Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Океан

Баш барак | Гео | Океан

Океан (байыркы грекче Ὠκεανός, байыркы грек Кудайы Океандын атынан) — материктердин арасында орун алган, суулардын циркуляция системасы жана башка спецификалык өзгөчөлүктөрү бар, Дүйнөлүк океандын түзүүчү бөлүгү болгон ири суу объектиси. Океан атмосфера жана Жер кыртышы менен үзгүлтүксүз иш-аракетте болуп турат.

Мазмуну
Океан иллюстрация
Океан иллюстрация

Курамына океандар жана деңиздер кирген Дүйнөлүк океандын бетинин аянты Жер бетинин болжолдуу 71 % түзөт (орточо 361 млн км²). Жердин океандарынын түбүнүн рельефи жалпысынан татаал жана ар түрдүү.

Ошондой эле, океан териминин башка планеталар жана алардын жандоочуларына дагы колдонушат, мисалы, Европа планетасынын океаны.

Океандарды изилдеген илим, океанология аталат; океандын фаунасын жана флорасын океан биологиясы аталган биологиянын бөлүмү изилдейт.

Антикалык мааниси

Байыркы Римде Oceanus сөзү менен белгилүү батыш дүйнөсүн чулгаган сууларды белгилешкен, башкача айтканда ачык Атлантика океанын. Ошону менен бирге, Oceanus Germanicus («Гераниялык Океан») же Oceanus Septentrionalis («Түндүк Океан») фразасы Түндүк деңизди, ал эми, Oceanus Britannicus («Британия Океаны») — Ла-Манш кысыгын түшүндүргөн.

Океандардын заманбап аныкталышы

Дүйнөлүк океан — суунун глобалдык көлөмү, гидросферанын бүткүл аянтынын 94,1 % түзгөн негизги бөлүгү, материктерди жана аралдарды курчаган, туз курамынын жалпылыгы менен айырмаланган Жердин үзгүлтүксүз, бирок бүтүн эмес суу кыртышы. Континенттер жана чоң архипелагдар дүйнөлүк океанды бөлүктөргө (океандарга) бөлүп турат. Океандын чоң аймактары деңиз, булуң, кысык ж. б. аталыштарында белгилүү.

Дүйнөлүк океанды бир маалымат булактары төрт бөлүккө бөлсө, башкалары бешке бөлүшкөн. 1937 жылдан 1953-жылдарга чейин беш океанды белгилешчү: Тынч, Атлантика, Индия, Түндүк Муз жана Түштүк (же Түштүк Муз) океандары. «Түштүк Океан» термини көп жолу XVIII кылымда, аймактын системалык изилдөөлөрү башталганда эле колдонулчу. Эл аралык гидрографикалык уюмдун басылмаларына ылайык Атлантика, Индия жана Тынч океандын курамынан Түштүк Океан 1937-жылы белгиленген. Буга алардын өзүлөрүнүн түшүндүрмөсү болгон: океандын үч океандар менен болгон өзүнүн түштүк чек арасында, ошол эле учурда Антарктидага жанаша суулары спецификага ээ, ошондой эле Антарктикалык циркум уюлдук агым менен бириккен. Бирок, натыйжада өзүнчө Түштүк океанды белгилөөдөн баш тартышкан. 2000-жылы Эл аралык гидрографикалык уюм беш океанга бөлүү чечимин кабыл алып, бирок, бул чечим бүгүнкү күнгө чейин (2022) ратификациядан өтө элек, ошондуктан юридикалык жактан 4 океан гана калууда.

ОкеанАянты, млн км²Көлөмү, млн км³Орточо тереңдиги, мЭң терең жери, мДеңиздери
Атлантика91,6329,736008742 (Пуэрто-Рико чуңкуру)Балтика, Түндүк, Жер ортолук, Кара, Саргасс, Кариб, Адриатикалык, Азов, Балеар, Ионикалык, Ирландия, Мрамор, Тиррен, Эгей; Бискайс булуңу, Гвинея булуңу, Мексика булуңу
Индия же Инди73,556292,138907725 (Зонд чуңкуру)Андаман, Аравия, Кызыл, Лаккадив, Тимор; Бенгал булуңу, Чоң Австралиялык булуң, Персид булуңу
Түндүк Муз14,7518,112255527 (Гренландия деңизинде)Норвегия, Баренцево, Ак, Карск, Лаптевых, Чыгыш-Сибирс, Чукотск, Гренландия, Бофорт, Баффин, Линкольн; Гудзон булуңу
Тынч169,2710428011 022 (Мариан чуңкуру)Беринг, Охотск, Япония, Чыгыш-Кытай, Сары, Түштүк-Кытай, Яван, Сулавеси, Сулу, Филиппин, Арафур, Коралл, Фиджи, Тасман
Түштүк20,32772,3732708264 (Түштүк-Сандвичев чуңкуру)Лазарев деңизи, Рисер-Ларсен, Космонавттар, Шериктештик, Дейвис, Моусон, Дюрвиль, Сомов, Росс, Амундсен, Беллинсгаузен, Скош, Уэдделл

Океандардын кыскача мүнөздөмөсү

Тынч океан (же Улуу) — Жердеги аянты жана тереңдиги боюнча эң чоң океан. Батышта Евразия жана Австралия континенттеринин, чыгышында Түндүк жана Түштүк Американын ортолорунда, түштүгүндө Антарктиданын үстүндө жайгашкан. Түндүгүндө Беринг булуңу аркылуу Түндүк Муз океандын, ал эми түштүгүндө — Атлантика жана Индия океандарынын суулары менен кошулат. Дүйнөлүк океан бетинин 49,5 % аянтын ээлеп, 53 % суу көлөмүн батырган Тынч океан түндүктөн түштүктү карай болжолдуу 15,8 миң км жана чыгыштан батышты карай 19,5 миң км созулат. Тынч океан аркылуу болжодуу 180-меридиан аркылуу дата өзгөрүү сызыгы өтөт. Тынч океанды изилдөө жана өздөштүрүү адамзаттын жазма тарыхынын пайда болушуна чейин эле башталган. Океанда сүзүү үчүн джонкалар (кытайдын салттуу парустук кемелери), катамарандар жана жөнөкөй кайыктар пайдаланылган. 1947-жылкы норвегиялык Тур Хейердал жетекчилигинде, бальса устундарынан жасалган «Кон-Тики» кайыктарындагы экспедиция, Түштүк Американын борбордук бөлүгүнөн Полинезия аралдарына, батыш багытта Тынч океанды сүзүп (кесип) өтүү мүмкүн экенин аныктаган. Кытай джонкалары (джонка — кеменин түрү) океандын жээктери менен Индия океанына чыгып турган (мисалы, 1405—1433-жылдардагы Чжэн Хэ жети саякаты). Учурда (2022) Тынч океандын жээктери жана аралдары өтө бир тектүү эмес өздөштүрүлгөн жана отурукташкан. Өнөр-жайлык өздөштүрүүнүн ири борборлору: АКШ (Лос-Анджелес аймагынан Сан-Франциско аймагына чейин), Япония жана Түштүк Корея жээктери. Австралия жана Жаңы Зеландиянын экономикалык жашоосунда дагы океандын ролу маанилүү.

