Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Биографиялар

Сыдыкбаев Макен

(1937-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Кытай айылы) - театр художниги, сүрөтчү. Кыргыз Республиканын мад-ка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1958-жылы С. айыл Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-жылы В. И. Суриков атындагы көркөм-сүрөт институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылдан орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, 1972—75-жылы опера балет театрында башкы сүрөтчү, 1975-жылдан Кыргыз

Султанов Омор

Султанов Омор(1935-жылы 6-ноябрда туулган, Жети-Өгүз району, Тосор айылы, 2022-жылы 3-апрелде каза болгон) - акын, Кыргыз Республиканын эл акыны (1993), Кыргыз мамлекеттик ун-тинин филология факультетин бүтүргөн (1959).

Султаналы Түмөнбай уулу

(туулган жылы белгисиз, Түп болушу, Талды-Суу айылы —1933) - Октябрь рев-ясына чейинки кыргыздын алгачкы белгилүү агартуучуларынын бири. Ал Каракол шаарындагы жаңы ыкма (усули-жадид) менен окутуучу татар мектебин бүткөндөн кийин 1912-жылы Түп болушундагы Жайылма деген жерде бардар адамдын үйүндө мектеп ачып, бала окута баштаган. Кийинки жылы Талды-Сууда эки бөлмөлүү там үй куруп, бир бөлмөсүндө жалпы билим берүүчү сабактарды, 2 бөлмөсүндө динди окуткан. С. балдарды

Сооронбаева Зуура

Сооронбаева Зуура(1924-жылы туулган, Ак-Суу району, Жолколот айылы) - жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1943—79-жылдары облустун «Ысык-Көл правдасы» (азыркы «Ысык-Көл кабарлары») гезитинде котормочу, кабарчы болуп иштеген. Облус жоюлган учурда (1959—71-ж.) район аралык «Эмгек туусу» гезитинде эмгектенген. 1979-жылдан пенсияда.

Солтобай Токтоболот уулу

(1834, Ысуис-Көлдүн тескейи -1918, Каракол уезди, Жууку өрөөнү) - акын поэзиясынын ири өкүлү. Өз заманында чоң ырчы аталган. Бугу уруусунун желдең уругунан. Арстанбек менен замандаш, аны устаты эсептеп, пир туткан. Көп жылдар аны менен чыгармачыл байланыш түзүп, таасир-таалим алган. Устанын чыгармаларын эл арасында ырдап жүрчү экен; мисалы, Арстанбек менен казак ырчысы Сүйүмбайдын айтышы С. аркылуу бизге жетти. С. өз мезгилиндеги УРУУ башчыларын кези келсе мактап, же тайманбай

Шоруков Кожокан

(1903, Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Жолголот айылы - өлгөн жери менен жылы белгисиз) - Кеңеш бийлиги үчүн активдүү күрөшүүчү, сов.-парт. ишмер. 1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1916-жылы Караколдо уезд начальнигине малай жүргөн. Аны менен кошо Москвага барып, андан Перовскиге кеткен. Улуу Окт. революциясынан

Шатенов Алтынбек

(1960-жылыт., Ысык-Көл району, Григорьев айылы) - артист. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1993). Кыргыз академик драма театрынын алдындагы драмалык студияны бүтүргөн (1986). 1980—93-жылы Кыргыз академик театрында, 1983-жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында эмгектенет. Аткарган спектаклдеринде каармандардын ролун жеткиликтүү даражада түзө билет.

Аткарган негизги ролдору: Багратион жана Бекзат (Касенов, «Алда жаш жубайлар ай»), Почтомейстер, Хлестаков (И. В. Гоголь,

Шатемиров Кадыр

(1911, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы) - химик, химия илимий доктору (1968), профессор (1970). Кыргызстан УИАнын академик (1984; корр. мүчөсү, 1954). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1974). Орто Азия мамлекеттик ун-тинин жумушчу факультетин (1932), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1936) бүткөн. 1936—38-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык интта, 1941—44-жылы КММИнин жалпы химия кафедрасында окутуучу. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Химия институтунда

Шамен Токтобаев

(1880, Күн-Чыгыш айылы, азыркы Тоң району, Бөкөнбаев айылы -1981, ошол эле жер) - кыргыздын жазма акыны. Кедейдин үйбүлөсүнөн. шаары мугалим (1920—32), партия уюмуна катчы, колхоз башкармасына төрага (1935—38) болгон; устачылык жана башкалар жумупггарда иштеген. 1957-жылдан СССР жазуучулар союзуна мүчө. Чыгармачылыгы Октябрь рев-ясынан алда канча мурда бапггалган. «Жетимдин зары», «Текесчи», «Алтын балык», «Булбул», «Малай

Шаршембаев Жылкычы

(1944-жылыт., Ысык-Көл району, Кара-Дөбө айылы) - зергер, жыгаччы, өрүмчү. Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүткөн (1973) «Кыял» көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, № 19 элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесиптик-техникалык окуу жайында чебер-мугалим. Республиканын көркөм фондусунда кырмачы. 1992-жылдан «Тулпар» чакан ишканасын ачып, кол өнөрчүлүк боюнча буюм чыгарууда.

Ээр чабат, таш чегет, бедиз жасайт, жыгаччылыкка узанат, ат жабдыктарынын бөлүктүрүн өрүп да, кайып да кармайт, булгаарыга

Сайтка жарнама жайгаштыруу