Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гео

Чүй облусу

Чүй облусу — Кыргызстандын түндүгүндө жайгашкан административдик аймак. 1939-жылдын 21-ноябрында Фрунзе облусу болуп калыптанып, 1959-жылы жоюлган. 1990-жылы республикалык баш ийүүдөгү райондордон Чүй облусу болуп калыптанган.

Ысык-көл району

Ысык-көл районуЫсык-Көл облусуна таандык болгон Кыргызстандын административдик аймагы. 1930-жылдарда уюшулган. Батышынан Тоң, чыгышынан Түп райондору, түндүгүнөн Кемин району жана Казак Республикасы менен чектешип, түштүгүнөн Ысык-Көл чулгайт.

Циклон

Циклон (байркы грекче κυκλῶν – «айлануучу») — вертикалдык огунун диаметри ири өлчөмдө болгон, борборунда төмөнкү аба басымды камтыган атмосфералык куюн түрүндөгү аба массасы.

Антициклон

Антициклон — деңиз деңгээлинде жабык каныккан изобаралары жана тиешелүү шамалдар бөлүштүрүүсү бар жогорку атмосфералык басым аймагы. Циклондон айырмаланып, антициклондун Түндүк жарым шардагы шамалы сааттын жебеси боюнча, ал эми Түштүк жарым шарда тескери багытта айланат.

Рельеф

Рельеф (французча relief, латындын relevo «көтөрөм» сөзүнөн) — тегиздик бетинин көрүнүшү (аймактын), форма, тегиздик бетиндеги дөңсөө, көрүнүшү, өлчөмү, келип чыгышы, жашы жана өнүгүү тарыхы боюнча ар кандай болгон жер кыртышынын үстүңкү бетиндеги же башка планеталык телолордун тегиз эмес дөңсөөлөрүнүн жыйындысы.

Ландшафт

Ландшафт (немисче Landschaft, аймактын көрүнүшү же элеси, Land — жер жана schaft – өз ара байланышты, өз ара көз карандылыкты туюндурган суффикс; сөзмө-сөз «чет жака элеси» деп которулушу мүмкүн) — келип чыгышы, өнүгүү тарыхы боюнча бир тектүү ошондой эле, зоналык жана азоналдык белгилери боюнча бөлүнгүс же ажырагыс аймак.

Атлантика океаны

Атлантика океаны же Атлантикалык океан — түндүгүндө Гренландия менен Исландиянын, чыгышында Европа менен Африканын, батышында Түндүк жана Түштүк Американын, түштүгүндө Антарктиданын ортосунда жайгашкан, чоңдугу жана тереңдиги боюнча Тынч океандан кийинки океан.

Океан

Океан (байыркы грекче Ὠκεανός, байыркы грек Кудайы Океандын атынан) — материктердин арасында орун алган, суулардын циркуляция системасы жана башка спецификалык өзгөчөлүктөрү бар, Дүйнөлүк океандын түзүүчү бөлүгү болгон ири суу объектиси. Океан атмосфера жана Жер кыртышы менен үзгүлтүксүз иш-аракетте болуп турат.

Флора

Флора (латынча flora) ботаникада — белгилүү бир аймакта («Кыргызстандын флорасы») же белгилүү бир шарттарга ээ болгон аймакта («саздардын флорасы») учурда же өткөн геологиялык доорлордо жайылган, тарыхый жактан калыптанган өсүмдүктөр түрлөрүнүн жыйындысы.

Фауна

Фауна (латын тилинен Fauna — токойлор жана талаалар кудайы, жаныбарлар үйүрүнүн коргоочусу) — белгилүү бир аймакта жашаган, тарыхый жактан калыптанган жаныбарлар түрлөрүнүн жыйындысы. Каалаган аймактын фаунасы, ареалдары окшош түрлөрдү бириктирген түрдүү фауналык комплекстерден калыптанат.

Сайтка жарнама жайгаштыруу