Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эвфемизм

Баш барак | Башкалар | Эвфемизм

Эвфемизм (грекче ἐυφήμη «жакшы сүйлөө» ← байыркы грекче εὖ «жакшы» + φήμη «сүйлөө, сөз») — мааниси жана эмоционалдык жүктөм жагынан нейтралдуу сөз же баяндама айтылыш, негизинен тексттерде жана коомдук айтылыштарда уяттуу же коомго туура келбеген сөздөрдү жана айтылыштарды башкалары менен алмаштыруу үчүн колдонулат.

Мазмуну

Эскертүү: макалада адепсиз сөздөр камтылган.

Жалпы маалымат

Кыргызча жөнөкөй сөз менен айтканда эвфемизм — көрүнүштөрдүн, кубулуштардын же буюмдардын одоно аталыштарын жумшартып, сылык формага алмаштырып, синонимдик байланыштар менен кошуп айтуу.

Саясатта эвфемизмдер кээ бир сөздөрдү жана айтылыштарды жумшартып, коомчулукту адаштыруу жана чындыкты фальсификациялоо максатында көп колдонулат. Мисалы, «суракка алуу» деген фразаны «кыйноо» деген сөздүн ордуна колдонуу, нацисттерде «акция» сөзү көбүнчө «массалык атуу» дегенди фразаны жаап-жашыруу максатында колдонулчу.

Эвфемизмдер сүйлөө же басма тексттерде орой же «адепсиз» деп табылган сөздөрдү алмаштырууда колдонулат, мисалы, сөгүнүү же цензуралык эмес сөздөрдү. Кээде эвфемизм катары терс жүктөмдүүлүгү азыраак «адабий эмес» сөздөр пайдаланылат, сөгүнүү же тилдөөнүн ордуна — жөнөкөй, жаргондук, автордук сөздөр.

Эвфемизмдерди колдонуу тилдөө же сөгүнүү сөздөргө болгон терс жүктөмдү бир далай жумшартат, бирок, көп учурда эвфемизм же тексттин мааниси боюнча анын кайсы сөздү алмаштыраарын билсе болот.

Эвфемизм көрүнүшүнүн негизинде кийинкилер жатат:

Адам тиричилигинин формасы назиктенген сайын белгилүү буюмдардын жана көрүнүштөрдүн түз белгилениши (мисалы, кээ бир физиологиялык актылар жана адам денесинин бөлүктөрү) одиоздуу (жагымсыз) саналып тилден сүрүлүп чыгууда, өзгөчө адабий чагылдырышынан. Мисалы, Римдин экономикалык жана саясый гүлдөө доорундагы атактуу патриция кээ бир сүйлөөнүн туура айтылышы андан эртерээк доорго туура келбейт: латынча Noli dici morte Africani «castratam» esse rem publicam (Цицерон, «De oratore», II).

Орто кылымдардагы баатырлык куртуаздык поэзияда жыныс органдарын түз белгилөөдөн алыс болуп, өзүнүн тилинде үчүнчү социалдык топто демонстративдүү түрдө сактайт («Роза жөнүндө роман»). Эвфемизмдерге өзгөчө ийимдүүлүгү менен маданияттын турукташуусундагы тилдер айырмаланат, мисалы, XVI—XVII кылымдардагы аристократиялык салондордогу тилдик наздуулук, XIX кылымдын адабий тили.

Кайрылуунун башка формалары бир гана баарлашууда эмес, бузукулук же жоруктар жөнүндө да өзгөчө жумшартылган айтылыштарда (фразаларда) айтылат. Мындай эвфемизмдерди аныктоодо көп учурда сатира жана мазактаган антифразалар да куралат.

Кыргыз эвфемизмдери

Кыргыз тилинде эвфемизм сөздөрү абдан көп колдонулат. Мисалы, өлдү деген орой сөздүн эвфемизмдери: каза болду, кайтыш болду, көз жумду, дүйнө салды, оту өчтү ж. б. Боозуду (негизинен бооз сөзү жакында тууй турган жаныбарды билдирет, бирок муну мурда кыргыздар адамга орой мамиледе айтышчу) жакшыртылган эвфемизмдери: боюнда бар, кош бойлуу, кош кат, эки кат, жүктүү ж. б.

Эвфемизм сөздөрү көбүнчө адамдарга колдонулуп, жаныбарларга колдонууда туура эмес болуп, мааниси өзгөрүп, мыскылдуу болуп угулат. Мисалы, кой тууду, бооз уй, ит өлдү дегендерге эвфемизм колдонсок кийинкидей болот: кой көз жарды, кош бойлуу уй, ит каза болду. Мындай колдонуу туура эмес.

Кошумча мисалдар: «эрге тийүү» — турмушка чыгуу, «катын алуу» — үйлөнүү, үй-бүлө куруу, үй-бүлө күтүү, турмуш куруу, «семиз» — толук, толуп кетүү ж. б.

Кыргыз адабиятында биздин жазуучуларыбыз эвфемизмдерди өтө көп жана жакшы колдонушат, ошондукдан алар дүйнөлүк адабияты багынтып, кыргыз элин дүйнөгө таанытып жатышат. Мисал катары: Ч. Айтматов, А. Осмонов жана башка көптөгөн биздин жазуучуларыбызды айтсак болот.

Орус эвфемизмдери

Сөгүү сөздөрүнүн эвфемизми

Филолог Мокиенко Валерий Михайлович айтканына ылайык «биринчи мүчө» аталган белгилүү эвфимизмдин уяттуу триадасы катары туура айтылган «үч тамга» сөзү. Сөгүнүү сөздөрүнүн көрүнүктүү эвфемисттик варианттарынан тышкары (блин, ядрён батон, японо мать) Мокиенко эвфемизмдерде көңүл оорутпагандай көрүнгөн «орус сөгүнүүсүнүн коңулдагы кара жыланына» көңүл бурууну айтат, «ёлки-палки», «матушки мои» же «мать моя женщина» ж. б.

Бир катар эвфемизмдер үчүн (хер, хрен, фиг ж. б.) семантикасын сакто менен алгачкы сөгүнүү сөзүнүн бай сөз түзүүсү парадигмасын толук көчүрүү мүнөздүү: до хрена, херня, фигово ж. б.

Мындай эвфемизмдер жетишээрлик деңгээлде жогорку обсценизация потенциалына ээ. Негизи, эми хер уңгусу дээрлик обсцендик болуп калды (алгач эски славян алфавитинде Х тамгасынын аталышы).

Бул жаатта иштеген изилдөөчү-филологдор өзүлөрү эвфемизмдерди колдонушат, негизинен жумуштарынын «даректелүүчүлөрүнүн айланасын чоңойтуу» максатында. Мокиенко Boris Sukitch Razvratnikov аталган кызыктуу эвфемизмдик псевдонимди да көрсөтүп өткөн, бул ысым менен обсцендик лексика боюнча америкалык славист Виктор Фридман өзүнүн иштерин жарыялап жүргөн. Е. П. Сеничкина өзүнүн эвфемизмдер сөздүгүндө илимий стилди сактоо үчүн «түз белгилөөнүн ордуна» термин колдонуп, саналуу учурларда гана «түз аталыштардын» тамгаларын жылдызчалар менен алмаштырат; ал эми катуу сөздөрдүн сүйүүчүлөрү В. Буянын «Русская заветная идиоматика» сөздүгүнө шилтеме жасашат, анда адабий эмес эвфемизмдер толук кандуу баяндалган.

Сөгүү сөздөрүнүн салыштырмалуу начар табуланганына жана сөгүү тамырларынан келген сөз жасалуулугунун жогорку потенциалдуулугунун натыйжасында сөгүнүү сөздөрүнүн эвфемизми алгачкы сүйлөөнүн курч жана экспрессивдүү варианты катары кабыл алынышы мүмкүн.

Кызматтык эвфемизмдер

Кесиби коркунуч менен байланышкан адамдарда кээ бир сөздөргө ырым-жырымдуу табулары бар. Мисалы, учкучтар, парашютисттер, циркттин артисттери «аякы», «соңку» сөзүн колдонуудан качышат (көбүнчө орустардын арасында). Ал сөз «четки» (же «дагы бир жолу», циркте түздөн-түз «жыйынтыктоочу» же «дагы» деген сөздөрү айтылат) сөзү менен алмашылат. Ошондой эле, «өлүм» сөзүнөн дагы оолак болууга аракет кылышат. Алтын издегендер «алтын» сөзүнүн ордуна «сары металл» дешет.

Англис эвфемизмдери

Англис тилиндеги бир далай эвфемизмдердин чогулуусу викториан доорунда болгон. Эң эле белгилүү эвфемизмдер катары дененин «уят» бөлүктөрү болуп, аларды көбүнчө жаныбарлардын аталыштары менен алмаштырышат: cock (сөзмө-сөз «корооз») эркектердин жыныс мүчөсү, pussy (сөзмө-сөз «мышык») аялдарды жыныс мүчөсү, ass (сөзмө-сөз «эшек») жамбаш.

Социалдык маанилүү эвфемизмдер

Документтерде, массалык маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүндө билдирүүнүн эмоционалдык түсүн өзгөртүүчү эвфемизмдер көп колдонулат. Мисалы: «негр» (америкалык) → «афроамерикалык», «инвалид» → «мүмкүнчүлүгү чектелген адам», «психологиялык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү бар адамдар», «башка адамдар» (кээ бир өлкөлөрдө); түрмө → «эркинен ажыратуу жерлер», «анча алыс эмес жерлер». Советтик мезгилде «тексиз космополит» жана «сионист» сөздөрү «еврей» же «жид» сөздөрүн алмаштырган. Акыркы учурда басма сөздөрдө автор доо арыздардан жана айыптоолордон алыс болуу максатында адамдын кылмыш ишине таандыгына кыйытма кылып «авторитеттүү бизнесмен» («авторитеттүү ишкер») фразасын эвфемизм катары колдонууда.

Престиждүүлүгү аз кызматтар дагы эвфемизмге ээ болууда: курьер → «экспедитор», катчы → «офис-менеджер», «ассистент», бөлмө тазалагыч → «клининг-менеджер», «профессионалдуу тазалоонун оператору», тазалоочу → «санитар», короо тазалагыч → «кароочу». Мындай аталыштарды өзгөртүү «менеджер» аталган көп кызматтардын пайда болуусуна алып келип, тамаша катары мүнөздөлөт: «короочу — тышкы экология боюнча менеджер» жана «хаускипинконвайзер», «жүктөгүч — логистика менеджери», «кароолчу — штаттык эмес кырдаалдар менеджери».

Диний көркөм үндүүлүк

Шайтан сөзүнүн түздөн-түз айтуудан оолак болуу үчүн мурда «маскара», «мүйүздүү», «арамза», «таза эмес», «жин» эвфемизмдерин колдонушкан.

Иудаизмде Кудайдын ысымын жөнү жок атоого жол берилбейт деп саналат, өзгөчө Кудайдын жеке атын атоого. Ошондуктан еврей Библиясын окууда Кудайдын жеке атын атоонун ордуна «Адонай» (Кудай) сөзү колдонулат.

Эвфемизмдердин табу сөздөргө айлануусу

«Адепсиз» буюмдардын жана көрүнүштөрдүн жаңы белгилениши убакыттын өтүшү менен өзүнүн эвфемизм мүнөзүн жоготуп, «адепсиз» буюмдун түздөн-түз көрсөтүүсү катары кабыл алынып, өз учурунда адепсиз болуп калат. Ушундай эвфемизм касиетинде «орой куудулдуктун» сүйүктүү ыгы куралат — айтылуу «тунук» эвфемизмдер (мисалы, «Гаргантюа» IX бөлүм Рабле).

Ушул сыяктуу кырдаал кийинкидей чынжырда болот «negro» → «black» → «afro-american» (америкалык негр) же «lame» → «crippled» → «handicapped» → «disabled» → «differently abled» (майып).

Жайгаштыруу: 2016-08-02, Көрүүлөр: 18236, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо