Кыргыз тилинин бугунку абалы, бизди канааттандырабы?

Жер жузундо 6000ден ашык тил бар. Окумуштуулар тарабынан аныкталган далилдерге таянсак, онуккон мамлекеттердин тилдери, аз сандагы экономикалык жактан артта калган мамлекеттердин, болбосо тигил же бул мамлекеттерде жашаган этностордун элдерине устомдук кылып, жоюлуп кетуусуно шарт тузуудо.

Алыс барбай эле АКШ мисалында айта турган болсок, анда жашаган аз сандагы улуттардын тилдери жоголуп, ошол улуттар улуттук жузунон ажырап, трагедиалуу тагдырга туш келип калу учурлары да кездешет. Мындай корунуш бир гана АКШда болбогондугу, озгочо аз сандагы Кыргыз улутун кооптондурат.

23 жыл мурда кабыл алынган (ЖК тарабынан) мамлекеттик тил мыйзамы учурда деле оз максатына жете албай келет. Анын башкы себеби эмнеде? Деген жалпы суроонун негизинде Кыргыз тилинин абалы, андагы жетишкендиктер, кемчиликтер тууралуу ой жугуртсок, андан бир тыянакка келип, ошонун негизинде аракеттерди жасасак, талапка ылайык болот.

Туура!, Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынган тил мыйзамы колдоого татыйт. Кыргызстандын калкынын 72 пайызы кыргыз, калктын 85 пайызы кыргыз тилин тушунот. Олкодогу кыргыз тилин тушунгондордун ушунчалык денгээлде коптугуно карабастан, 15 пайызы орус тили копчулук учурда устомдук кылып кетуудо.

Кыргыз тили – жарды тил деген туура эмес тушунук бар. Бул тушунукко эч кандай макул эместигибизди билдирет элек. Кыргыз эли эн байыркы элдерден болуп эсептелет. Эне тилин пайдаланып кылымдан жашап келишпедиби, Кыргыз тилинин созго бай экендигин, дуйного атагы чыккан тилчи окумуштуулар коп жолу айтып кетишкен.

Кыргыз элиндегидей токмо акындар баардык эле улуттардан кезиге бербейт. Эгерде, чын эле Кыргыз тили жарды болсо, миллион саптан турган «Манас» эпосу да жаралмак эмес, улуттук коонорбос байлыкка айланбайт эле.

Улуу жазуучу Ч. Айтматов «Саманчынын жолу» сыяктуу атактуу чыгармаларын кыргыз тилинде жазды да, Кыргыз тили жарды эмес экендигин делилдей албадыбы! Мейли аз, коп санда улут болобу, ар биринин тили жараткандын берген белеги болуп эсептелет. Ар бир улуттун тили баа жеткис байлык болуп эсептелет.

Ушул коз караштан алганда «жарды тил» деп Кыргыз тилин кор тутканга акыбыз жок. Дуйнодо тил сата турган бир да дукон жок. Тилди сатып жиберууго, сатып алууга эч мумкун эмес. Анын басы болбойт.

Кичине пикир.

Учурда Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттерге чыгышууда. Дуйнолук кен мейкиндикке чыкканда Кыргыз тилинин мумкунчулугу таптакыр жок болуп калууда КМШ мамлекеттерине барганда орус тилин билбесен, жашап жана иштоого эч мумкундук болбойт. Мында орус тилинде сабаттуу жаза, суйлоо билуу зарылчылыгы келип чыгат.

Мына ушул жагдайды эске алган ата-энелер уул-кыздарын орус класстарына берууго кобуроок аракет кылышууда.

Мында аларды тура эмес иш кылып жатасынар деп, аларга куноо коюууга болбойт. Азыркы турмуш ошого туртуп жатканын баары тушунуп турат. Алыскы чет мамлекеттерге чыкканда англис, кытай, немец жана башка тилдерди билиш керек болуп калууда.

Ошол учун мектептерде окутулуп жаткан англис тилине конул бурбасак да болбойт. Бирок эн башкысы оз эне-тилбизди «Кыргыз тилин» унутпоого жана оркундотууго умтулуу керектигин эстен чыгарбоо керек. Кыргыз тилинде сабаттуу суйлоо жана жазуу ар бир Кыргыз жаранынын милдети болууга тийиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)