Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Султаналы Түмөнбай уулу

Баш барак | Биографиялар | Султаналы Түмөнбай уулу

(туулган жылы белгисиз, Түп болушу, Талды-Суу айылы —1933) - Октябрь рев-ясына чейинки кыргыздын алгачкы белгилүү агартуучуларынын бири. Ал Каракол шаарындагы жаңы ыкма (усули-жадид) менен окутуучу татар мектебин бүткөндөн кийин 1912-жылы Түп болушундагы Жайылма деген жерде бардар адамдын үйүндө мектеп ачып, бала окута баштаган. Кийинки жылы Талды-Сууда эки бөлмөлүү там үй куруп, бир бөлмөсүндө жалпы билим берүүчү сабактарды, 2 бөлмөсүндө динди окуткан. С. балдарды эски ыкма (динди окутуучу) эмес, көбүнчө жалпы билим берүүчү эсеп, география, табият таануу, тарых сабактарын окуткан. Казан, Уфа шнда араб тамгасы менен татар тилинде басылып чыккан карталарды, глобусту, окуу китептерин кеңири колдонгон.

Ал кыргыз ойчул акындарынын чыгармаларынан тышкары өзбек, казак жылы б-дын чыгаан ойчулдарынын да китептерин окуп эл арасында да агартуучулук ипггерди жүргүзгөн. С. 1920-жылдары Арашан, Талды-Суу айылдарындагы мектептерде мугалим, бөлүм башчы болуп иыггеген. Ал 1931-жылы жазыксыз камалып, башка жакка айдалып кеткен. 1933-жылы түрмөдө каза болгон. Кийин иши кайра каралып, акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 515, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу