымы Чаек айылындагы мектепке берилген. 1981-жылы 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)