Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сыдыкбаев Макен

Баш барак | Биографиялар | Сыдыкбаев Макен

(1937-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Кытай айылы) - театр художниги, сүрөтчү. Кыргыз Республиканын мад-ка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1958-жылы С. айыл Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-жылы В. И. Суриков атындагы көркөм-сүрөт институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылдан орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, 1972—75-жылы опера балет театрында башкы сүрөтчү, 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын көркөм-сүрөт фондусунда сүрөтчү. 1979-ж-дан академиялык драма театрда башкы художник, 1985-жылдан кайрадан опера балет театрында сүрөтчүкоюучу, башкы сүрөтчү болуп иштеген. «Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (айыл П. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (жылы Садыков), «Ак боз ат» (шаары Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. айыл Власов), «Кармен» (жылы Бизе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (жылы Верди) жана башкалар спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», айыл Малдыбаевдин портреттери жана башкалар живопистик иштери бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 556, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу