Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Африка

Африка — аянты боюнча Евразиядан кийинки экинчи материк, түндүгүнөн Жер Ортолук Деңиз, түндүк-чыгышынан — Кызыл, батышынан Атлантика океаны жана чыгышы менен түштүгүнөн Индия океаны менен чулганат.

Мазмуну
Африка
Африканын Жердин жарым шардагы көрүнүшү
Африканын Жердин жарым шардагы көрүнүшү
Аянты30 221 532 км²
Калкы1,3 млрд (2020) адам
Жыштыгы30,51 адам/км²
Жашоочулардын аталышыафрикалыктар
Камтышы55 мамлекет
Көз каранды өлкөлөр
  • Майотта
  • Реюньон
  • Канар аралдары
  • Сеута
  • Мадейра
  • Мелилья
  • Ыйык Елена аралы
Саат алкактарыUTC-1ден UTC+4 чейин
Абалыконтинент, материк, дүйнө бөлүгү

Жылпы маалымат

Кайда карабагын чөл. Бирде упадай жумшак саргыч кум жолукса, бирде шамалдан жылмаланган боз тоголок таштар көрүнөт. Асман боз чаңгыл, мээ кайнатып күн ысыйт. Бир тамчы суу, көгөргөн бадал көрүнбөйт. Бул — Африка.

Калың тропик дүпүйөт. Ал аркылуу балта менен жол салып гана өтүүгө болот. Дарак, бадал, лианалар аралаш өсүп, чытырманга айланган, өсүмдүктөрдүн жалбырактары калың жана ширелүү, түсү менен жыты таң каларлык гүлдөр көп, гүлгө окшоп кооз канаттуулар, чоңдугу чымчыктай көпөлөктөр бапырайт. Мында айлана дайыма күңүрт тартып, аба нымдуу. Саратандардын сайраганы бийик чыккан хордой болуп, айлананы жаңыртат, жырткыч айбандардын күрүлдөп, айкырганы, маймылдардын чарылдаганы угулат. Айлана жыл бою көпкөк. Бул дагы — Африка.

Айлана — теребел биздеги талаага окшош да, окшобой да турат. Калың чөптүү түздүктүн ар кайсы жеринде кызгылт, күрөң аска таштар сороёт. Алардын чокусун такыя сыяктантып, жумшак коңур чым баскан. Алыстан тармалданган токойчолор көрүнөт. Жакын келсең токойчо эмес эле өтө зор бастек дарак — баобаб. Бул — атактуу Африка саваннасы. Африканын негизги бөлүгү тропиктик кеңдикте жатат.

Батыш жээгинен чыгыш жээгине чейинки аралык мындан бир топ кыска. Африканы эки океан — Атлантика жана Инди океандары, эки деңиз — Жер ортолук жана Кызыл деңиз чулгап турат. Африкада Нил, Нигер, Конго, Замбези, Оранж, Лимпопо деген чоң дарыялар, Чад, Виктория, Ньяса, Танганьика деген чоң көлдөр бар.

Бул жер пайдалуу кендерге бай. Алжирде Сахара чөлүндөгү кумдун астынан нефть табылган. Африканын борбордук бөлүгүндө, Конгодо дүйнөгө атагы чыккан жез кендери, уран шахтылары бар. Түштүк бөлүгүндө алтын менен алмаз көп. Кокос жана май пальмаларынын жемиштери, кымбат баалуу кара жана кызыл жыгачтар, каучук дарактары — Африканын табияты адамзатка марттык менен тартуулаган белеги. Африканын күр топурактуу жеринде какао, кофе, банан, ананас, манго, апельсин өсөт.

15-кылымда Африканы изилдеп үйрөнө баштаган деңиз саякатчыларынын соңунан бул жакты көздөй көпөстөр менен жан кечти шылуундар агылып келе баштаган. Алар бүткүл материкти талап-тоноп киришкен, мындай иш али тарыхта боло элек эле. Алтынды, асыл таштарды алышкан, жергиликтүү адамдарды кары, жашына карабай кемеге салып барып, кулдукка сатышкан.

Он миллиондогон африкалыктар Америкадагы плантацияларда кул болуп иштеп калышкан. Колониячылар келгенге чейин Африкада ири мамлекеттер болгон, искусство менен кол өнөрчүлүк өнүккөн. Баскынчылар сыймыктуу, таланттуу элдерди куралдын күчү менен багындырып, алардын маданиятын тебелеп-тепсешкен.

Келгиндер африкалыктардын күчү менен өздөрүнө шаар, жол, шахта менен деңиз портторун курушуп, бул жердин байлыктарын өз өлкөлөрүнө ташып кетип турушкан. Бирок Африка элдери баскынчыларга каршы күрөшүп, ал күрөштү токтотушкан жок. Акыры боштондукка да жетишишти — азыр Африканын дээрлик бардык аймагы көз каранды эмес.

Африка деп дүйнө бөлүгү дагы аталат, ага Африка материги жана ага таандык аралдар кирет. Африканын аралдарын эске албагандагы аянты 29,2 млн км², аралдары менен — болжолдуу 30,3 млн км², Жер бетинин 6% жана кургактыктын 20,4% ээлейт. Африка континентинин аймагында 55 мамлекет жайгашкан (анын ичинде көз каранды мамлекеттер дагы).

Африканын калкы миллиарддан ашык адамды түзөт. Африка адам баласынын байыркы мекени деп саналат: дал ушул жерде эң байыркы эрте гоминиддердин жана алардын мүмкүн болуучу түп аталарынын калдыктары табылган, анын ичинде, сахелантроптор, Australopithecus africanus, A. afarensis, Homo erectus, H. habilis жана H. ergaster.

Африка континенти экваторду кесип өтүп, көптөгөн климаттык аймактары бар; түндүк субтропикалык климат алкагынан түштүк субторипикалык климат алкагына чейин созулган жалгыз континент. Туруктуу жаан-чачындын жана сугаттын жетишсиздигинен, ошондой эле мөңгүлөрдүн же суу түшүрүүчү тоо системаларынын аздыгынан, климатты табигый жөнгө салуу материк жээктеринен башка жерлерде байкалбайт.

Африканын маданий, экономикалык, саясый жана социалдык көйгөйлөрүн африканистика илими изилдейт.

Четки чекиттери

Ошентип, Африка түндүгүнөн түштүккө карай — 8103 км, батыштан чыгышка карай — 7385 км созулат.

Аталышынын келип чыгышы

Алгач, «афри» сөзү менен байыркы Карфагендин жашоочулары шаарга жакын жашаган адамдарды аташкан. Бул аталыш негизинен «чаң» дегенди түшүндүргөн финикиялык afar сөзүнө таандык кылышат. Карфагенди римдиктер жеңип алгандан кийин провинцияны Африка деп аташчу (латынча Africa). Кийинчирээк Африка аталышы менен бул континенттин бардык белгилүү аймактарын атап, андан соң континенттин өзүн дагы аташкан. Башка теория боюнча, «афри» эл аталышы бербердик ifri сөзүнөн келип чыккан делет, а бул «үңкүр» дегенди түшүндүрөт, үңкүр адамдары деген мааниде. Кийин ушул жерде пайда болгон Ифрикия мусулман провинциясы дагы бул тамырды өзүнүн аталышында сактап калган.

Топонимдин келип чыгуусунун башка версиялары да бар:

Тарыхы

Тарыхка чейинки мезгил

Мезозой доорунун башында Африка бирдиктүү Пангея континентинин курамында болуп турганда жана Триас мезгилинин аягына чейин ал аймакта тероподдор жана примитивдүү канаттуу жамбаш сөөктүүлөр доминанттуулук кылган. Триас мезгилинин аягына таандык өткөрүлгөн казуулар материктин түндүгү эмес, түштүгүндө көп отурукташкандуу болгонун күбөлөшөт.

Адамдын келип чыгышы

Негизги макала — Адам

Африка адам баласынын мекени саналат. Бул жерде Homo түркүмүндөгүлөрдүн эң байыркыларынын калдыктары табылган. Түркүмдүн сегиз түрүнөн бирөө — акылдуу адам өтө аз санда гана (болжолдуу миңдей) тирүү калып, орточо 100 миң жыл мурун Африка аймагын жердей баштаган. Анан Африкадан адамдар Азияга (болжолдуу 60—40 миң жыл мурун), ал жактан Европага (40 миң жыл), Австралияга жана Америкага (35—15 миң жыл) тараган. Ошону менен бирге, адам ишмердүүлүгүнүн эң байыркы издери Сирия талааларына таандык, мындагы табылгалар Эфиопияда табылгандардан дээрлик бир жарым эсе байыркыраак. Биздин заманга чейин 150 миң жыл деп даталанган Гобиде табылган керамикалык идиштер талаштуу деп эсептелинет.

Таш доорундагы Африка

Негизги макала — Таш доору

Африкада буудайды иштетүүнүн эң байыркы археологиялык табылгалары биздин заманга чейин 13-миңинчи жылдык дата менен белгиленген. Сахарадагы (чөл боло элек кезинде) мал чарбачылык болжолдуу б. з. ч. 7500-жылы башталган, ал эми Нилдин аймагында уюшкан айыл чарба б. з. ч. 6-миң жылдыкта пайда болгон.

Мурда түшүмдүү болгон Сахаранын аймагында аңчы-балыкчы топтор жашаган, буга археологиялык табылгалар күбө болгон. Сахаранын бүткүл аймагында (учурдагы Алжир, Ливия, Египет, Чад ж. б.) б. з. ч. 6000-жылдан баштап биздин замандын VII кылымына чейин даталанган көптөгөн петроглифтер жана жар бетиндеги жазуулар табылган. Түндүк Африканын алгачкы искусство эстеликтеринин белгилүүсү катары Тассилин-Аджер платосу саналат.

Сахара эстеликтер тобунан сырткары, тоо боорундагы живопись Сомали жана ТАРда (Түштүк Африка Республикасы) да кездешет (байыркы сүрөттөр б. з. ч. 25-миң жылдык менен даталанат).

Лингвистикалык маалыматтар боюнча банту (коса, зулу ж. б.) тилинде сүйлөгөн этностор түштүк-батыш багытта миграциялангандыгын көрсөтүп, ал жактан койсан элдерин сүрүп чыгарган. Банту эли жашаган кыштактарында тропикалык Африкага мүнөздүү дан эгиндери табылган, анын ичинде маниоку жана ямс.

Бушмендер сыяктуу анча чоң эмес этникалык топтор дагы деле мурдагы ата-тектериндей примитивдүү жашоо образын сүрүп келишет, анчылык кылуу, чогултуучулук ж. б.

Байыркы Африка

Түндүк Африка

Биздин заманга чейин 6—5-миң жылдыктарда Нил өрөөнүндө жер иштетүүчү маданияттар калыптанган (Тасий, Фаюм, Мериде маданияттары), булардын негизинде б. з. ч. 4-миң жылдыкта Байыркы Египет пайда болгон. Андан түштүгүрөөк, ошол эле Нилде, анын таасири алдында керма-кушит цивилизациясы калыптанып, б. з. ч. 2-миң жылдыкта нубия цивилизациясы менен алмашылган (Напата мамлекеттик түзүмү). Анын урандыларында Алоа, Мукурра, Набатей падышалыгы жана башкалар түзүлгөн, булар Эфиопиянын, копт Египет менен Византиянын маданий жана саясый таасири алдында болгон.

Эфиопия тайпак тоолорунун түндүгүндө түштүк аравиялык Сабей падышалыгынын таасири менен эфиопия цивилизациясы пайда болот: V кылымда Түштүк Аравиядан келгендер тарабынан Эфиопия падышалыгы түптөлүп, биздин замандын II—XI кылымдарында Аксум падышалыгы өкүм сүргөн, мунун негизинде христиандык Эфиопия жаралган (XII—XVI кылым). Цивилизациянын бул очоктору ливиянын мал баккан уруулары менен, ошондой эле, заманбап кушито- жана нилото тилдүү элдер менен курчалган.

Жылкы (биздин замандын биринчи кылымдарында пайда болгон), төө багуунун жана оазистик дыйканчылыктын өнүгүүсүнүн натыйжасында Сахарада Телги, Дебрис, Гарама аталган соода шаарлары, ошондой эле ливиялык жазуу жаралган.

Биздин заманга чейин XII—II кылымдарда Африканын Жер Ортолук Деңиз жээктеринде финикия-карфагендик цивилизация гүлдөп турган. Карфагендин кул ээлөөчү державасынын коңшулугу ливия калкына таасирин тийгизип турган. Б. з. ч. IV кылымда ливия урууларынын ири биримдиктери калыптанган — мавретандыктардын (Мулуя дарыясынын ылдыйкы агымына чейинки заманбап Марокко) жана нумидийликтердин (Мулуя дарыясынан карфаген ээликтерине чейин). Б. з. ч. III кылымда мамлекеттердин пайда болушуна шарттар түзүлгөн.

Карфагендин Рим тарабынан талкаланышынан кийин анын аймагы Африкалык рим провинциясы болуп калган. Б. з. ч. 46-жылы Чыгыш Нумидия Жаңы Африка рим провинциясына айландырылган, ал эми б. з. ч. 27-жылы эки провинция проконсулдарды башкарган бир провинцияга бириккен. Мавретандык падышалар Римдин вассалдары болуп, 42-жылы өлкө эки провинцияга бөлүнгөн: Тингитан Мавретаниясы жана Цезарь Мавретаниясы.

III кылымда Рим Империясынын алсызданышы Түндүк Африка провинцияларында кризисти жаратып, варварлардын (берберлер, готтор, вандалдар) басып кирүүсүнүн ийгилигине өбөлгө түзгөн. Жергиликтүү жашоочулардын жардамы менен варварлар Римдин бийлигин түшүрүп, Түндүк Африкада бир нече мамлекеттерди түзгөн: вандалдар королдугу, Джедар бербер падышалыгы (Мулуя менен Орестин ортосунда) жана бир катар майда бербер княздыктары.

VI кылымда Түндүк Африка Византия тарабынан жеңип алынып, бирок, борбордук өкмөттүн орундары бекем болгон эмес. Африкалык провинциялык ак сөөктөр, варварлар жана башка империянын тышкы душмандары менен биримдик мамилелерине аралашып турган. 647-жылы карфагендик экзарх Григорий (император Ираклий I жээни) императордук бийликтин арабтардын соккусунан улам алсыздангандыгын колдонуп, Константинопольдон бөлүнүп, өзүн Африканын императору деп жарыялаган. Византиянын саясатына калк тарабынан нараазычылыктын чыгуусунун бир себеби ерестердин (арианчылык, донатчылык, монофизитчилик) жайылышы болгон. Еретикалык кыймылдын өнөктөштөрү мусулман-арабтар саналган. 647-жылы арабтар аскерлери Григорийдин армиясын Суфетул алдындагы кармашта талкалап, бул Византиянын Египеттен ажырашына алып келген. 665-жылы арабтар Түндүк Африкага болгон кол салуусун кайталап, 709-жылы Византиянын бардык африкалык провинциялары Араб Халифатынын курамына кирген.

Сахарадан түштүгүрөөк Африка

Сахарадан түштүгүрөөк Африкада биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта бардык жеринде темир металлургия жайыла баштаган. Бул жаңы аймактарды өздөштүрүүгө өбөлгө түзгөн, эң алгач — тропикалык токойлорду, жана эфиопия менен капоиддик улуттарды түндүккө жана түштүккө сүрүп чыгарган банту тилдүү элдердин Тропикалык жана Түштүк Африка бөлүктөрүнө отурукташуусунун бир себеби.

Тропикалык Африка цивилизацияларынын очоктору түндүктөн түштүктү караган багытта жайылып (континенттин чыгыш бөлүгүндө), жана бир жагынан чыгыштан батышты карай жайылган (өзгөчө батыш бөлүгүндө).

VII кылымда Түндүк Африкага кирип келген арабтар, европалыктардын пайда болушуна чейин Тропикалык Африка менен калган дүйнөнүн ортосундагы негизги ортомчулар болуп турган, анын ичинде Индия океаны аркылуу дагы. Батыш жана Борбордук Судан маданияттары Сенегалдан баштап заманбап Судан Республикасына чейин созулган жалпы батышафрикалык же судан маданий аймагын калыптандырган. 2-миң жылдыкта бул аймактын көпчүлүк бөлүгү Гана, Канем-Борно, Мали (XIII—XV кылымдар), Сонгай сыяктуу ири мамлекеттик түзүлүштөрдүн курамына кирген.

Биздин замандын VII—IX кылымдарында судан цивилизацияларынын түштүгүндө Ифе мамлекеттик түзүм калыптанып, йоруба жана бини (Бенин, Ойо) цивилизацияларынын өнүккөн жерине айланып, алардын таасирине коңшу элдер кабылып турган. Анын батыш жагында 2-миң жылдыкта акан-ашантийлик протоцивилизация калыптанган, гүлдөө мезгили XVII жана XIX кылымдын башына туура келген.

XV—XIX кылымдарда Борбордук Африка аймагында акырындык менен түрдүү мамлекеттик түзүлүштөр жаралып турган, мисалы, Буганда, Руанда, Бурунди ж. б.

Чыгыш Африкада X кылымдан тарта суахилий мусулман маданияты гүлдөп келген (Килва, Пате, Момбаса, Ламу, Малинди, Софала шаар-мамлекеттер, Занзибар султанаты ж. б.).

Түштүк-чыгыш Африкада — зимбабве (Зимбабве, Мономотапа) протоцивилизациясы (X—XIX кылымдар), Мадагаскарда мамлекет калыптануу процесси XIX кылымдын башында аяктап, Имерин айланасында эрте саясый түзүмдөрдүн бардыгы бириккен.

Чет өлкөлүк саякатчылар тарабынан Африканын изилдениши

1416—1433-жылдары Чжэн Хэнин башчылыгындагы кытай флоту Африканын чыгыш бөлүгүнө келип кеткен.

Португалиялыктар тарабынан Индияга жолду издөө, легендалар айткан байлыктар Африканын жээктери менен болгон таанышууну кеңейткен. 1498-жылы Португалиялык саякатчы Васко да Гамма Индияга болгон деңиз жолун ачууну аяктап жатып, Түштүк Африканы айланып, материктин чыгыш жээктери менен өтүп, европалыктардын биринчилеринен болуп Индия океанын кесип, Индостан жээктерине жеткен.

Африкада европалыктардын пайда болушу

Европалыктардын Африкага келиши XV—XVI кылымдарда башталган; континентти өздөштүрүүгө биринчи баскычтарда эң көп салымды Реконкиста аяктагандан (жер басып алуу) кийин испандыктар жана португалиялыктар кошкон. Дээрлик XV кылымдын аягында португалиялыктар Африканын батыш жээктерин көзөмөлдөшкөн, ал эми XVI кылымда кул сатуу соодасын активдүү жүргүзүшкөн. Анын артынан Африкага дээрлик бардык батыш европалык державалар бет алышкан: Нидерланддар, Испания, Дания, Франция, Англия, ал гана эмес кичинекей Курляндия.

Занзибар менен кул соодасын жүргүзүү акырындык менен Чыгыш Африканын колонизациясына алып келген; Марокконун Сахельди басып алуу аракеттери ишке ашпай калган.

Бүткүл Түндүк Африка (Мароккодон тышкары) XVII кылымдын башында Осмон империясынын курамына кирген. Европалык державалар арасындагы Африканын соңку бөлүштүрүүсүнүн (1880-жылдар) натыйжасында колониялдык мезгил келген, мында африкалыктарды индустриалдык цивилизацияга мажбурлап тартуу болгон.

Колонизация

Колонизация процесси XIX кылымдын экинчи жарымында кеңири масштабга жетип, өзгөчө 1885-жылдын башталышындагы айтылуу Африка үчүн күрөш же жарыштар күбө. Дээрлик бүткүл континент (көз карандысыз Эфиопия менен Либериядан башкалары) 1900-жылга бир катар европа өлкөлөрү ортосунда бөлүштүрүп алынган: Улуу Британия, Франция, Германия, Бельгия, Италия, ал эми өзүнүн эски колонияларын сактап жана анча-мынча кеңейткендер Испания менен Португалия.

Улуу Британиянын ээликтери эң кеңири жана бай болгон. Континенттин түштүк жана борбордук бөлүктөрү:

Чыгышында:

Түндүк-чыгышында:

Батышында:

Индия океанында:

Франциянын колониалдык империясы Британияныкынан кем болгон эмес, бирок колонияларынын калкы бир нече эсе азыраак, ал эми табигый ресурстары — жардыраак болгон. Франциянын ээликтери көбүнчө Батыш жана Экваториалдык Африкада болгон, жана алардын аз эмес бөлүгү Сахарага, ага таандык жарым чөлдүү аймак Сахель жана тропикалык токойлорго туура келген.

Португалиянын ээликтери: Ангола, Мозамбик, Португалия Гвинеясы (Гвинея-Бисау), аралдар: Жашыл тумшук (Кабо-Верде Республикасы), Сан-Томе жана Принсипи аралдары.

Белгиянын ээлиги: Белгия Конгосу (Конго Демократиялык Республикасы, ал эми 1971—1997-жылдары — Заир), Италияныкы — Эритрея жана Италия Сомалиси, Испанияныкы — Испания Сахарасы (Батыш Сахара), Түндүк Марокко, Экваториалдык Гвинея, Канар аралдары; Германияныкы — Германиялык Чыгыш Африка (учурда — Танзания, Руанда жана Бурундинин континенталдык бөлүгү), Камерун, Того жана Германия Түштүк-Батыш Африкасы (Намибия).

Европалык державалардын Африкага болгон жарышы экономикалык себептерден чыккан деп эсептелинет. Чындыгында Африканын табигый ресурстарын жана калкын эксплуатациялоого умтулуу негизги мааниге ээ болгон. Бирок, бул үмүттөр дароо эле ишке ашты деп айтууга болбойт. Континенттин түштүгүндө табылган алтындын жана алмаздардын ири кендери, чоң киреше берген. Бирок, киреше алууга чейин табият байлыктарын чалгындоого, коммуникацияларды түзүүгө, аймактык экономиканы метрополия талаптарына ыңгайлаштырууга, жергиликтүү жашоочулардын каршылыктарын басууга жана аларды иштетүү үчүн эффективдүү ыкмаларды табууга чоң салымдарды салуу зарыл болгон. Мунун баары убакытты талап кылган. Колониализмдин идеологдорунун башка аргументтери дароо акталган эмес. Колонияларды алуу метрополияларда көптөгөн жумуш орундарын ачып, жумушсуздукду жок кылат дешкен, Африка европалык өндүрүмдөргө чоң рынок болуп берсе, ал жакта темир жол, порттор, өнөр жай ишканаларынын ири курулушу башталат дешчү. Бул пландар ишке ашса да, ойлогондон өтө жай жана азыраак масштабда өткөн. Африкага Европанын ашык эли көчүп келет деген ынандуруулар да сын көтөргүс болгон. Көчүп келүүлөр күтүлгөндөн аз болуп, негизинен континенттин түштүгү менен гана чектелген, Ангола, Мозамбик, Кения ж. б. — бул өлкөлөр европалыктарга табият шарттары менен туура келген. «Ак адамдын көрүстөнү» аталган Гвинея булуңунун өлкөлөрү, эч кимди кызыктырган эмес.

Колониалдык башкаруу мезгили

Биринчи дүйнөлүк согуш

Биринчи дүйнөлүк согуш Африканын чектери үчүн болгон согуш болгон, бирок, көпчүлүк африка өлкөлөрүнүн жашоосуна ал анча таасир эткен эмес. Аскер аракеттер германия колониясынын аймактарын кучагына алган. Алар Антанта аскерлери тарабынан жеңип алынып, Улуттар Лигасынын чечими менен Антанта өлкөлөрүнө мандат алдындагы аймактар катары берилген: Того менен Камерун Улуу Британия жана Франция өлкөлөрү арасында бөлүшүп алышкан, Германиялык Түштүк-Батыш Африка Түштүк-Африкалык бирикменин (ТАБ) колуна тийген, Германиянын Чыгыш Африкасына — Руанда менен Бурунди, Бельгияга берилген, башкасы — Танганьика Улуу Британияга берилген.

Танганьиканын алынышы менен англиялык башкаруучулардын илгерки кыялы ишке ашкан: Британиянын ээликтерин түзгөн Кейптаундан Каирге чейинки картада бүтүн сызык пайда болгон. Согуш бүткөндөн кийин Африканын колониалдык өздөштүрүүсү кыйла ылдамдаган. Колониялар метрополиянын агрардык-чийки заттык кыпчылмасы болуп өсүп чыккан. Айыл-чарба көбүрөөк экспортко бурула баштаган.

Аскердик мезгил ортосундагы учур

Аскердик мезгил (1 жана 2-дүйнөлүк согуш ортосундагы мезгил) учурунда африкалыктар өстүргөн айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн курамы чукул өзгөргөн — экспорттук маданий өсүмдүктөрдүн саны өскөн: кофе — 11 эсе, чай — 10, какао-буурчак — 6, жер жаңгак — 4, тамеки — 3 ж. б. Колониялардын көпчүлүгү моно маданий өсүмдүктүү чарбадагы өлкөлөргө айлана баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында көптөгөн өлкөлөрдө 98 % чейин бардык экспорттун баасы кайсы бир 1 маданий өсүмдүккө туура келген. Гамбия менен Сенегалда мындай маданий өсүмдүк катары жер жаңгак, Занзибарда — чеге гүл, Угандада — пахта, Алтын Жээкте — какао-буурчак, Француз Гвинеясында — банан, ананастар, Түштүк Родезияда — тамеки болгон. Кээ бир өлкөлөрдө экиден экспорттук маданий өсүмдүктөр турган: Пил Сөөк Жээгинде жана Тогодо — кофе менен какао, Кенияда — кофе, чай ж. б. Габон жана башка кээ бир өлкөлөрдө моно маданий өсүмдүк катары токойлордун баалуу түркүмдөрү болгон.

Түзүлүүчү өнөр жай — негизинен тоо кендүү болуп, айтылгандардан дагы көбүрөөк деңгээлде экспортко багытталган. Ал өтө тез өнүккөн. Мисалы, Бельгиялык Конгодо жез казып алуу 1913—1937-жылдары 20 эсеге өскөн. 1937-жылы Африка капиталисттик дүйнөдө минералдык чийки зат өндүрүүдө олуттуу орунду ээлеген. Ага бардык казып алынуучу алмаздардын 97 %, кобальттын 92 %, алтындын, хромиттердин, литий минералдарынын, марганец кендеринин, фосфориттердин 40 % жана платинаны өндүрүүнүн үчтөн бири туура келген. Батыш Африкада, ошондой эле Чыгыш жана Борбордук Африканын көпчүлүк аймактарындагы экспорттук өндүрүм негизинен африкалыктардын чарбаларында өндүрүлчү. Европалык плантациялык өндүрүш ал жакта европалыктарга климаттык шарттар оор болгондугу үчүн киргизилген эмес. Африкалык өндүрүштүн башкы эксплуататорлору чет өлкөлүк компаниялар болгон. Экспорттук айыл-чарба өндүрүмдөр Түштүк Африка Биримдигинде, Түштүк Родезияда, бөлүгү Түндүк Родезияда, Кенияда, Түштүк-Батыш Африкада жайгашкан европалыктарга таандык болгон фермаларда өндүрүлгөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш

Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы африкалык континенттеги аскер иш-аракеттерди эки багытка бөлүшөт: түндүкафрикалык кампания, бул кампания Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Марокко өлкөлөрүнө таасирин тийгизип, Жер Ортолук Деңиз аскер иш-аракеттер театрынын маанилүү бөлүгү болгон, ошондой эле, Африкалык автономдуу аскер иш-аракеттер театры, мында кармаштар экинчи мааниге ээ болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Тропикалык Африкадагы аскер иш-чаралар Эфиопия, Эритрея жана Италиялык Сомали аймактарында гана жүргөн. 1941-жылы англичан аскерлери эфиопия партизандары менен бирге жана сомалиликтердин активдүү катышуусу менен бул өлкөлөрдүн аймактарын басып алышкан. Тропикалык жана Түштүк Африканын башка өлкөлөрүндө аскер иш-чаралары өткөрүлгөн эмес (Мадагаскардан тышкары). Бирок, метрополиялар армиясында жүз миң деген африкалыктар мобилизацияланган. Мындан дагы чоң сандагы адамдар аскерлерди тейлеп, аскер муктаждыктарына иштөөгө аргасыз болушкан. Африкалыктар Түндүк Африкада, Батыш Европада, Жакынкы Чыгышта, Бирмада, Малайда согушка катышкан. Француз колонияларынын аймагында вишисттер менен «Эркин Франциянын» жактоочулары ортосунда күрөш жүргөн, бирок, бул күрөш аскер кагылышууларына чейин жетчү эмес.

Африканын деколонизациясы

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Африканын деколонизация процесси тез жүргөн. 1960-жыл — Африка жылы деп жарыяланып, мында эң көп колониялар бошотулган. Бул жылы көз карандысыздыкка 17 мамлекет жеткен. Булардын көпчүлүгү — француз колониялары жана Франциянын көзөмөлүндөгү БУУнун карамагындагы аймактар: Камерун, Того, Малагасия Республикасы, Конго (Мурдагы Француз Конгосу), Дагомея, Өйдөңкү Вольта, Пил Сөөгүнүн Жээги, Чад, Борбордук Африка Республикасы, Габон, Мавритания, Нигер, Сенегал, Мали. Көз карандысыз деп калкынын саны боюнча Африканын эң ири өлкөсү, Улуу Британияга таандык — Нигерия жарыяланган, жана аймагы боюнча эң чоң — Бельгиялык Конго. Британиялык Сомали жана Италиянын башкаруусундагы камкордукка алынган Сомали бириктирилип Сомали Демократиялык Республикасына айланган.

1960-жыл Африка континентиндеги бүткүл абалды өзгөрткөн. Калган колониалдык режимдердин ажырашы сөзсүз боло турган ишке айланган. Суверендүү деп жарыяланган мамлекеттер:

Кения, Зимбабве, Ангола, Мозамбик жана Намибиянын көз карандысыздыгын жарыялоонун алдында көптөгөн согуштар, көтөрүлүштөр, партизандык күрөштөр жүргөн. Бирок, көпчүлүк Африка өлкөлөрүнө акыркы баскыч кан төгүүсүз өтүп, массалык демонстрациялар жана иш таштоолордун, сүйлөшүү процесстеринин натыйжасы болгон, ал эми камкордукка алынган аймактарда БУУнун чечимдери ишке ашкан.

«Африкага болгон жарыш» учурунда африкалык мамлекеттердин чек аралары жасалма, ар кайсы калктарды жана урууларды эске албай жайгаштырылып өткөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле, салттуу африкалык коом демократияга даяр эмес болгондуктан, көпчүлүк африка өлкөлөрүндө көз карандысыздыкты алгандан кийин жарандык согуштар башталган. Көптөгөн өлкөлөрдө бийликке диктаторлор келген. Мунун натыйжасында пайда болгон режимдер адам укуктарын эске албагандыгы, бюррократиячылдыгы, тоталитаризмдиги менен айырмаланган, а бул, өз кезегинде, экономиканын кризисине жана жакырчылыктын өсүүсүнө алып келген.

Учурда европа өлкөлөрүнүн көзөмөлүндөгүлөр:

Мамлекет аталыштарынын алмаштырылышы

Түрдүү себептерден улам африка өлкөлөрүнүн көз карандысыздыкка жеткен мезгилинде көпчүлүгү аталыштарын өзгөртүшкөн. Мүмкүн болуучу себептерге сецессиялар, биригүүлөр, режим алмашуусу же суверенитетке жетүүсү кирет. Африкалык аталыштарды (өлкө аталыштары, адамдардын жеке аттары) өзгөртүү көрүнүшү, африкалык окшоштукту чагылдыруу максатында африканизация аталган.

Мурдагы аталышы Жылы Учурдагы аталышы
Португалиялык Түштүк-Батыш Африка 1975 Ангола Республикасы
Дагомея 1975 Бенин Республикасы
Бечуаналенд протектораты 1966 Ботсвана Республикасы
Жогорку Вольта Республикасы 1984 Буркина-Фасо Республикасы
Убанги-Шари 1960 Борбордук Африка Республикасы
Заир Республикасы 1997 Конго Демократиялык Республикасы
Орто Конго 1960 Конго Республикасы
Пил Сөөгүнүн Жээги 1985 Кот-д′Ивуар Республикасы*
Афарлар жана исса Француз аймагы 1977 Джибути Республикасы
Испан Гвинеясы 1968 Экваториалдык Гвинея Республикасы
Абиссиния 1941 Эфиопия Федералдык Демократиялык Республикасы
Алтын Жээк 1957 Гана Республикасы
Француз Батыш Африка бөлүгү 1958 Гвинея Республикасы
Португалия Гвинеясы 1974 Гвинея-Бисау Республикасы
Басутоленд протектораты 1966 Лесото Королдугу
Ньясаленд протектораты 1964 Малави Республикасы
Француз Суданы 1960 Мали Республикасы
Германиялык Түштүк-Батыш Африка 1990 Намибия Республикасы
Германиялык Чыгыш Африка / Руанда-Урунди 1962 Руанда / Бурунди Республикалары
Британиялык Сомалиленд / Италиялык Сомалиленд 1960 Сомали Республикасы
Занзибар / Танганьика 1964 Бириккен Танзания Республикасы
Буганда 1962 Уганда Республикасы
Түндүк Родезия 1964 Замбия Республикасы
Түштүк Родезия 1980 Зимбабве Республикасы
Свазиленд королдугу 2018 Эсватини королдугу

* Кот-д′Ивуар республикасы аталышын өзгөрткөн эмес, бирок, анын башка тилдерде түздөн-түз которулушун эмес (Пил Сөөгүгүнүн Жээги, Ivory Coast, Elfenbeinküste ж. у. с.), француз аталышынын (французча Côte d′Ivoire) колдонулушун талап кылган.

Географиясы

Африка 30,3 млн км² аянтты ээлейт. Түндүктөн түштүккө болгон узундугу — 8 миң км, түндүк бөлүгүндө батыштан чыгышка карай — 7,5 миң км.

Рельефи

Көпчүлүк бөлүгү — түздүктүү, түндүк-батышында Атлас тоолору, Сахарада — Ахаггар жана Тибести тайпак тоолору жайгашкан. Чыгышында — Эфиопия тайпак тоолору, андан түштүктү карай Чыгыш-Африкалык жалпак тоолор бар, мында Килиманджаро (5895 м) жанар тоосу орун алган — материктин эң бийик чекити. Түштүгүндө Кап жана Ажыдаар тоолору бар. Эң төмөнкү чекити Джибутидеги Ассаль туздуу көлү (Дүйнөлүк океан деңгээлинен 157 метр төмөн). Эң терең үңкүрү Ану Иффлис, Алжирдин түндүгүндөгү Тель-Атлас тоосунда орун алган.

Пайдалуу кендер

Африка эң алгач өзүнүн алмаздарга (ТАР, Зимбабве) жана алтынга (ТАР, Гана, Мали, Конго Республикасы) бай кендери менен белгилүү. Ири нефть кендери Нигерия жана Алжирде бар. Бокситтер Гвинея менен Ганада казылып алынат. Фосфорит, марганец, темир, коргошун-цинктүү кен ресурстары Африканын түндүк жээк аймагында топтолгон.

Ички суулар

Африкада түштүктөн түндүктү карай аккан дүйнөдөгү эң узун дарыя — Нил (6852 км) жайгашкан. Башка ири дарыялар — батышта — Нигер, борбордук Африкада — Конго, түштүктө — Замбези, Лимпопо жана Кызгыл сары дарыялары.

Ири көлү — Виктория (орточо тереңдиги 40 м, эң терең жери 80 м). Башка ири көлдөрү — литосфералык жаракада жайгашкан Ньяса жана Танганьика көлдөрү. Ири туздуу көлдөрдүн бири — Чад, ушул эле аталыштагы мамлекетте орун алган.

Климат

Африка — планетанын эң ысык материги. Мунун себеби — материктин географиялык жайгашуусу: бардык аймагы ысык климаттык алкактарда жайгашып (анын ичинде субтропикалык), экватор сызыгы менен кесилишет. Дал ушул Африкада Жердеги эң ысык аймак — Даллол орун алган.

Борбордук Африка жана Гвинея булуңунун жээктери экватордук алкакка кирет, ал жакта жыл бою катуу жаан-чачындар түшүп, мезгил алмашуулар жок.

Экватордук алкактын түндүгүндө жана түштүгүндө субэкватордук алкактар жайгашкан. Жайында бул жерде нымдуу экватордук аба массалары үстөмдүк кылып (жаан-чачындар мезгили), кышында тропикалык пассаттардын абасы кургак (кургактык мезгили). Субэкватордук алкактардан түндүгүрөөк жана түштүрөөк жагында түндүк жана түштүк тропикалык алкактар орун алган. Буларга жамгырдын аз болушу жана температуранын жогорулугу мүнөздүү келип, бул чөлдөрдүн пайда болушуна алып келет.

Түндүктө жер жүзүндөгү эң чоң чөл — Сахара, түштүктө — Калахари, түштүк-батышта — Намиб чөлү орун алган. Материктин түндүк жана түштүк учтары ага тиешелүү субтропикалык алкактарга кирет.

Табигый аймактар

Тропикалык, экватордук жана субэкватордук алкактардын флорасы ар түрдүү. Бардык жерде брахистегия, ейба, изоберлиния, комбретум, пальма, пандан, пипдатения, көбүкчө, шүүдүрүмчү, тамаринд, терминалия жана башкалар өсөт. Саванналарда жапыз дарактар жана тикенектүү бадалдар басымдуу (акация, терминалия, буш).

Чөл өсүмдүктөрү тескерисинче жарды келип, оазистерде, дөңсөөлөрдө жана суунун боюнда өскөн чөптөрдүн, бадалдардын жана дарактардын чакан жамааттарынан турат. Ойдуңдарда тузга туруктуу галофит өсүмдүктөр кездешет. Суу менен аз камсыздалган түздүктөрдө жана бөксө тоолордо кургакчылыкка жана ысыкка чыдамдуу чөптөр, майда бадалдар жана дарактар өсөт. Чөл аймактарынын флорасы туруктуу эмес жаан-чачындарга жакшы ыңгайлашкан. Бул физиологиялык ыңгайлашуулардын көп түрдүүлүгүндө, жашоо чөйрөсүнүн тандоолорунда, көз карандысыз жана байланышкан жамааттарды түзүүдө, ошондой эле көбөйүү стратегиясында чагылдырылат. Көп жылдык кургакчылыкка чыдамдуу дан өсүмдүктөр, бадалдар кеңири жана терең (15—20 мге чейин) тамыр системасына ээ. Чөп өсүмдүктөрдүн көбү — эфемерлер, алар жетиштүү нымдашуудан үч күн өткөн соң үрөн өндүрүүгө даяр болушуп, үрөн өндүрүлгөндөн кийин 10—15 күндө кайра себүүгө даяр болот.

Сахара чөлүнүн тоолуу аймактарында реликттүү неоген флорасы кездешет, көбүнчө Жер Ортолук Деңизге тектеш, эндемиктер көп. Тоолуу аймактарда өскөн реликт жыгач өсүмдүктөрүнүн арасында зайтун, кипарис жана мастика дарактарынын кээ бир түрлөрү бар. Ошондой эле, акация, тамариск жана эрмен, дум-пальма, олеандр, пальмалуу курма, тимьян, эфедра түрлөрү да бар. Оазистерде курма, инжир, зайтун жана мөмөлүү дарактар, кээ бир цитрус жемиштери, ар кандай жашылчалар өстүрүлөт. Чөлдүн көп жерлеринде өскөн чөп өсүмдүктөрү триостчу (триостница), талаачы (полевичка) жана таруу тукумдары менен берилген. Атлантика океанынын жээгинде жээкчил жана башка тузга чыдамдуу чөптөр өсөт. Эфемерлердин ар кандай айкалышы «ашебтер» аталган мегилдик жайыттарды калыптандырат. Көлмөлөрдө балырлар кездешет.

Көптөгөн чөлдүү аймактарда (дарыялар, хамаддар [таштуу чөлдөр], кумдун жарым-жартылай топтолгон жерлери ж. б.) өсүмдүктөр катмары таптакыр жок. Адамдын ишмердүүлүгү (мал жаюуу, пайдалуу өсүмдүктөрдү жыйноо, күйүүчү отун даярдоо ж. б.) дээрлик бардык аймактардын өсүмдүктөрүнө катуу таасирин тийгизген.

Намибия чөлүнүн көрүнүктүү өсүмдүгү — тумбоа, же вельвичия (Welwitschia mirabilis). Ал, жай өсүүчү (1000 жылдан ашык) эки гигант жалбырак өстүрөт, алардын узундугу 3 метрден ашышы мүмкүн. Жалбырактары диаметри 60смден 120 смге чейин болгон чамгырды элестеткен чоң конустук сабакка жабышып өсүп, жерден 30 сантиметрге чейин чыгып турат.

Вельвичиянын тамырлары 3 метр тереңдикке чейин тамырлайт. Бул өсүмдүк шүүдүрүм жана туманды нымдуулуктун негизги булагы катары пайдаланып, өтө кургак шарттарда өсүүсү менен белгилү.

Вельвичия — Түндүк Намибиянын эндемиги — Намибиянын улуттук гербинде сүрөттөлгөн.

Чөлдүн нымдуураак бөлүктөрүндө дагы бир белгилүү Намиб чөлүнүн өсүмдүгү — нара (Acanthosicyos horridus), (эндемик), көбүнчө кум дөңсөөлөрүндө өсөт. Анын мөмөлөрү азык-түлүк базасын түзүп, африка пилдери, антилопалар, чүткөрлөр (жайралар) сыяктуу көптөгөн жаныбарлар үчүн нымдуулуктун булагы.

Тарыхка чейинки мезгилден тарта мега фаунанын эң көп өкүлдөрү Африкада сакталып калган. Тропикалык, экватордук жана субэкватордук алкактарда түрдүү сүт эмүүчүлөр жашайт: антилопалар (дукерлер, бонго), виверрлер, галаго, гориллалар, карлик бегемот, кистеух чочкосу, лемурлар (Мадагаскар аралында), мартышкалар, окапи, сөөлдүү доңуз, учкуч тыйын чычкан (ийне куйруктуу), шимпанзе ж. б. Дүйнөнүн эч бир жеринде африкалык саваннадагыдай чоң жаныбарлардын көптүгү жок: акыралар, антилопалар (канн), арстандар, африка төө кушу, бегемоттор, гепарддар, гиеналар, зебралар, кериктер, леопарддар, пилдер. Кээ бир пилдер, кафр буйволору жана ак кериктер коруктарда гана жашашат.

Канатуулар арасында жако, турако, цесарка, керик-куш (калао), марабулар басымдуу.

Тропикалык, экватордук жана субэкватордук алкактардын сойлоп жүрүүчүлөрү менен амфибиялары — мамба (дүйнөдөгү эң уулуу жыландардын бири), крокодил, питон, даракчыл жана мрамордук бакалар.

Нымдуу климатттык алкактарда безгек чиркейи жана сүт эмүүчүлөрдүн, анын ичинде адамдардын уйку оорусун пайда кылган цеце чымындары кеңири таралган.

Экология

Африка экологиясынын актуалдуу көйгөйлөрү

Африканын негизги экологиялык көйгөйлөрү: чөлдөшүү — түндүк бөлүгүнүн көйгөйү, тропикалык токойлордун кыйылышы — борбордук бөлүгүндө.

Географиялык изилдөөлөр

Евразия элдерине Африка континентинин бар экени мурдатан эле билишчү. Өзгөчө Жер Ортолук Деңиздин ири мамлекеттери жөнүндө көптөгөн тарыхый жана географиялык маалыматтар байыркы грек жана рим окумуштууларынын кол жазмаларында, карталарында кездешет. Материктин ички аймактарын жетишсиз изилдөөнүн себеби, изилдөөчүлөргө эбегейсиз адам басып өткүс чоң чөлдөрдүн тоскоолдук жараткандыгында болгон.

Биринчи кеме жүрүш

Континенттин айланасын айланта кеме сүзүүнү биринчилерден болуп финикиялыктар болжолдуу биздин заманга чейин 6-кылымда жасашкан.

Ибн Баттута

14-кылымда араб саякатчысы Ибн Баттута Сомали жарым аралын изилдеп, Тимбукту жана Мали аймактарына саякат жасаган.

Васко да Гама

1497—1499-жылдары Васко да Гама жетектеген португалиялык экспедиция Африканы айланып өтүп, Сомали жарым аралынан Индияга багыт алган.

Давид Ливингстон

Давид Ливингстон Түштүк Африканын дарыяларын изилдеп, материктин ичине табигый өтмөктөрдү табууну чечкен. Ал Замбези менен сүзүп өтүп, Виктория шаркыратмасын таап, Няса, Танганьика көлдөрүнүн жана Луалаба дарыясынын суу бөлгүчүн аныктаган. 1849-жылы ал европалыктардын арасынан биринчилерден Калахари чөлүн кесип өтүп, Нгами көлүн изилдеген. Өзүнүн акыркы саякатында Нил дарыясынын башын табууга аракет кылган.

Генрих Барт

Генрих Барт Чад көлүнөн суу агып чыкпасын аныктап, европалыктар арасынан биринчи болуп, Сахаранын байыркы жашоочуларынын аска бетине (таш бетине) түшүрүлгөн сүрөттөрүн изилдеп, Түндүк Африкадагы климаттын өзгөрүшү тууралуу өзүнүн божомолдорун билдирген.

Орус изилдөөчүлөрү

Тоо-кен инженери, саякатчы Ковалевский Егор Петрович египеттиктерге алтын кендерин издөөгө жардам берип, Көк Нилдин куймаларын изилдеген. Юнкер Василий Васильевич Африканын негизги дарыялары — Нилдин, Конгонун жана Нигердин суу бөлгүчтөрүн изилдеген. 1926—1927-жылдары башка орус окумуштуусу Н. И. Вавилов Түндүк Африканын Жер Ортолук Деңиз өлкөлөрүнө саякат уюштарган. Ал эң чоң — 6000ден ашуун үлгүлөрдү — маданий өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн чогултуп, Эфиопия баалуу катуу буудайдын мекени экенин далилдеген.

Саясий бөлүштүрүү

Африкада 55 мамлекет жана өзүн-өзү жарыялаган жана таанылбаган 5 мамлекет бар. Алардын көпчүлүгү узак убакыт бою Европа мамлекеттеринин колониялары болуп, XX кылымдын 50-60-жылдарында гана эгемендүүлүккө ээ болушкан. Ага чейин Египет (1922-жылдан), Эфиопия (орто кылымдан), Либерия (1847-жылдан) жана Түштүк Африка Республикасы (ТАР) (1910-жылдан) гана көз карандысыз болгон; Түштүк Африка Республикасында жана Түштүк Родезияда (Зимбабве) жергиликтүү калкты басмырлаган (дискриминациялаган) апартеид режими XX кылымдын 80-90-жылдарына чейин сакталган. Бүгүнкү күндө Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө ак түспөл калкты басмырлаган режимдер башкарат. Freedom House изилдөө уюмунун маалыматы боюнча, акыркы жылдары көпчүлүк Африка өлкөлөрүндө (мисалы, Нигерия, Мавритания, Сенегал, Конго [Киншаса] жана Экватордук Гвинеяда) демократиялык жетишкендиктерден авторитаризмге карай чегинүү тенденциясы байкалган.

Континенттин түндүгүндө Испания (Сеута, Мелилья, Канар аралдары) жана Португалия (Мадейра) аймактары жайгашкан.

Африканын аймактары
Африка аймактары:
  • Түндүк Африка
  • Батыш Африка
  • Борбордук Африка
  • Чыгыш Африка
  • Түштүк Африка
Өлкөлөр жана аймактар Аянт (км²) Калк (2012-жылга, болжолдуу) Калк жыштыгы (км²) Борбору
Түндүк Африка:
Алжир 2 381 740 35 200 000 14,8 Алжир
Египет 1 001 450 80 898 000 74 Каир
САДР (Сахаралык Араб Демократиялык Республикасы) 252 120 267 405 1,06 Эль-Аюн
Ливия 1 759 540 6 365 563 3,2 Триполи
Марокко 446 550 32 382 000 70 Рабат
Судан 1 886 100 30 894 000 16,4 Хартум
Тунис 163 610 10 383 000 61,6 Тунис
Түндүк Африкадагы Испания жана Португалия аймактары:
Канар аралдары (Испания) 7 492, 360 2 103 992 282,5 Лас-Пальмас-де-Гран-Канария, Санта-Крус-де-Тенерифе
Мадейра (Португалия) 828 247 161 308,5 Фуншал
Мелилья (Испания) 12 65 500 5 311
Сеута (Испания) 18,5 78 320 4 016
Кичи Суверендүү аймактар (Испания) 1 0 0
Батыш Африка:
Бенин 112 620 8 935 000 79 Котону, Порто-Ново
Буркина-Фасо 274 200 15 746 232 57,5 Уагадугу
Гамбия 10 380 1 700 000 156 Банжул
Гана 238 540 24 233 431 88 Аккра
Гвинея 245 857 9 690 222 39,4 Конакри
Гвинея-Бисау 36 120 1 442 029 41 Бисау
Кабо-Верде 4 033 542 000 102 Прая
Кот-д′Ивуар 322 460 21 075 000 65 Ямусукро
Либерия 111 370 3 489 072 29 Монровия
Мавритания 1 030 700 3 086 000 2,6 Нуакшот
Мали 1 240 000 13 218 000 11 Бамако
Нигер 1 267 000 13 957 000 11 Ниамей
Нигерия 923 768 152 217 341 167 Абуджа
Сенегал 196 722 14 100 000 51 Дакар
Сьерра-Леоне 71 740 5 363 669 76 Фритаун
Того 56 785 6 300 000 108 Ломе
Борбордук Африка:
Амбазония (таанылбаган мамлекет) 42,710 3,521,898 38 Буэа
Габон 267 667 1 497 525 5,4 Либревиль
Камерун 475 440 17 795 000 34 Яунде
Конго Демократиялык Республикасы 2 345 410 67 758 000 28 Киншаса
Конго Республикасы 342 000 3 999 000 12 Браззавиль
Сан-Томе жана Принсипи 1 001 163 000 169,1 Сан-Томе
Борборафрикалык Республика 622 984 3 799 897 6,1 Банги
Чад 1 284 000 11 100 000 11,5 Нджамена
Экваториалдык Гвинея 28 051 650 000 16,9 Малабо
Чыгыш Африка:
Бурунди 27 830 8 988 091 323 Гитега
Индия океанындагы Британия аймагы (Улуу Британиянын көз каранды аймагы) 60 3 500 58,3 Диего-Гарсия
Галмудуг (таанылбаган мамлекет) 46 000 1 800 000 39 Галькайо
Джибути 22 000 818 159 54 Джибути
Кения 582 650 37 953 838 65,1 Найроби
Пунтленд (таанылбаган мамлекет) 116 000 3 900 000 18 Гарове
Руанда 26 338 ~10,186,063 343 Кигали
Сомали 637 657 9 558 666 13 Могадишо
Сомалиленд (таанылбаган мамлекет) 137 600 3 500 000 25 Харгейса
Танзания 945 090 37 849 133 41 Додома
Уганда 236 040 30 900 000 119 Кампала
Эритрея 117 600 4 401 009 37 Асмэра
Эфиопия 1 104 300 75 067 000 70 Аддис-Абеба
Түштүк Судан 619 745 8 260 490 13,33 Джуба
Түштүк Африка:
Ангола 1 246 700 18 498 000 14,8 Луанда
Ботсвана 600 370 1 639 833 3 Габороне
Замбия 752 614 12 935 000 17,2 Лусака
Зимбабве 390 580 13 349 000 33 Хараре
Коморы 2 170 752 000 404 Морони
Лесото 30 355 2 125 262 62 Масеру
Маврикий 2 040 1 240 827 603 Порт-Луи
Мадагаскар 587 041 20 042 552 33 Антананариву
Майотта (көз каранды аймак, Франциянын деңиздин ары жагындагы аймагы) 374 208 783 558 Мамудзу
Малави 118 480 15 400 000 118 Лилонгве
Мозамбик 801 590 21 397 000 25 Мапуту
Намибия 825 418 ~1 820 916 2,5 Виндхук
Реюньон (көз каранды аймак, Франциянын деңиздин ары жагындагы аймагы) 2 517 800 000 308 Сен-Дени
Эсватини 17 363 1 141 000 59 Мбабане
Ыйык Елена Аралдары, Вознесения жана Тристан-да-Кунья (Улуу Британиянын көз каранды аймагы) 413 7 543 18 Джеймстаун
Сейшель Аралдары 451 ~80,699 178 Виктория
Эпарс Аралдары (көз каранды аймак, Франциянын деңиздин ары жагындагы аймагы) 38,6 56 1,45
Түштүк-Африкалык Республика 1 219 912 43 786 828 39 Блумфонтейн, Кейптаун, Претория

Африкалык бирикме

1963-жылы Африкалык биримдик уюму (ОАЕ) түзүлгөн. Бул уюм расмий түрдө 2002-жылдын 9-июлунда Африка Биримдиги болуп кайра түзүлгөн. Учурда ага 55 өлкөнүн баары кирет.

Африка Биримдигинин төрагасы катары Африканын бир мамлекетинин башчысы бир жылдык мөөнөткө шайланат. Африка Биримдигинин администрациясы Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында жайгашкан.

Африка Биримдигинин максаттары:

Африка Биримдигинин акыркы жыйырма төртүнчү саммити 2015-жылдын январь айынын аягында өткөн.

Экономика

Африка өлкөлөрүнүн жалпы экономикалык жана географиялык мүнөздөмөсү

Аймактагы көптөгөн өлкөлөрдүн географиялык абалынын өзгөчөлүгү — деңизге чыгуунун жоктугу. Ошол эле учурда океанга чыгууга мүмкүндүгү бар өлкөлөрдө жээк чектери начар чегилип, чоң портторду куруу үчүн ыңгайсыздыктарды жаратууда.

Африка табигый ресурстарга өзгөчө бай. Минералдык чийки заттардын запасы көп — марганец, хромит, боксит кендери ж. б. Ойдуңдарда жана жээктердеги аймактарда күйүүчү май чийки заттары бар. Нефть менен газ Түндүк жана Батыш Африкада (Нигерия, Алжир, Египет, Ливия) өндүрүлөт.

Кобальт менен жез кендеринин эбегейсиз запастары Замбияда жана КДРда (Конго Демократиялык Республикасы) топтолгон; марганец кендери Түштүк Африка Республикасында жана Зимбабведе казылып алынат; платина, темир кендери жана алтын — Түштүк Африка Республикасында; алмаздар — эки Конгодо (КДР жана КР [жөн эле Конго Республикасы]), Ботсвана, Түштүк Африка Республикасы, Намибия, Ангола, Ганада; фосфориттер — Мароккодо, Тунисте; уран — Нигерде, Намибияда.

Африкада жер ресурстары абдан көп, бирок туура эмес иштетүүдөн улам топурактын эрозиясы катастрофалык абалга кептелген. Суу ресурстары Африка боюнча эң эле теңсиз бөлүштүрүлгөн. Токойлор аймактын 10 %га жакынын ээлейт, бирок токойлорду жырткыч сымал жок кылуунун натыйжасында алардын аянты тез азайып баратат.

Африкада калктын өсүү темпи табигый өсүүнүн эң жогорку көрсөткүчтөрүнө ээ. Көптөгөн өлкөлөрдө табигый өсүш жылына 1000 жашоочуга 30 кишиден ашык. Жаш курактагы балдардын жогору үлүшү (50 %) жана улуу муундагы адамдардын аз үлүшү (болжолдуу 5 %) сакталууда.

Африка өлкөлөрүнө азырынча экономиканын тармактык жана аймактык түзүлүшүнүн колониялык түрүн өзгөртүүгө жетише элек, бирок экономикалык өсүүнүн темпи анча-мынча тездеген. Чарбанын тармактык түзүмдүн колониялык түрү аз товардуу керектөөчү айыл чарбасынын үстөмдүгү, иштетүүчү өнөр жайдын начар өнүгүшү, транспорттун өнүгүүсүнүн артта калышы менен айырмаланат. Эң чоң ийгиликтерге Африка өлкөлөрүнүн тоо-кен тармактары жетишкен. Көптөгөн минералдарды казып алууда Африка дүйнөдө алдыңкы, кээде монополиялык орунга ээ (алтын, алмаз, платиноиддерди казып алууда ж. б.). Иштетүүчү өнөр жай жеңил жана тамак-аш менен берилген, чийки зат болгон жерлерге жакын жана жээктеги бир катар аймактарды эске албаганда (Египет, Алжир, Марокко, Нигерия, Замбия, КДР), башка тармактар жок.

Дүйнөлүк чарбадагы Африканын ордун аныктоочу экономиканын экинчи тармагы — тропикалык жана субтропикалык дыйканчылык. Дыйканчылык өндүрүмү ИДӨнүн 60—80 % түзөт.

Негизги соода өсүмдүктөр — кофе, какао-буурчак, жер жаңгак, курма, чай, табигый каучук, сорго, татымалдар. Акыркы учурда дан эгиндерин өстүрө башташкан: жүгөрү, күрүч, буудай. Кургак климаттуу өлкөлөрдү кошпогондо, мал багуу карамактагы ролду ойнойт. Экстенсивдүү мал багуу басымдуулук кылып, мында малдын саны көп болуп, бирок өндүрүмдүүлүктүн жана товардын төмөндүгү менен мүнөздөлөт. Континент өзүн айыл чарба азыктары менен камсыз кылбайт.

Транспорт дагы колониялык түрдү сактоодо: темир жолдор чийки зат казып алынган аймактардан портко барат, ошону менен бирге бир мамлекеттин аймактары дээрлик байланышкан эмес. Темир жол жана деңиз транспорту салыштырмалуу өнүккөн десе болот. Акыркы жылдары транспорттун башка түрлөрү да өнүгө баштаган — автомобиль (Сахара аркылуу жол салынган), аба жана түтүк.

Түштүк Африка Республикасын кошпогондо, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көбү дүйнөдө эң жакыр деп саналат (калктын 70 % жакырчылык чегинин тышында жашайт).

Африка мамлекеттеринин көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары

Африка өлкөлөрүнүн көбүндө шишик сыяктуу өсүп чыккан, профессионалдуу эмес, натыйжасыз бюрократиялык аппарат пайда болгон. Коомдук түзүмдөрдүн борпоң (аморфтуу) болуусу менен армия жалгыз уюшулган күч болуп келген. Натыйжасы — чексиз аскердик төңкөрүштөр. Бийликке келген диктаторлор сан жеткис байлыктарды чөнтөктөрүнө салып алышкан. Конгонун президенти Мобутунун капиталы, аны бийликтен түшүрүү учурунда 7 млрд долларды түзгөн. Экономика начар иштеп, а бул «деструктивдүү» экономикага чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачкан: баңги заттарды өндүрүү жана таратуу, алтын менен алмазды мыйзамсыз казуу, ал тургай адам сатуу ж. б. у. с. Дүйнөлүк ИДӨгү Африканын үлүшү жана дүйнөлүк экспорттогу салыштырма салмагы төмөндөй берген, киши башына өндүрүмдү чыгаруу кыскара берген.

Мамлекеттүүлүктүн пайда болушу мамлекеттик чек аралардын абсолюттук жасалмалуулугу менен өтө татаалдашкан. Африка аларды мурдагы колониалдык абалынан мураска алган. Алар континентти бөлүштүрүүдө таасир этүү чөйрөлөрүнө орнотулуп, этникалык чек аралар менен жалпы жактары аз. 1963-жылы түзүлгөн африкалык биримдик уюму тигил же бул чек араны оңдоонун ар кандай аракети күтүүсүз кесепеттерге алып келерин моюнга алып, канчалык адилетсиз болсо да, бул чек араларды «бекем» деп кароого чакырган. Ошентсе да, чек аралар этникалык конфликттердин жана миллиондогон качкындардын жер которуусунун булагына айланган.

Тропикалык Африканын көпчүлүк өлкөлөрүнүн экономикасынын негизги тармагы айыл чарбасы болуп саналат, ал калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн чийки зат базасы катары кызмат кылат деп айтылат. Анда, аймактын өз алдынча иштеген калкынын басымдуу көпчүлүгү иштейт жана жалпы улуттук кирешенин негизги бөлүгү ошондон түзүлөт. Тропикалык Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө айыл чарба экспортто алдыңкы орунду ээлеп, валюталык кирешенин олуттуу бөлүгүн камсыздайт. Акыркы он жылда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи менен тобокел көрүнүштөр байкалып, бул аймактын деиндустриялаштырылышы жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет. Эгер 1965—1980-жылдары алар (жылына орточо) 7,5 %ды түзсө, 1980-жылдары 0,7 %ды гана түзгөн, 1980-жылдардагы өндүрүштө да, кайра иштетүү өнөр жай тармактарында да өсүү темпинин төмөндөшү байкалган. Бир катар себептерден улам аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда тоо-кен тармагы өзгөчө ролду ойнойт, бирок бул өндүрүш да жыл сайын 2 % га кыскарып жатат. Тропикалык Африка өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө мүнөздүү өзгөчөлүгү — кайра иштетүү өнөр жайынын начар өнүгүшү. Өлкөлөрдүн өтө кичинекей тобунда гана (Замбия, Зимбабве, Сенегал) ИДӨдөгү үлүшү 20 %га жетет же ашат.

Интеграциялык процесстер

Африкадагы интеграциялык процесстерге мүнөздүү өзгөчөлүгү — алардын жогорку деңгээлдеги институтташтырылышы. Учурда континентте ар кандай деңгээлдеги, масштабдагы жана багыттардагы 200гө жакын экономикалык бирикмелер бар. Бирок, көйгөйдү изилдөө жагынан субрегионалдык калыптануу иденттүүлүгү жана анын улуттук идентүүлүк менен салыштыруусу жана этникалык кызыкчылыктар Батышафрика өлкөлөрүнүн экономикалык жамааты (французча Communauté Économique des États de l′Afrique de l′Ouest — CEDEAO), Түштүк Африканы өнүктүрүү жамааты (англисче Southern African Development Community — SADC), Борбордук Африка мамлекеттеринин экономикалык жамааты (французча Communauté économique des États de l′Afrique centrale — CEEAC) ж. б. ушул сыяктуу ири мекемелердин иштөөсүн билдирет. Өткөн он жылдыктагы (2020дан артка) булардын ишмердүүлүгүнүн эң төмөн натыйжалуулугу жана глобализация доорунун келиши интеграциялык процесстердин сапаттуу башка деңгээлде чукул тездешин талап кылууда. Экономикалык кызматташуу жаңы — 1970-жылдарга салыштырмалуу — дүйнөлүк экономиканын ааламдашуусунун карама-каршы өз ара аракеттенүү шарттарында жана африкалык мамлекеттердин позицияларынын өз алкагында, табигый түрдө башка координаттар система шарттарында өнүгүүдө. Интеграция эми өз күчтөрүнө таянган жана империалисттик Батышка каршы турган, өзүн өзү камсыз кылган жана өзүн өзү өнүктүрө турган экономиканы түзүүнүн куралы жана негизи катары каралбай калууда. Башка ыкма, жогоруда айтылгандай, интеграцияны африка өлкөлөрүн глобалдашып жаткан дүйнөлүк экономикага кошуунун жолу жана ыкмасы катары, ошондой эле жалпысынан экономикалык өсүш менен өнүгүүнүн көрсөткүчү жана белгиси катары көрсөтөт.

Калк

Африка калкынын саны 1 миллиарддан ашуун адам. Континенттин калкынын өсүүсү дүйнөдө эң жогору: 2004-жылы 2,3 % түзгөн. Акыркы 50 жылдын ичинде орточо жашоо узактыгы 39дан 54 жашка чейин өстү. HSBC банкынын божомолуна ылайык, 2050-жылга чейин Африка өлкөлөрүнүн калк саны эки эсе көбөйөт.

Калкы негизинен эки рассанын өкүлдөрүнөн турат: Сахаранын түштүгүндө негроиддер жана европеоидер, Түндүк Африкада (арабдар) менен Түштүк Африка Республикасында (бурлар жана англо-түштүк африкалыктар). Эң көп сандаган калк — Түндүк Африканын арабдары.

Материктин колониялык өздөштүрүү учурунда көптөгөн мамлекеттик чек аралар этникалык өзгөчөлүктөрдү эске албай тартылып, бул дагы эле улуттар аралык жаңжалдарга алып келүүдө. Африканын элинин орточо жыштыгы 30,5 адам/км², бул Европа менен Азияга караганда кыйла аз.

Урбанизация (шаардашуу) боюнча Африка башка аймактардан артта — 30 % төмөн, бирок урбанизация деңгээли дүйнө боюнча эң жогорку көрсөткүчтө, көптөгөн өлкөлөрүнө жалган урбанизация мүнөздүү. Африка континентиндеги эң ири шаарлар — Каир жана Лагос.

Тилдер

Африканын автохтон (келип чыгышы боюнча жергиликтүү деген мааниде) тилдери 32 бүлөгө бөлүнөт, анын ичинен 3 (семит, индоевропалык жана австронезиялык) континентке башка аймактардан кирген.

Ошондой эле 7 обочолонгон жана 9 классификацияланбаган тилдер бар. Эң эле популярдуу эзелки африкалык тилдерге — банту (суахили, конго), фула тилдери кирет.

Индоевропа тилдери колониялык башкаруу доорунан улам кеңири тараган: англис, португалия, француз тилдери көптөгөн өлкөлөрдө расмий тилдер катары саналат. XX кылымдын башынан тарта Намибияда негизги тил катары немисче сүйлөгөн компакттуу жамаат жашап келет. Континентте пайда болгон индоевропа бүлөсүнө таандык жалгыз тил — бул африкаанс тили, Түштүк Африка Республикасынын 11 расмий тилинин бири. Ошондой эле, африкаанс тилинин алып жүрүүчүлөр жамааттары Түштүк Африканын башка өлкөлөрүндө да жашашат: Ботсвана, Лесото, Свазиленд, Зимбабве, Замбия. Түштүк Африка Республикасында апартеид режими кулагандан кийин, африкаанс тили башка тилдер (англис жана жергиликтүү африкалык тилдер) тарабынан сүрүлүп чыгарылууда. Тилдин алып жүрүүчүлөрүнүн саны жана аны пайдалануу чөйрөсү азаюууда.

Кеңири таралган афразия тилдик микро бүлө — араб тили — Түндүк, Батыш жана Чыгыш Африкада биринчи жана экинчи тил катары колдонулат. Көптөгөн африкалык тилдер (хауса, суахили) араб тилинен кыйла деңгээлдеги өздөштүрүүлөрдү камтыйт (биринчи кезекте саясий, диний лексика пласттары, абстракттуу түшүнүктөр).

Австронезиялык тилдер малагасия тили менен берилип, мында Мадагаскардын калкы малагастар сүйлөшөт, башкача айтканда, бул жакка биздин замандын II—V кылымдарында келген австронезия тектүү элдер сүйлөшөт.

Африка континентинин жашоочуларына күнүмдүк тиричиликте колдонуу үчүн бир нече тилде сүйлөө мүнөздүү. Мисалы, өз тилин сактаган анча чоң эмес этникалык топтун өкүлү, жергиликтүү тилди үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында, уруулаштары менен баарлашууда колдоно алат, аймактык этника ортосундагы тилди (КДРде лингала, БАРда санго, Нигерияда хауса, Малиде бамбара) башка этникалык топтордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө, жана мамлекеттик тилди (шартка ылайык европалык) бийлик өкүлдөрү менен баарлашуу жана ушуга байланыштуу учурларда колдонушат. Ошол эле учурда, тил билүү жөндөмдүүлүгү сүйлөө жөндөмдүүлүгү менен гана чектелиши мүмкүн (ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Африканын чоң кишилеринин 38 % сабатсыз, алардын 2/3 бөлүгү — аялдар).

Калктын өсүшү

Жер калкынын глобалдык демографиялык картаюу процессинин фонунда (Сахаранын түштүгүрөөгүндөгү Африканы кошпогондо) жана анын натыйжасында өнүккөн, ошондой эле өнүгүп келе жаткан бир катар өлкөлөрдөгү демографиялык кризисти эске алганда Африка бекем турат десек болот. БУУнун 2019-жылдагы божомолуна ылайык, глобалдык калктын өсүшү XXI кылымдын аягында дээрлик токтойт, бул көбүнчө глобалдык төрөттүн төмөндөшүнө жана калктын улгайышына байланыштуу. Африкада азыр жана жакынкы он жылдыктарда эмне болору XXI кылымдын аягында дүйнө калкы кандай санда жана түзүлүштө болоорун аныктайт. Дүйнө калкынын саны 10 миллиардга жетеби же жетпейби, Африканын өнүгүү ылдамдыгынан көз каранды, өзгөчө аялдардын жакшы билимге мүмкүндүк алуу ылдамдыгынан, алардын эмгек базарындагы мүмкүнчүлүктөрүнөн жана бала ден соолугу жаатындагы жакшыртуулар канчалык тез болооруна жараша болот. Африка — ушул жүз жылдыктын аягына чейин калктын санынын олуттуу өсүүсү байкала турган дүйнөдөгү жалгыз аймак. 2020-жылдан 2100-жылга чейин Африка калкынын саны 1,3 миллиарддан 4,3 миллиардга чейин өсүшү күтүлүүдө. Божомолдор көрсөткөндөй, бул өсүш негизинен Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүндө болуп, калк саны 2100-жылга чейин үч эседен ашат. 21-кылымда Африка калкынын өсүшү жогорку деңгээлде кала берери божомолдонууда. Бул кээ бир конкреттүү өлкөлөр үчүн да маанилүү: мисалы, Нигерияда (2020-жылы 206 миллион) XXI кылымдын аягында калктын саны 794 миллион жетээрин БУУ божомолдошкон. Учурда, БУУнун маалыматы боюнча, Африканын төрөт көрсөткүчү мурдагыдай эле бир аялга 4,4 бала туура келет. Төрөттүн глобалдык коэффициенти (Африка эмес, глобалдык) 4,5тен 2,5 балага чейин төмөндөтү үчүн 42 жыл (1972-жылдан 2014-жылга чейин) талап кылынган. Кайра эле БУУнун божомолу боюнча Африка континенти үчүн бул көрсөткүч 56 жылды (2016-жылдан 2072-жылга чейин) талап кылат. Африка, БУУнун божомолдорунан тышкары тезирээк өнүгө алат деген оптимисттик негиздер бар.

2100-жылга карата, калкынын саны боюнча дүйнөдөгү эң чоң 10 өлкөнүн 5и Африкада болору болжолдонууда. Жоромолдор боюнча ушул жүз жылдыктын аягына чейин алты мамлекетке дүйнө калкынын өсүүсүнүн жарымынан көбү туура келет, ал эми булардын бешөө Африкада болот. 2020-жылдан 2100-жылга чейин дүйнө калкы болжол менен 3,1 миллиардга өсүшү күтүлүүдө. Бул өсүштүн жарымынан көбү Нигерияда, Конго Демократиялык Республикасында, Танзанияда, Эфиопияда жана Анголада, ошондой эле африкалык эмес бир өлкөдө (Пакистан) күтүлүүдө. Жоромолдорго ылайык, 2100-жылы Африканын беш мамлекети калк саны боюнча дүйнөнүн он өлкөсүнүн катарында болот. 2047-жылы Нигерия калкынын саны боюнча үчүнчү өлкө катары АКШдан ашып кетет деп болжолдонууда. 2100-жылы дүйнөдө төрөлгөн балдардын жарымы Африкада төрөлөт делет. 2060-жылы Африка төрөлгөн балдардын саны боюнча Азиядан озуп кетет.

Дин

Дүйнөлүк диндердин арасында ислам жана христианчылык басымдуулук кылат (христианчылык ичинде кеңири таралган конфессиялар католицизм, протестантчылык, анча-мынча православчылык, монофизитизм). Чыгыш Африкада буддисттер менен индустар да жашайт (көбү Индиядан келгендер). Ошондой эле Африкада иудаизм менен бахаизмдин жолун жолдоочулар бар. Сырттан келген диндер таза түрүндө да, жергиликтүү салттуу диндер менен синкретизирленгендери да кездешет. «Ири» салттуу Африка диндердин арасында ифа же бвитини белгилесе болот.

Коом

Билим берүү

Африкадагы салттуу билим берүү, балдарды африкалык чындыкка жана африка коомундагы жашоого даярдоону болжойт. Колонияга чейинки Африкадагы билим берүү оюндарды, бийлерди, ырдоону, сүрөт тартууну, жөрөлгөлөрдү жана ырым-жырымдарды камтыган. Окутуу улуулар тарабынан жүргүзүлчү; коомдун ар бир мүчөсү баланын билим алуусуна өз салымын кошкон. Кыздар жана балдар өзүнчө жыныстык-ролдук жүрүм-турум системасын үйрөнүү үчүн өзүнчө окутулган. Окуунун апогейинде балалыктын аякташын жана чоң адамдык жашоонун башталышын символдоштурган ритуалдар болгон.

Колониялык мезгилдин башталышы менен билим берүү системасы европалык багытта өзгөрүүлөргө дуушар болуп, африкалыктардын Европа жана Америка менен атаандашуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн. Африка өз адистерин даярдоону жөнгө салууга аракет кыла берген.

Учурда Африка билим берүү жаатында башка дүйнө бөлүктөрүнөн дагы деле артта калууда. 2000-жылы Кара Африкада балдардын 58 % гана мектепте окуган; бул дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөр. Африкада 40 миллиондой бала бар, алардын жарымы мектеп жашында болуп, мектепке барышпайт. Алардын үчтөн экиси — кыздар.

Постоколониалдык мезгилде африкалык өкмөттөр билим берүүгө көбүрөөк басым жасашкан; көптөгөн университеттер негизделип, бирок, аларды өнүктүрүү жана колдоого каражат аз болчу, кээ бир жерде таптакыр болгон эмес. Ошого карабастан, университеттер толуп кетип, мугалимдер кечкисин, дем алыш күндөрү кезектешип лекция окууга мажбур болушкан. Эмгек акынын аздыгынан кызматкерлер кетүүсү байкалууда. Тиешелүү каржылоонун жоктугунан тышкары, африкалык университеттердин башка көйгөйлөрүнө жөнгө салынбаган даражалар системасы кирет, ошондой эле, профессионалдык жетишкендиктерге негизделбеген мугалимдердин карьералык көтөрүлүүсүнүн адилетсиздигин айтууга болот. Мындай кырдаал көп учурда мугалимдердин нааразычылыгын жана иш таштоолорун пайда кылып келет.

Ички конфликттер

Африка планетабыздын жетишээрлик конфликттүү жери деген түшүнүк бекем калыптанган, жана туруктуулуктун деңгээли жогорулабастан, төмөндөө тенденциясына ээ. Постколониалдык мезгилде континентте 35 куралдуу конфликттер катталган, булардын жүрүшүндө 10 миллионго жакын адам каза болуп, алардын көпчүлүгү (92 %) жөнөкөй жарандар. Африкада качкындардын дүйнөлүк санынын дээрлик 50 % (7 миллиондон ашык адам) жана жер которгондордун 60 % (20 миллион адам) түзөт. Алардын көбү үчүн турмуш, күнүмдүк жашоого болгон күрөш үчүн трагедиялуу тагдырды даярдап койгон десек болот.

Африка маданияты

Тарыхый себептерден улам, маданий жактан Африканы эки чоң бөлүккө бөлүүгө болот: Түндүк Африка жана Сахаранын түштүгүндөгү Африка.

Африка адабияты

Африкалыктардын африка адабияты түшүнүгү жазуу жана оозеки адабиятты камтыйт. Африкалыктардын аң-сезиминде форма менен мазмун бири-биринен ажырагыс түшүнүк. Баяндоонун көркөмдүгү жеке өзү үчүн гана колдоулбастан, угуучу менен эффективдүү диалог куруу үчүн пайдаланылат, жана көркөмдүк баяндалгандын чындык деңгээлине жараша аныкталат.

Африканын оозеки адабияты ыр түрүндө да, проза түрүндө да бар. Поэзия, көбүнчө ыр түрүндө болуп, ырларды, эпосторду, ритуалдык, мактоо, сүйүү ж. б. ырларды камтыйт. Проза — көбүнчө өткөн окуялар жөнүндө баяндар, мифтер жана уламыштар, көпчүлүк учурда трикстер (аладмчы) борбордук каарман. Сундиата Кейта жөнүндөгү эпос (байыркы Мали мамлекетин негиздеген каарман) — колониалдык мезгилге чейинки оозеки адабияттын маанилүү үлгүсү.

Түндүк Африканын биринчи жазма адабияты Египет папирустарында табылган, ошондой эле, ал грек, латын жана финикия тилдеринде да жазылган (финикиялык булактар өтө аз калган). Латын тилинде Апулей жана Ыйык Августиндер жазышкан. Тунистик философ Ибн Хальдундун стили ошол мезгилдеги араб адабиятынан айырмаланып турат.

Колониалдык мезгилде африка адабияты негизинен кулчулук көйгөйлөрү менен алектенген. Биринчи англис тилиндеги роман 1911-жылы жарык көргөн Жозеф Эфрахим Кейсли-Хейфорддун «Эркин Эфиопия: рассалык эмансипация очерктери» саналат. Роман, көркөм адабият менен саясий үгүттөөнүн ортосунда салмакталып турганы менен, батыш басылмаларында оң пикирлерге ээ болгон.

Эркиндик жана көз карандысыздык темасы колониалдык мезгилдин аягына көбүрөөк көтөрүлө баштаган. Көпчүлүк өлкөлөр эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин африкалык адабият чоң кадамдарды жасаган. Чыгармалары кеңири таанылган жазуучулар пайда болду. Чыгармалар Европа (негизинен француз, англис жана португалия), ошондой эле Африканын автохтон тилдеринде жазылган. Постоколониалдык мезгилдин негизги темалары конфликттер болгон: өткөн менен азыркы учурдун, салт менен заманбаптыктын, социализм менен капитализмдин, инсандык менен коомдун, түпкү элдер менен жаңы келгендердин ортосундагы конфликттер. Ошондой эле, коррупция сыяктуу социалдык көйгөйлөр, көз карандысыздыкка жаңыдан жеткен өлкөлөрдүн кыйынчылыктары, аялзатынын укуктары жана жаңы коомдогу орду сыяктуу темалар кеңири чагылдырылган. Жазуучу аялдар колониалдык мезгилге караганда алда канча кеңири таралган.

Постоколониалдык мезгилдеги биринчи адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган африкалык жазуучу Воле Шойинка (1986) болгон. Ага чейин 1957-жылы бул сыйлыкка Алжирде туулган Альбер Камю гана сыйланган.

1980-жылдан бери Нома сыйлыгы көрүнүктүү адабий чыгармалар үчүн берилип келет.

Кинематография

Жалпысынан Африканын кинематографиясы начар өнүккөн, 1920-жылдардан бери көптөгөн тасмалар тартылган Түндүк Африканын кино мектеби гана белгилене алат (Алжир менен Египеттин кинематографтары).

Ошентип, Кара Африка узак убакыт бою өзүнүн киносуна ээ болбой, америкалыктар жана европалыктар тарткан фильмдердин декорациясы катары гана кызмат кылган. Мисалы, француз колонияларында жергиликтүү элге кино тартууга тыюу салынган жана 1955-жылы гана сенегалдык режиссер Полен Суману Вьейра биринчи франкофониялык L′Afrique sur Seine («Африка Сенада» — Сена Франциядагы дарыя) фильмин тарткан, ал дагы Африкада эмес, Парижде тартылган. Колониалдык режимге каршы маанайдагы бир катар тасмалар да тартылган, бирок, алар деколонизацияга чейин тыюу салууда болгон. Акыркы жылдары гана, эгемендүүлүк алгандан кийин бул өлкөлөрдө улуттук мектептер өнүгө баштаган; биринчи кезекте булар Түштүк Африка Республикасы, Буркина-Фасо жана Нигерия (бул жерде «Нолливуд» аталган коммерциялык кино мектеби калыптанып калган). Эл аралык таанууга ээ болгон биринчи фильм — Франциядагы үй кызматкери болуп иштеген жаш кара аялдын татаал жашоосу тууралуу, сенегалдык режиссер Усман Сембененин «Кара кыз» аттуу тасмасы болгон.

1969-жылдан бери (1972-жылы мамлекеттин колдоосуна алынган) Буркина-Фасодо эки жылда бир жолу континенттеги эң чоң африкалык кинофестивалы FESPACO өткөрүп келет. Бул фестивалдын Түндүкафрикалык альтернативасы — тунисттик «Карфаген».

Африкалык режиссёрлор тарабынан тартылган көпчүлүк тасмалар Африка жана анын эли жөнүндө стереотиптерди жок кылууга багытталган. Колониалдык мезгилдеги көптөгөн этнографиялык тасмалар африкалыктар тарабынан, африкалык чындыкты бурмалоо катары жактырылган эмес.

Ошондой эле, «африка киносу» түшүнүгү, мекенинен тышкары жакта тартылган фильмдерди да камтыйт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 31011, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо