Кино

Кино деген эмне? Бардыгыңар эле кинону жакшы көрөсөңөр керек. Балким силер киносуз турмушту элестетүү кыйын деп ойлоорсуңар. Ал эми кино жакында эле пайда болгон. Кино тарыхы боюнча айтсак - 19-кылымдын аягында кыймылда болгон буюмдарды, адамдарды, жаныбарларды, жалпысынан айтканда бардык эле кыймылдагы нерселерди плёнкага түшүрүүчү аппарат ойлоп чыгарылган. Бул аппаратты кинематограф деп аташкан. Ал гректин кнема - кыймыл жана графо - жазам, кагазга түшүрөм деген сөзүнөн келип чыккан (кийин бул аппарат кино камера деп аталып калган). Мына ошондо кино өнөрү, башкача айтканда, кинофильм жаратуу өнөрү пайда болгон. Фильмди жаратуу иши көркөм адабияттын бөтөнчө бир түрү болгон сценарийден башталат. Сценарийде келечек кино-фильмдин мазмуну майда-чүйдөсүнө чейин иштелип, окуялардын орду жана убактысы аныкталып, актёрлор сүйлөй турган сөздөрдүн бардыгы жазылат.

Сценарийдин мазмунуна ылайык фильмдеги каармандардын ролун аткаруучу актёрлор тандалып алынат, сүрөтчүлөр кийимдерди жана жасалгаларды даярдашат, композитор фильмге музыка жазат. Фильмди жаратуучу коллективдин жетекчиси кинорежиссёр болот. Ал актёрлор менен иштейт, операторлорго, сүрөтчүлөргө, гримдөөчүлөргө, кийимди тейлөөчүлөргө жетекчилик кылат. Кино-оператор фильмди плёнкага түшүрөт. Ар бир көрүнүштүн ачык-айкын жана таасир калтыргыдай деңгээлде тартылышы операторго байланыштуу. Фильмдин ийгилиги көп учурда актёрлорго байланыштуу. Анткени биздин замандаш актёрго орто кылымда жашаган адамдын турмушу менен жашоого же келечектин адамы болууга, колго кылыч алып, чабуулга кирүүгө же жааган окко карабай калың карды жиреп, сойлоп жөнөөгө туура келет. Киноактёр өтө кыска мөөнөттүн ичинде көп нерсени үйрөнүүгө жана көптү түшүнүүгө милдеттүү. Фильм биз экрандан көргөндөй башынан аягына чейин бир тартылбай, бөлөк-бөлөк тартылат.

Анын үзүндүлөрү 400-500гө чейин жетет. Мына ошол ар түрдүү үзүндүлөрдү бир бүтүн нерсеге бириктирүүнү монтаж дейт. Монтаж - фильмди даярдоодогу эң маанилүү жумуштардын бири. Мына ошентип зор чыгармачылык иш аяктады. Фильм даяр болду. Кино жонундо маалыматты улайлы.

Кинокартинанын кейипкерлери эми экранда кыймылга келет. Ар бир окуяны жана жандуу кыймылды көз менен көрүү адамдын аң-сезими жана ой-пикирине күчтүү таасир этет. Ошондуктан кинонун тарбиялык, үлгү болорлук мааниси да чоң. Силер Бакайдын жайытында дүңгүрөтүп жылкы айдап, Бала менен чогуу Ак кемеге жетүүгө кыялданып, Кожожаш менен бирге тоо боорунда улактай ойноп, дүйнөнү түрө кыдырып, Жеки Чан, Ван Дамм, Арнольд Шварцнеггер менен бирдикте укмуштуу жагдайларга туш болуп, Стивен Сигал менен террорчуларга каршы күрөшкүңөр келсе керек. Кино силерге шаар, кыштак, көл, тоо, токойлорду - жердин бардык түрү менен байлыгын туура жана таасирдүү кылып көрсөтөт. Фильм адамды бир нерсени сезүүгө, ойлонууга, кыжырданууга жана ишенүүгө мажбурлап, бүт жер шарына саякатка алып чыгат. Ар түрдүү өлкөлөрдүн кинематографисттери катышкан эл аралык кинофестивалдар өткөрүлөт. Кино - элдердин катнашуусунун маанилүү куралы, адамзаттын тынчтык жана элдердин ынтымагы үчүн күрөшүнүн эң сонун жардамчысы. Кыргызстанда кино Совет бийлигинин жылдарында түзүлүп калыптанды. Адегенде хроникалык жана документ фильмдер, 1955-жылдан көркөм фильм, 1977-жылдан кыргыз мультфильмдери чыгарыла баштаган.

Азыркы учурда кыргыздын айрым кинофильмдери дүйнөлүк масштабда мактоого татырлык деңгээлге жетишип олтурат. Мынакей достор кино тууралуу маалыматыбыз ушул. Кыргызча даярдаган Сабырбекова Нуржанга ыраазычылык билдиребиз.

Кошумча шилтемелер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)