Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сейдакматова Жамал

Баш барак | Биографиялар | Сейдакматова Жамал

Сейдакматова Жамал(1938-жылы туулган, Ысык-Көл району, Темир айылы) - артист, Кыргыз ССР эл артисти (1977; эмгек сиңирген артист, 1970). Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Кыргыз мамлекеттик академик театрына 1957-жылы өздүк көркөм чыгармачылык коллективинен келген. 1992-жылдан «Туңгуч» театрынын көркөм жетекчиси. Ырчы катары да белгилүү. С. лирикальпс маанайдагы, ички маанилерге бай образдарды түзүүгө чебер. Аткарган ролдору: Жамал (айыл Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), Алиман, Сейде, Күлсүн (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу», «Бетме-бет», «Кыямат»), Айганыш (айыл Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Катерина, Дездемона (У. Шекспир, «Азоого чалма», «Отелло»), Шайыргүл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»), Эркайым (шаары Садыбакасов, «Ак боз ат»), Агафья Тихонова (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Шафак (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Алмагүл (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Каныкей (жылы Садыков, «Манастын уулу Семетей»), Салыя (К. Акматов, «Ажырашуу»), Мунабия (К. Акматов, Д. Кулманбетов «Мунабия») жана башкалар С. киного да тартылган; Зиягүл («Алыскы тоолордо»), Хатша («Караш-Караш окуясы»), Жамал («Ташка баткан элестер»), Фатима («Улан»), Бегайым («Ак илбирстин тукуму»), Шайыргүл («Кара кийикке жол») жана башкалар.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 927, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу