Клавиатура эмне болгондо бузулат
Клавиатура жакшынакай иштеп жатып эле иштебей калды, эмне үчүн иштебей калды, себептери кандай болот?Дата:
Клавиатура ар кандай себептерден бузулушу мүмкүн, себептерин физикалык, механикалык жана программалык-электрондук деп бөлүштүрүүгө болот. Төмөндө түшүндүрмө:
1. Физикалык бузулуу
Суюктуктардын бетине төгүлүп кетүүсү: суу, чай, кофе, ширелер, алкоголь. Мында контактылар биригип тескери иштеши ыктымал же алар дат басып калат.
Түшүп кетүү же кандайдыр бир соккуга кабылуу: өзгөчө ноутбук клавиатуралары же жука мембраналык моделдердин платасы же корпусу сынып же зыянга учурап калат.
Механикалык басым: баскычтарды катуу басуу, муштум менен койгулоо платанын жана баскычтардын сынышына алып келет.
Майда таштандылардын кирип кетиши: тамак-аш калдыктары, чаң, май, чачтар — баскычтардын жабышып калышына алып келет.
2. Механикалык жешилүү
Баскычтардын (клавишалардын) жешилиши: өзгөчө мембраналык клавиатураларда резина кумпалары убакыттын өтүшү менен чоючактыгын жоготот. Баскычтардын астындагы металлдан жасалган кошкучтар жукарып сынып калат.
Баскычтардагы боёктор менен түшүрүлгөн белгилер, тамгалар жешилип өңү өчүп калат, а бул колдонууну татаалдантат.
Баскычтарында металл серпилгичтер колдонулган клавиатураларда, серпилгичтери чоюлчактыгын жоготуп, баскычтар жабышып калат же чала иштейт.
3. Электрондук/техникалык бузулуулар
Күйүп кеткен же жарактан чыккан платалар, микросхемалар: электр чыңалуусунун өйдө-төмөн болуусунан же кыска кошулуудан бузулат.
Жарактан чыккан USB-разъем же зым: көп учурда компьютерге кошуп кайра сууруп алууда тиштери кыйшайып же сынып калат, ал эми зымдар болсо үзүлөт эмеспи.
Программалык бузулуулар: драйверлер иштебей калышы мүмкүн, же вирустан улам программалык бузулуу болот.
4. Туура эмес колдонуу
Тазалоодо ылайык келбеген суюктуктарды колдонуу (мисалы, эриткичтер). Тажрыйба жок өз алдынча клавиатураны ачып жасоого аракет кылуу, андан дагы кыйла бузуусуна алып келиши мүмкүн. Клавиатураны максатына карай пайдаланбоо (мисалы, үстүнө буюмдарды коюуу ж. б.).
Кошумча: Клавиатура деген эмне