Тынч океан
Тынч океан

Атлантика океаны — Жердеги чоңдугу боюнча экинчи океан, аталышы грек мифологиясындагы Атлас (Атланта) титанынын же легендарлуу Атлантида аралынын аталышынан келип чыккан. Субартикалык кеңдиктерден Антарктидага чейин созулат. Инди океаны менен болгон чек ара Игольный тумшугунун меридианы боюнча өтөт (20° чыгыш узундуктан Антарктида жээктерине чейин [Ханайым Мод жери]). Тынч океан менен болгон чек ара Горн тумшугунан 68°04′ батыш узундук меридианы же Түштүк Америкадан Антарктикалык жарым аралга чейинки кыска аралык менен Дрейк кысыгы аркылуу, Осте аралынан Штернек тумшугуна чейин өтөт. Түндүк Муз океан менен болгон чек ара Гудзон кысыгынын чыгыш босогосу аркылуу, андан ары Дэвис кысыгы жана Гренландия аралынын жээктери менен Брустер тумшугуна чейин Исландия аралында Дания кысыгынан Рейдинупюр тумшугуна чейин, анын жээктери боюнча Герпир тумшугуна чейин, андан соң Ферер аралдарына барып, андан улай Шетланд аралдары жана 61° түндүк кеңдик менен Скандинавия жарым аралдарынын жээктерине чейин өтөт. Атлантика океанынын деңиздеринин, булуңдарынын жана кысыктарынын аянты 14,69 млн км² (океандын жалпы аянтынын 16 %), көлөмү 29,47 млн км³ (8,9 %) түзөт. Аянты — 91,6 млн км², мунун болжолдуу төрттөн бири ички континенталдык деңиздерине туура келет. Жээктериндеги деңиздердин аянты анча чоң эмес жана акваториянын жалпы аянтынын 1 % ашпайт. Сууларынын көлөмү 329,7 млн км³, бул Дүйнөлүк океандын 25 % көлөмүнө барабар. Орточо тереңдиги — 3736 м, эң тереңи — 8742 м (Пуэрто-Рико чуңкуру). Океандын орточо жылдык туздуулугу болжолдуу 35 ‰. Атлантика океаны көрүнүп турган бөлүктөргө бөлүнгөн акваториялары бар булуң-буйткалуу жээк сызыгына ээ: деңиздер жана булуңдар.

Атлантика океаны
Атлантика океаны

Индия океаны — Жердин өлчөмү боюнча үчүнчү жана суу бетинин болжолдуу 20 % каптаган океан. Индия океаны (кээде Инди же Индиялык океан делет) негизинен Рака тропигинен түштүгүндө жайгашкан, Евразия менен түндүгүндө, батышында Африка, чыгышында Австралия жана түштүгүндө Антарктида менен курчалган. Аянты — 76,17 млн км², көлөмү — 282,65 млн км³. Түндүгүндө Азияны, батышында — Аравия жарым аралын жана Африканы, чыгышында — Индокытай, Зонд аралдарын жана Австралияны чулгайт; түштүгүндө Түштүк океан менен чектеш. Атлантика океаны менен болгон чек ара 20° чыгыш узундук меридианында өтөт; Тынч океандыкы — 147° чыгыш узундук меридианында. Индия океанынын эң четки түндүк чекити болжолдуу түндүк кеңдиктин 30° Персид булуңунда жайгашкан. Индия океанынын Австралия жана Африканын түшүтүк чекиттериндеги болжолдуу жазылыгы 10 000 кмдей.

Индия океаны
Индия океаны

Түндүк Муз океан (англисче Arctic Ocean, данияча Ishavet, норвегияча жана нюнорскчо Nordishavet) — аянты боюнча Жердин эң кичинекей океаны, Евразия жана Түндүк Американын ортосунда орун алган. Аянты — 14,75 млн км², башкача айтканда Дүйнөлүк океандын бүткүл аянтынын 4 % кичине чоңураак, суусунун көлөмү — 18,07 млн км³. Түндүк Муз океан бардык океандардын эң тайызы болуп саналат, анын орточо тереңдиги 1225 м (эң терең жери 5527 м, Гренландия деңизинде).

Түндүк Муз океан
Түндүк Муз океан: 1 — Түндүк уюл; 2 — Түндүк магниттик уюл; 3 — Түндүк геомагниттик уюл; 4 — Жеткиликсиздик түндүк уюлу

Түштүк океан (англисче Southern Ocean) — Жердин эң түштүк жеринде орун алган океан. Антарктиданы (Арктика менен алмаштырбайлы) курчап турат, аянты — 20,327 млн км², орточо тереңдиги 3270 м, суусунун көлөмү — 72,37 млн км³. Эң терең жери Түштүк-Сандвич чуңкурунда — 8264 м. Түштүк океанды түндүгүндө — Индия океаны, түштүк-чыгышында — Тынч океан, түндүк-батышында — Атлантика океаны чулгайт. Эң муздак океан, орточо температурасы -12 °С барабар.

Түштүк океан
Түштүк океан

Океандардын калыптанышы

Бүгүнкү күндө (2022) илимий чөйрөдө океан 3,5 млрд жыл мурун магманын дегазациясы (дегазация — ууландыруучу заттардын же газдардын кайсыл бир жерде жок кылынуусу, кетүүсү) жана анын натыйжасында буулардын атмосферага конденсациясынан пайда болгон деген версия бар. Заманбап океандык бассейндердин көпчүлүгү акыркы 250 млн жылда байыркы супер континенттин бөлүнүүсүнөн жана литосфералык плиталардын ар тарапка чачыроосунан пайда болгон (айтылуу спреддинг). Тынч океандан тышкары, бул океан байыркы Панталасса океанынын кичирейип бараткан калдыгын туюндурат.

Батиметрикалык абал

Батиметрикалык абал (батиметрия — суу бассейндеринин суу астындагы бөлүгүн изилдөө) жана рельефтин мүнөзү боюнча океандын түбүндө бир нече деңгээлдер белгиленет:

Океан жана атмосфера

Океан жана атмосфера туруксуз, алмашып туруучу чөйрөнү билдирет. Бул чөйрөлөрдүн касиеттери организмдердин жашоо чөйрөсүн аныктайт. Атмосферадагы агымдар океандагы жалпы суунун циркуляциясына таасир этет, ал эми абанын курамы жана температурасынан океандык суулардын касиеттери көз каранды. Өз кезегинде, океан, атмосферанын негизги касиеттерин аныктап, андагы көптөгөн процесстерге энергиянын булагы болот. Океандагы суунун циркуляциясына шамалдар, Жердин айланышы, ошондой эле кургактык тосмолору таасир берет.

Океан жана климат

Океан жайында жай жылыйт, кышында жай муздайт. Бул океанга жанаша болгон кургактыктагы температуранын термелүүсүн түзөтүүгө мүмкүндүк берет.

Атмосфера, океандан ага кирген жылуулуктун кыйла бөлүгүн жана дээрлик суу буусунун бардыгын алат. Буу өйдө көтөрүлүп, конденсацияланып булуттарды калыптандырат, булуттар шамал аркылуу кургактыкты карай жылып, жамгыр же кар түрүндө жерге түшөт. Жылуулук жана нымдуулук алмашууда океан бетинин суулары гана катышат. Дээрлик 95 % түзгөн ички суулары алмашууга катышпайт. Бууланууда химиялык курамга бөлүнүү жүрөт: туздар океанда калат, ал эми бууда туз дээрлик калбайт. Мында пайда болгон жаан-чачындар таза суунун негизги булагын калыптандырат.

Химиялык курам

Океанда химиялык элементтердин түгөнгүс булагы камтылган, мында алар суусунун курамында, ошондой эле океан түбүндө жайгашкан кендерде бар. Жер кыртышынан түрдүү чөгүндү жана эритмелердин түшүүсү жана алынып келинишинен пайдалуу кендердин корунун дайыма калыбына келүүсү жүрүп турат.

Деңиз суусунун орточо туздуулугу — 35 ‰. Суудагы туздуу даамды андагы 3,5 % эриген минералдык заттар берип турат — негизинен натрий жана хлордун кошулмалары.

Толкундар жана агымдардын аркасынан океандагы суу дайыма аралашып, курамы океандын бардын бөлүктөрүндө дээрлик бирдей.

Флора жана фауна

Кошумча маалыматтар: Флора жана Фауна

Тынч океандын үлүшүнө Дүйнөлүк океандын бардык биомассасынын 50 % туура келет. Океандагы жашоо кенен жана ар түрдүү берилген, өзгөчө Азия жана Австралия жээктеринин ортосундагы тропикалык жана субтропикалык аймактарда, мында, ири аймактар коралл рифтери жана мангрлык бадалдар менен ээленген. Тынч океандын фитопланктону негизинен болжолдуу 1300 түрдү камтыган бир клеткалуу микроскопиялык балырлардан турат. Тропиктерде фукустук, ири жашыл жана өзгөчө белгилүү кызыл балырлар таралган, булар коралл полиптери менен катар риф калыптандыруучу организмдерге кирет.

Атлантиканын өсүмдүктөр дүйнөсү түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Суу калыңдыгында динофлагелляттар жана диатом балырларынан турган фитопланктон басымдуулук кылат. Алардын гүлддөө мезгилинде Флорида жээктери ачык кызыл түскө боёлот, ал эми бир литр деңиз суусунда ондогон миллион бир клеткалуу өсүмдүктөр камтылат. Суу түбүнүн флорасы күрөң (фукустар, ламинарийлер), жашыл, кызыл балырлар жана айрым түтүкчөлүү өсүмдүктөр менен берилген. Дарыялардын деңизге куйган жеринде деңиз зостерасы өсөт, тропиктерде жашыл (каулерпа, валония) жана күрөң балырлар (саргасстар) бар. Океандын түштүк бөлүктөрүнө күрөң балырдар мүнөздүү (фукус, лесония, электус). Жаныбарлар дүйнөсү көп сандагы (болжолдуу жүздөй) биполярдык түрлөр менен айырмаланат, булар бир гана муздак жана мелүүн алкактарда жашашат. Биринчи кезекте булар ири деңиз жаныбарлары (киттер, тюлендер, деңиз мышыктары) жана океан канатуулары. Тропикалык кеңдиктерде деңиз кирпилери, коралл ыйлаакчалары (полиптер), акулалар, тотукуш-балыктар жана хирург-балыктар жашайт. Дельфиндер Атлантика сууларында көп кездешет. Жаныбарлар дүйнөсүнүн шайыр интеллектуалдары чын дили менен чоң жана кичи кемелерди коштоого даяр — тилекке каршы кээде булар кеме винттеринин миздерине кабылышат. Атлантиканын жергиликтүү жашоочулары ламантин жана планетанын эң ири сүт эмүүчүсү — көк кит.

Индия океанынын флорасы жана фаунасы өзгөчө ар түрдүү. Тропикалык бөлүгү планктондорго байлыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Бир клеткалуу Триходесмиум (цианобактерия түрү) балыры өзгөчө көп, мунун айынан суунун үстүңкү катмары өтө киргилт тартып, түсүн өзгөртөт. Индия океанынын планктону көп сандаган түн ичинде жарык чыгаруучу организмдер менен дагы айырмаланат: перидинейлер, ошондой эле, медузалардын, жоноктордун (орусча гребневик), челдүүлөрдүн (орусча оболочники) кээ бир түрлөрү. Ачык түстөргө боёлгон сифонофорлор көп, анын ичинде уулуу физалиялар дар бар. Мелүүн жана арктикалык сууларда планктондордун негизги өкүлдөрү копеподдор, эвфуазиддер жана диатомеилер саналат. Индия океанын көп сандаган балыктарына корифендер, тунецтер, нототендик жана түрдүү акулалар кирет. Сойлоочулардын арасында бир нече гигант деңиз ташбакалары, деңиз жылаандары бар, сүт эмүүчүлөрдөн — кит сымалдуулар (тишсиз жана көк киттер, кашалоттор, дельфиндер), тюлендер, деңиз пилдер. Көпчүлүк кит сымалдуулар мелүүн жана уюл алдындагы аймактарда жашайт, мында суулардын интенсивдүү аралашуусунан улам планктондук организмдердин өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттар жаралат. Индия океанынын өсүмдүктөр дүйнөсү күрөң (саргасстуулар, турбинариялар) жана жашыл (каулерна) балырлар менен берилген. Литотамния жана халимеда сыяктуу акиташтуу балырлар дагы катуу өнүгүүдө, булар кораллдар менен бирге рифтик курулмаларды жасоодо катышат. Мангр өсүндүлөрү тарабынан калыптануучу Индия океанын жээктерине фитоценоз мүнөздүү. Мелүүн жана антарктика алдындагы суулар үчүн кызыл жана күрөң балырлар таандык, негизинен, фукус жана ламинарий, порфир, гелидиум. Түштүк жарым шардык уюл алдындагы аймактарында гигант макроцистистер кездешет.

Түндүк Муз океандын органикалык дүйнөсүнүн жардылыгынын себеби — катаал климаттык шарттар. Түндүк-Европалык бассейн, Баренц жана Ак деңиздер буга кошулбайт, анткени, булардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү бай. Океан флорасы негизинен ламинарий, фукус, анфельцийлер менен берилген, ал эми Ак деңизде — зостера менен. Чыгыш Арктика деңиздеринин түптөрүнүн фаунасы өтө жакыр, өзгөчө Арктикалык бассейндин борбордук бөлүгүндө. Түндүк Муз океанда 150 ашык балыктын түрлөрү бар, алардын ичинде көбүнчөсү тамак-аш өнөр-жайлык (сельдь, треска, лосось, скорпена жана камбал түспөлдүүлөр ж. б.). Артикадагы деңиз канаттуулар артыкча колониалдык жашоо образын жүргүзүп, көбүнчө жээктерде жашайт. Сүт эмүүчүлөр тюлендер, морждор, белуха, киттер (негизинен жаян жана гренландия киттери), нарвалдар менен берилген. Аралдарда леммингдер кездешет, муз көпүрөлөр аркылуу песецтер (көгүлтүр же ак түлкүлөр) жана түндүк бугулар кирип турат. Океан фаунасынын өкүлү катары ак аюу дагы эсептелет, мунун тиричилиги негизинен дрейфтелүүчү (пак) жана жээктеги кыймылсыз (припай) муздар менен байланыштуу. Көпчүлүк жаныбарлар жана канаттуулардын түсү (кээ бирлери кышында гана) жылы бою ак же агыш түстө.

Жерден тышкаркы океандар

Дүйнөлүк океан Күн системасында эң ириси деп саналбайт: Андан башка муз жандоочтордо жана карлик планеталарда бир катар муз астындагы океандар бар. Бул океандардын кээ бирлери (галилей жандоочтору Европа, Ганимед жана Каллисто, ошондой эле кээ бир карлик планеталардын океандары) көлөмү жагынан Дүйнөлүк океандан бир нече эсе ашып түшөт, ал эми кээ бирлеринде (Европа жана Энцелада океандары) Жерден тышкаркы жашоо болушу мүмкүн. Көз жеткен перспективада бардык бул океандар адамзат үчүн жеткиликсиз, анткени буларга жетүү үчүн жерден тышкаркы катмарда ондогон километрлерди эритүү зарыл.

Муз гиганттар Уран жана Нептунда андан дагы чоң суюк океандар болушу мүмкүн.

Башка жылдыздар системасында дагы толугу менен муз менен капталган океан-планеталар, же, эгер, планета тиричилик аймагында болсо, суусу суюк түрдөгү океандар бар.

Эгер адам баласына космостук түр болууга тагдыр буюрган болсо, океандар Жерден тышкаркы жашоону кармоонун негизги булактары болуп калышы мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2022-06-28, Көрүүлөр: 3081, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо