Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гео

Түштүк Америка

Түштүк Америка — Батыш жарым шардын түштүгүндө жайгашкан Жер планетасынын алты континентинин (материгинин) бири (караңыз: континент). Батышынан — Тынч океан, чыгышынан — Атлантика, түндүгүнөн — эки Американын ортосундагы табигый чек болгон Кариб деңизи менен чулганат. Материктин түндүк-батышындагы Панама моюнчасы Түштүк Американы Түндүк Америка менен байланыштырат. Эки континент кошулуп Америка дүйнө бөлүгүн түзөт.

Түндүк Америка

Түндүк Америка (англисче North America, французча Amérique du Nord, испанча América del Norte, Norteamérica, астекче Ixachitlān Mictlāmpa) — Жердин Батыш жарым шарынын түндүгүндө жайгашкан материк.

Денудация

Денудация (латынча denudatio — жылаңачтануу) — тоо топурактарынын бузулуу процессинин жыйындысы жана алардын экзогендик процесстер менен жер бетинин төмөнкү аймактарына жылдырылып, ошол жакта топтолуусу.

Гидросфера

Гидросфера (байыркы грекче гидро «суу» + сфера «шар») — Жердин суу кабыгы, бардык суулардын жыйындысы. Ал Дүйнөлүк океан, континенттик жер үстүндөгү суулар, мөңгүлөр, ошондой эле жер астындагы сууларга бөлүнөт.

Тынч океан

Тынч океан (эскиче Улуу океан) — Жердеги аянты жана тереңдиги боюнча эң чоң океан. Батышта Евразия жана Австралия континенттеринин, чыгышында Түндүк жана Түштүк Американын ортолорунда, түштүгүндө Антарктиданын үстүндө жайгашкан.

Ысык-көл облусу

Ысык-Көл облусу — өзүнө райондорду, айыл аймактарын, айылдарды жана шаарларды камтыган Кыргызстандын чыгышындагы административдик аймак жана жети облустун бири. Административдик борбору — Каракол шаары.

Австралия (континент)

Австралия (australis латын сөзүнөн — «түштүк») — Жердин Чыгыш жана Түштүк жарым шарларында жайгашкан, ошондой эле, планетадагы эң кичинекей жана эң кургакчыл континент. Материктин бүт аймагы Австралия мамлекетинин негизги бөлүгүн түзөт. Австралия жана Океания дүйнө бөлүгүнө кирет.

Америка

АмерикаТүндүк Америка жана Түштүк Америка материктерин, ошондой эле жакын жайгашкан аралдарды (анын ичинде Гренландия) камтыган дүйнө бөлүгү. Төрт жана беш континенталдык моделдерде, ошондой эле, эки алты континенталдык моделдердин бириндеги бирдиктүү континент (континент макаласын караңыз).

Сайтка жарнама жайгаштыруу