Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сооронбаева Зуура

Баш барак | Биографиялар | Сооронбаева Зуура

Сооронбаева Зуура(1924-жылы туулган, Ак-Суу району, Жолколот айылы) - жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1943—79-жылдары облустун «Ысык-Көл правдасы» (азыркы «Ысык-Көл кабарлары») гезитинде котормочу, кабарчы болуп иштеген. Облус жоюлган учурда (1959—71-ж.) район аралык «Эмгек туусу» гезитинде эмгектенген. 1979-жылдан пенсияда. Чыгармачылык жолун 1947-жылы «Корея кызына» деген ырын облустук гезитке жарыялоо менен баштаган. «Менин айлым» ырлар жыйнагы (1960), «Достук» ырлар жана поэмалар жыйнагы (1966), «Жетимдер» (1970), «Астра гүлү» (1974, 1984), «Ак чач аял» (1976), «Осенние цветы» (1979), «Андрей» (1974) повесттери, «Эс алчы, апа» балдар үчүн ырлары (1986), «Чоочун киши» романы (1988), «Ленинграддан келген кат» балдар үчүн аңгемелери (1989), «Эркек колукту» (1987), «Сынган мазар» (1989) пьесалары жарык көргөн.

Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1067, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо