Башкалар

Подписаться на эту рубрику по RSS

Алтын казык

Көк теңиринин аксарат, көксарат деген эки жакшы аты болуптур. Аны алтын казыкка аркандаттырып койгон экен. Ал аттарды Көк уурулары кармамак болуп, аркан таштаса, аркандары жетпей калыптыр. Аларга чалманы түшүрүп кармайбыз деп жүрүшөт экен.
Кененирээк...

Табияттагы кубулуштардын жаралышы жөнүндөгү мифтер

Кыргыздар ааламды, дүйнөнү, заттарды таанууда анын жаралыш тегин билүү, чечмелөөгө дит коюп көргөн. Бирок алардын диттери тек баштапкы коомдун баамы, нариете элестетүүдөгү мифтик баяндар болуп кала берген.
Кененирээк...

Кут

Кыргыз мифтеринде "кут" ак шоола нур болуп теңир сыйлаган адамга жана үй-бүлөгө түшөт экен. Кут түшкөндө анын үстүнө ак жаап, ак сарбашылап атап мууздап ырымын кылып токтотот экен. Кут токтоткону коргошундан же калайдан киши кебетелүү куюп, кут түшкөн (шоола же нур) жерге жапкан касиеттүү чүпүрөккө ороп атадан балага мурас катары каткан.
Кененирээк...

Клубника тенира же "теңирге сыйынуу"

Бул макаланы биз эмнеге "Клубника тенира" деп койдук? кыргызча которулушу тенир кулпунайы, ушул тенир кулпунайы сыяктуу эле тенир деген сөз кудай дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошондуктан тенирге сыйынуу жөнүндө айтып кетели. Кыргыз мифтеринде «жараткандан» соң, теңирге сыйынуу аябай күчтүү болгон. Теңир инсанатта эле эмес, ааламдагы күн, ай сыяктуулар да, ал тургай аяз, от, айбанаттардын да теңирлери болот деген түшүнүк болгон. Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө «теңир» асманда (көктө) болот делинип,
Кененирээк...

Жараткан

Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө ааламды жана анын ичиндеги заттарды жасоочу, жаратуучу «жараткан» деген болот, ал элден мурда ааламды жаратып, андан соң асман, жер, көйкаптагы заттарды жараткан. Ал эми, ааламдын, табияттын инсанаттын керектөөсүнө ылайык «жараткан» топуракты, сууну, токойду, айбанаттар, жан-жаныбарды жаратат.
Кененирээк...