Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гидросфера

Баш барак | Гео | Гидросфера

Гидросфера (байыркы грекче гидро «суу» + сфера «шар») — Жердин суу кабыгы, бардык суулардын жыйындысы. Ал Дүйнөлүк океан, континенттик жер үстүндөгү суулар, мөңгүлөр, ошондой эле жер астындагы сууларга бөлүнөт.

Түзүмү жана курамы

Суунун көпчүлүгү океандарда топтолгон, андан азыраагы мөңгүлөрдө, континенталдык көлмөлөрдө жана жер астындагы сууларда. Туздуу океандык суулар гидросферанын көлөмүнүнүн 96,4 % түзөт, мөңгү суулары — 1,86 %, жер астындагы суулар — 1,68 %, жер үстүндөгү кургактык суулары — 0,02 %. Таза суунун көлөмү 2,5 % же 35 млн км3, алынуучу 0,3 % же 4,2 млн км3.

Океандар жер бетинин 71 %-га жакынын ээлейт. Орточо тереңдик 3800 метрди түзөт, эң тереңи (Тынч океандагы Мариана чуңкуру) — 10 994 метр. Океандык кыртышты чөкмө жана базальт катмарлары түзөт. Дүйнөлүк океандын сууларында туздар (орточо 3,5 %) жана бир катар газдар бар. Негизинен, океандын өйдөңкү катмары 140 трлн тонна көмүр кычкыл газын жана 8 трлн тонна кычкылтекти камтыйт.

Жер үстүндөгү континенталдык суулар гидросферанын жалпы массасында кичинекей гана үлүшкө ээ, ошондой болсо да, суу менен камсыздоонун, сугаттын, суу жеткирүүнүн негизги булагы болуп, жер үстүндөгү биосферада маанилүү ролду ойнойт. Анын үстүнө, гидросферанын бул бөлүгү атмосфера жана жер кыртышы менен дайыма байланышта болот.

Катуу абалдагы сууну (мөңгү, кар каптамдары жана түбөлүк тоң түрүндө) криосфера деп бириктиришет.

Гидросферанын курамы жана көлөмү
Гидросфера бөлүктөрү Көлөмү, млрд км3 %
Дүйнөлүк океан 1370 93,9399
Жер астындагы суулар 64 4,3884
Мөңгүлөр 24 1,6457
Көлдөр жана суу сактагычтар 0,280 0,0192
Топурак 0,085 0,0058
Атмосфералык буу 0,014 0,0010
Дарыялар 0,001 0,0001
Бүткүл гидросфера 1458,38 100

Байланыштар

Суунун гидросферанын бир бөлүгүнөн экинчисине өтүүлөрү Жердеги суунун татаал айлануусун түзөт.

Жердеги суунун айлануусу
Жердеги суунун айлануусу

Гидросфера өзүнүн бүткүл катмарында биосфера менен капталат, бирок, тирүү заттын көбүрөөк жыштыгы Күн менен жылытылуучу жана жарыктандырылуучу жер үстүндөгү катмарларга туура келет, ошондой эле, суулардын жээк аймактарына.

Жердеги тиричилик дал ушул гидросферада жаралган деп саналат. Палеозой доорунун башында гана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн акырындан кургактыкка чыгуусу башталган.

Жайгаштыруу: 2022-04-04, Көрүүлөр: 4616, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-04-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо