Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ысык-көл облусу

Баш барак | Гео | Ысык-көл облусу

Ысык-Көл облусу — өзүнө райондорду, айыл аймактарын, айылдарды жана шаарларды камтыган Кыргызстандын чыгышындагы административдик аймак жана жети облустун бири. Административдик борбору — Каракол шаары.

Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл облусу карта
Ысык-Көл облусунун герби
Герб
Ысык-Көл облусунун желеги
Желек
ЖайгашуусуКыргызстан
Абалыоблус
Курамы3 шаар, 5 район, 5 шаар түрүндөгү айыл, 61 айыл аймагы, 192 айыл (2023)
Административдик борборуКаракол шаары
Ири шаарларБалыкчы, Чолпон-Ата
Түзүлгөн датасы21-ноябрь, 1939-жыл
Тилкыргыз тили
Калкы538 384 адам (2023)
Жыштыгы~13,3 адам/км² (2023)
Аянты~43 735 км²
Саат алкагыUTC+6
ISO 3166-2KG-Y
Автомобильдик номерлер кодуI, 09
Жол жүрүүоң жагынан

1939-жылы 21-ноябрда түзүлгөн. 1959-жылы 27-январда жоюлуп, кайра 1970-жылы 11-декабрда уюшулган. 1988-жылы 5-октябрда Ысык-Көл облусуна Нарын облусу бириктирилип, 1990-жылы 14-декабрда алар кайра бөлүнүп, 1991-жылы Ысык-Көл облусу учурдагы абалында түзүлгөн.

Аянты 43 735 км² (республиканын аянтынын 21,6%).

Аталышы дүйнөдөгү эң чоң туздуу көлдөрдүн үчүнчүсү болгон Ысык-Көл көлүнүн атынан алынган. Тереңдиги боюнча дүйнөдөгү көлдөрдүн арасынан жетинчи орунда, суунун көлөмү боюнча онунчу (бетинин аянты боюнча эмес) орунда, жана эң терең көлдөрдүн бири. Эң терең жери деңиз деңгээлинен 939 метр бийиктикте. Көл дүйнөлүк маанидеги био ар түрдүүлүгү менен Рамсар конвенциясынын объектиси саналып, Ысык-Көл биосфералык коругунун бөлүгү.

Облусту Казакстандын Алма-Ата облусу (түндүгүнөн), Кыргызстандын Чүй облусу (батышынан), Нарын облусу (түштүк-батышынан) жана Кытайдын Синцзянь автономдуу облусу (түштүк-чыгышынан) курчап турат.

Символдор

Ысык-Көл облусунун желеги же туусу

Ысык-Көл облусун желеги
Ысык-Көл облусунун желеги
Кабыл алынышы24-декабрь, 2015
АвторуЭ. Сакеев

Ысык-Көл облусунун белгиси же герби

Ысык-Көл облусун герби
Ысык-Көл облусунун герби
Кабыл алынышы24-декабрь, 2015
Автору?

Калкы

Ысык-Көл облусунда 3 шаар (Чолпон-Ата, Каракол, Балыкчы), 5 район (Тоң, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл), 5 шаарча (Ак-Булак, Жыргалаң, Кажы-Сай, Орто-Токой, Пристань—Каракол), 61 айыл аймагы жана 192 айыл бар (2023). Калкынын саны 538 384 адам (2023).

Облус көп улуттуу, басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөт, калгандары орус, украин, казак, өзбек, татар, уйгур, дуңган ж. б. Калк көп жашаган ири айылдары: Кызыл-Суу, Түп, Бөкөнбаев, Теплоключенка, Ананьев, Бостери, Саруу, Барскон, Григорьевка, Даркан.

Административдик-аймактык бөлүштүрүү

5 район:

  1. Ак-Суу району — борбору Теплоключенка айылы
  2. Жети-Өгүз району — борбору Кызыл-Суу (мурдагы Покровка)
  3. Тоң району —борбору Бөкөнбаев айылы
  4. Түп району — борбору Түп айылы
  5. Ысык-Көл району — борбору Чолпон-Ата шаары

Облустук баш ийүүдөгү 3 шаар:

  1. Каракол (Ак-Суу районунда)
  2. Балыкчи (Ысык-Көл районунда)
  3. Чолпон Ата (Ысык-Көл районунда)

Географиясы

Облустун түндүгүндө Тянь-Шань тоо системасынын кыркалары менен курчалган (түндүгүндө Күнгөй Ала-Тоо жана түштүгүндө Тескей Ала-Тоо) Ысык-Көл көлү жайгашган. Түштүгүндө — тоолор жана жайлоолор бар. Тянь-Шань тоолорунун эң бийик чокулары, анын ичинде Хан-Теңири аймактын эң чыгыш бөлүгүндө орун алган. Калктын көпчүлүгү көлдүн айланасында же ага жакыныраак аймактарында жашашат, буга ылайык шаарлар жана айылдар дагы көлгө жакын.

Облустун рельефи эки негизги бөлүккө бөлүнөт: Ысык-Көл ойдуңу жана Тескей Ала-Тоодон Кытайдын чек арасына чейин созулган Ысык-Көл сырттары.

Облустун чегинде Ысык-Көл ойдуңу жана андагы ушундай эле аталыштагы көл орун алган. Тескей-Ала-тоонун беттеги жантайма болуп төмөндөп, сырт (бийик тоолуу өрөөндөр) аймактарына өтүп кетет, булар деңиз деңгээлинен 2500—3850 бийиктикте жайгашкан өрөөндөрдүн жана террастык тепкичтердин түз беттерин билдирет. Түштүк-чыгышынан сырттар Жеңиш чокусу (7439 м) жана Какшаал тоо кыркасы менен жээктелет. Жеңиш чокусунан түндүктү карай Хан-Теңири (6995 м) чокусу көтөрүлөт.

Климат

Климаттык бөлүштүрүү боюнча Ысык-Көл облусунун көпчүлүк бөлүгү Кыргызстандын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

Түндүк-Чыгыш Кыргызстандын (буга ылайык Ысык-Көл облусунун дагы) климаты, аянты чоң, деңиз климатына мүнөздүү болгон Ысык-Көлдүн таасири алдында калыптанат: кышы жумшак, салыштырмалуу жылуу жай, абанын салыштырмалуу бир калыптагы жылдык температурасы.

Облустун көпчүлүк бөлүгүн ээлеген Ысык-Көл ойдуңунун климаты мелүүн континенталдуу. Жайы жылуу; июль айынын орточо температурасы 16,9 °С (Каракол), 17,5 °С (Тамга айылы). Кышы жумшак; январдын орточо температурасы -5,7 °С (Каракол), -2 °С (Тамга). Жылдык жаан-чачындардын саны батышында 100—200 мм жана чыгышында 400—500 мм. Ойдуңдун чыгыш бөлүгүндө туруктуу кар каптамы болот (2—3 ай). Сырттардагы орточо температура: июлдуку — +11, +12 °С, январдыкы -15тен -16 °С чейин; жылдык жаан-чачындар орточо 300 мм түзөт. Деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктиктеги тоолордогу температура жылы бою минус же терс көрсөткүчтө. Ысык-Көл ойдуңуна батыш (улан) жана чыгыш (санташ) шамалдары мүнөздүү. Көлдүн чыгыш жээгинин үшүксүз мезгили 141 сутканы түзөт, батышында — 158, түндүгүндө — 169, түштүгүндө — 182 сутка.

Суулары

Ысык-Көл облусунун аймагында ири мөңгүлөр жайгашкан: Эңилчек, Кайыңды (Хан-Теңири — Жеңиш чокусу аймактарында), Петров (Ак шыйрак массивинде).

Ысык-Көл ойдуңундагы салыштырмалуу чоң суулар — Түп жана Жыргалаң суулары, негизинен сугат максатында колдонулат. Батышында көлдөн 3 км алыстыкта Чу дарыясы агат. Облустун түштүк-чыгышында куймалары менен Сары-жаз суусу (Тарима бассейни), түштүк-батышында Нарын бассейнинин суулары агат.

Ойдуңдан жалгыз табигый чыгуу жолу Чүй өрөөнү аркылуу — Боом капчыгайы аркылуу агуучу Чу суусу. Ойдуңдун узундугу чыгыштан батышка чейин 240 км, жазылыгы 100 км.

Флора

Ысык-Көл ойдуңунун батыш бөлүгүндө чөлдөр жана жарым чөлдөр үстөмдүк кылат, чыгышында 2100 метр бийиктикке чейин — дандуу түрдүү өсүмдүктөр; 2100 метрден 3200 метрге чейин — шалбаа талаалар жана токойлор (негизинен Тянь-Шань карагайынан); 3200 метрден 3300 метрге чейин — альп шалбааларынын алкагы орун алган; 3500—3600 метр бийиктикте — аскалар менен бөлүнгөн мөңгүлөр жана карлар.

Фауна

Сүт эмүүчүлөрдөн сүлөөсүн, күрөң аюу, кашкулак, таш суусар, илбирс, сибирь элиги, тоо теке, аркарлар жашайт. Өндүрүмдүк мааниге боз суурлар, акклиматизацияланган ондатра жана тыйын чычкан ээ. Көлдүн өзүндө сууда сүзүүчү канатуулар көп, ак куулар, боз каз, өрдөктөр кышташат. Ысык-Көл коругу бар.

Транспорт

Ысык-Көл облусунун түндүк-батышынан келген темир жол Балыкчы шаарына чейин жетет. Бишкектен келген негизги автомагистраль (А365) Балыкчык аркылуу өтүп Ысык-Көлдүн айланасы менен бойлой эки жакка бөлүнүп кетет. A363 жолу айланып өтүп, ал эми A362 жолу көлдөн чыгышты карай Казакстанга кетет. Эл аралык Ысык-Көл жана Каракол аэропорту аймакты Казакстандын Алма-Ата шаарын менен, ошондой эле Кыргызстандын ички шаарлары менен байланыштырат. Чолпон-Ата жана Тамга айылындагы аэропорт туруктуу рейстери жок (2023). Транспорттун негизгиси катары авто унаалар саналат. Маршруттук автобустар, таксилер Ысык-Көлдү айланып (түндүк жана түштүк трасса аркылуу) Кыргызстандын башка аймактарына катташат.

Туризм

Ысык-Көл облусунун туризм дарамети абдан чоң жана экономикага маанилүү. Альп тоолорун же Колорадону элестеткен бул аймак ири туристтик багыттардын болуусуна жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, буга алыстык жана начар өнүккөн инфра түзүм тоскоолдук жаратып келет. Ошого карабастан, Ысык-Көлдүн айланасында көптөгөн эс алуу жайлар, жатаканалар, Кыргызстандагы эң чоң тоо лыжа базасы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында орун алган, көркөмдүгү көздүн жоосун алган капчыгайлар бар. Учурда Ысык-Көл облусуна анча алыс эмес аймактардан жана аз өлчөмдө алыскы өлкөлөрдөн туристтер келишет. Инфра түзүм болсо акырындык менен өнүгүүдө.

Кызыктуу жерлер

Административдик борбору Каракол шаары болгону менен, Чолпон-Ата шаары жалпы дэңгээлде эс алуучулар көп чогулуучу шаар катары каралат, анткени, элдин көпчүлүгү, анын ичинде туристтер дагы бул шаарга эс алууга, көңүл ачууга барышат. Григорьев, Семёнов, Жууку, Ак-суу, Барскоон, Жомок, Алтын-Арашан капчыгайлары, Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларынын жанындагы Караколдогу лыжа базасы, Алтын-Арашан булактары, көлдөрдөн: Ысык-Көл, Ала-Көл, Туз-көл, Жууку родон булактары; Жети-Өгүз жайлоосу, Каркыра жайлоосу ж. б. барууга кызыктуу болгон кооз жерлер. Мындан тышкары Барскоон, Кыздын чачы, Кыздын жашы шаркыратмалары бар. Бул аймактарда жатаканалар, ресторандар, ашканалар, түрдүү лагерлер уюшулган.

Маданият

Ысык-Көл облусунда окуу жайлар, театрлар, китепканалар, музейлер аз эмес. Түрдүү тарыхый эстеликтер, парктар бар. Эң ири жана жаңысы катары Рух-Ордо маданий борборун айтууга болот.

Ысык-көл облусуна түздө-түз тиешеси бар Ысык-Көл жөнүндө уламыш дагы бар.

Табият менен байланышкан маданий иш-чаралардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт деп дагы айтууга болот. 2016-жылы экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн.

Тарыхый жактан маданий деп саналган «Санташ» эстелигин Каркыра жайлоосунан таанышууга болот. Чолпон-Ата капчыгайындагы тарыхый петроглифтер болжолдуу б. з. ч. II миң — б. э. VIII кылымдарына таандык деп саналат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-07-18, Көрүүлөр: 14933, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-07
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу