Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жарамазан айтуу

Баш барак | Башкалар | Жарамазан айтуу
Жа
рамазан айтуу - мусулман календары менен орозо мезгилинин (айынын) 2-жарымында ооз ачылган сон уймо-уй кыдырып ырдалуучу салттык ыр. Жарамазанды кобунчо балдар, кээде чондор да айтышкан.

Жарамазан айткандар 2-Зтон биригип алышып уймо-уй, айылма-айыл кыдырып уй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, уй-булосун, мал-жанын мактап ыр-дашкан; ага байлык, ден соолук, бакыт ошондой эле орозосунун кабыл болушун тилешип жакшы каалоолорун билдиришкен.

Жарамазан учурашуу, мактоо, суроо ошондой эле бата сыяктуу болуктордон турган. Жарамазан туруктуу ыр турмокторунон туруп, ага айтуучу ырчылык жондомуно ошондой эле ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе алган. Жарамазан комуздун коштоосунда да аткарылган. Жарамазан айткандарды уй ээси колунан келишинче сыйлап, акча, тамак-аш берген.

Жарамазан ыры

Атсалоом алейкум, жарамазан!
Уктап аткан балдарга умай салам!

Тундугунон ай откон, ээй,
Тупку атасы бай откон, ээй.
Жабыгынан ай откон, ээй,
Жалпы атасы бай откон, ээй,

Уйун-уйун уй экен, ээй,
Уйдун корку чий экен, ээй,
Саба корку бал кымыз, а-а!
Сандык корку жук экен, ээй
[ushka=seredina]
Босогосун сырдаткан, ээй,
Боз балдарын ырдаткан, ээй.
Бу кайсы байдын уйу экен, ээй!

Жарамазан айткандын жайы бардыр,
Жайып алган куруттун майы бардыр?
Куруг берсен туруп бер, жене.
Бети-колун жууп бер, жене,
Бычак берсен кындап бер,
Кындап берсен, чындап бер, аба,
Улоо берсен чындап бер,

Улуу журтту сыйлап бер, аба,
Жамбы берсен бул жайда,
Жарыгы тийет ал жайда,
Тамак берсен бул жайда,
Сообу тийет ал жайда,
Чапан берсен жалганда.
Чатыр болоор барганда.
Койнок берсен жалганда.
Колоко болоор барганда.
Ээй, улак берсен албаймын,
Убалына калбаймын,
Козу берсен семиз бер,
Кездеме берсен тегиз бер.
Бука берсен байлап бер.
Мурунтугун шайлап бер.
Жолдо бара жатканда
Мурунтугун узбосун,
Кардымды жара сузбосун

- деп аягын тамаша менен бутурушкон. Эгерде жарамазан айтып барганда уй ээлери турбаса:

Сур-сур жылан, сур жылан толгоно кор,
Сурайылдай женеке ойгоно кор.
Ак-ак жылан, ак жылан толгоно кор,
Ай чырайлы женеке ойгоно кер,

- деп ырдашат, анда да турушпаса же эшикке чыкпаса:

- Оо, жарты нанын жок беле,
Жабышып уктап калыпсын?
Бутун нанын жок беле,
Буктушуп уктап калыпсын? –

деген шекилдуу ырларды ырдап бастырып кетишет.

Ал эми уй ээлери абалкы салтты сактап, жарамазанчыларды «Куттуу уйдон кур чыкпа», - деп кур кол чыгарышпаса, анда алар:

Бул пейилин барында,
Бир жакшылык коросун.
Келерки жыл айланбай,
Келинчегин торосун, Ээй,

Короого батпай койлорун,
Корумда козун ойносун.
Жылкыларын кутуроп,
Жылганы бербей бойлосун!

Аппак уйун, ак уйун чатыр болсун,
Ушул уйдон бир бала баатыр болсун!
Оомийин! - деп бата беришет.
Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 16863, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-25
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу