Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шатемиров Кадыр

Баш барак | Биографиялар | Шатемиров Кадыр

(1911, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы) - химик, химия илимий доктору (1968), профессор (1970). Кыргызстан УИАнын академик (1984; корр. мүчөсү, 1954). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1974). Орто Азия мамлекеттик ун-тинин жумушчу факультетин (1932), Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1936) бүткөн. 1936—38-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык интта, 1941—44-жылы КММИнин жалпы химия кафедрасында окутуучу. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Химия институтунда ил., улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы болуп иштеген (1944—54). 1954-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Органикальпс эмес жана физикалык химия институтунда лаборатория башчысы. шаары 400дөн ашык илимий эмгектин автору. шаары карбонаттуу топурак жана чопо коллоиддеринин составын аныктоо методун түзүп, карбонаттуу жана карбонат-чополуу топурактын коллоидчопо фракциясына кислота, жегич жана туздардын пептизациялоочу таасиринин физ.-химиялык негизин иштеп чыккан; боз чоподон жасалган материалды күйгүзгөндө кальций, натрий, магний сульфаттарьшын пайда болуу жана ажыроо, карапада туз кеберлеринин пайда болуу механизмин түшүндүргөн. Бышырылган чопо материалдарын суулаганда гипс менен натрий туздарынын ортосунда жүрүүчү химиялык реакцияны изилдеген.

Быппсан кирпичти тузсуздандыруу, Кыргызстандын түстүү чопосунун, чополуу сланецгин негизинде минерал боёкту жана керамзитти алуу, ипггетилген трансформатор майы, автол, чигит майын чопо материалдарынын жардамы менен тазалоо жана башкалар сунуштары иш жүзүндө колдонулууда. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 688, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу