Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылдыздар жана табиятка мамиле

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Жылдыздар жана табиятка мамиле

Байыркы көчмөн бабаларыбыз табиятка жана анын койнундагы жапайы айбанаттарга, канаттууларга, өсүмдүктөргө этият мамиле кылуу эрежесин калыптандырган. Myну биз азыр эле атын атаган санжыра-дастандардан, миңдеген жомоктордон, аңыздардан, уламалардан, болумуштардан, ой-санаттардан, үлгү сөздөрдөн, накыл кептерден, осуят-насыяттардан ачык-айкын баамдайбыз. Ал элдик оозеки чыгармаларда Улуу Табиятты жана анын койнундагы айбанаттарды, канаттууларды курт-кумурскаларына чейин аман сактоо, бардык жан-жаныбарларды коргоо, аларга этият мамиле жасоо ойлору кеңири чагылдырылган. Аларда Ата Мекен табиятын эң оболку көрктүү, кооз келбетинде кийинки урпактарга кыпынын коротпой, бүлдүрбөй мураска калтыруу ниети күчтүү. Жаратылыш менен жаны бирге кыргыздар жер үстүндөгү кыбыр эткен жаныбарлардын жүрүм-турумуна, өсүмдүктөргө, күндүн чыгыш-батышына, шамалдын, булуттун жүрүшүнө карап, айдын жаңырганын, тоголушун байкап, жылдыздардын тоголушун эсептеп, күндүн, айдын, жылдын аба ырайын, мезгилди, кандай абалда жана жердеги өзгөрүүлөрдү алдын ала божомолдошкон. Алар жер титирөөнү, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүн, эл-жерге жут алып келүүчү бороон-чапкынды, мезгилсиз жаан-чачынды же кургакчылыкты, табият кырсыгына байланышкан ар кандай апааттарды алдын-ала айта алган. Буга кылымдардан кылымга топтолгон элдик тажрыйба, акыл-эс менен улуу туюм мүмкүндүк берген.

IX кылымдагы кыргыз календары. Кыргыздар жыл башын баш ай атаган жана үч айды бир мезгил деп атаган. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен аталган, Бул мүчөл деп айтылган. Бир жылды 12 айга айрып, алар 1 - баш ай, 2 - корук ай, 3 - күкүк ай, 4 - чилде ай, 5 - сарыча ай, 6 - кыркүйөк ай, 7 - мизам ай, 8 - карача ай, 9 - казан (согуш) ай, 10 - канжар ай, 11 - акпаң ай (кара ай), 12 - чил ай (соң ай) деп атаган. Аңыз. Тарбиялык мааниси өтө зор улуу чыгармаларды жарата билген элибиз Күн, Ай, Жылдыздар туурасында жүздөгөн эмес, миңдеген эң кызык аңыздарды айткан! Аймансарынын (радуганын) биздин элде Жез кемпирдин кылычы жана Асан-Үсөн деген эки аты бар да, ал жагдайында элибизде эки түркүн эң мыкты аңыз өкүм сүрөт. Бири-бирине окшобогон бул аңыздар тээ эң байыркы энелик доордо пайда болуп, ошондон бери эл ичинде айтылып келе жатат. Жез кемпирдин кылычы деп аты эле кыйкырып тургандай анда карапайым калкка каарын төгүп, эл-журтка ар дайым жамандык кылып келген жез кемпир тууралуу сөз болсо, экинчисинде тээ энелик доордун баш чендеринде дүйнөгө келген Асан-Үсөн деген эгиз балдар жайында кеп болот.

Үркөр жылдызы. Жылдыздар тобунун эң ирдүүсү Үркөр (Элек жылдыз). Байыркы көчмөндөр Үркөрдүн батыш тараптагы көк жээкке жакындаганынан жаздын келгенин билген (Үркөр жерге түшпөй жер кызыбайт), жай чилдесинде бул топ жылдыз таң атаарда гана көк жээктен бир аз жогорулап көрүнгөн (Аяк оонада Үркөр таң менен бирге чыгат), жай бүтөр кезде Үркөр таң алдында чыгып, шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт, күзүндө Үркөр көк жээктен бийиктеп кетет, ошондо Үркөр төбөгө келип калыптыр деген, түн бир кыйла узарып, кыш ортологондо Үркөр төбөгө келип, кыш теңдеп калыптыр деген ата-бабалар. Жыл мезгилдерин башка жылдыздар тобу менен да аныктаса болот, антсе да, Үркөр үркүп чыккан байталдай болуп, түнкү асманда өзгөчө бөлүнүп турат. Үркөр менен Айдын абалы боюнча жылдын гана эмес, айдын да кандай болорун аныктаган.

Мындай эсепти тогоол деп атаган. Чолпон жылдызы. Чолпон жылдызын кыргыздар ыйык жылдыздардын бири катары көрүшкөн. Элдин баамында Чолпон жылдызы ар айдын тогузунда жерге түшөт дешкен. Чолпон жылдызы суук көздөн колдойт дешип жалгыз уулу же сулуу кызы болсо мойнуна, билегине тогуз кызыл мончок тагышкан. Илимпоздордун айтуусу боюнча Чолпон жылдыз жердин кенже карындашы. Кыргыздар жайлоого чыгар жана андан түшөр мезгилди чолпон чыгар мезгилге байланыштырган.

Эл ичинде ооздон оозго өтүп келе жаткан накыл сөз бар: Чолпон көрүнсө - жүк артуу керек деген. Ошентип, илгерки көчмөн бабалар күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жеткен. Саманчынын жолу. Байыркы кыргыздар көктө Асман Дыйканы туруп, жердегидей эле эгин эгет деп болжошкон, андыктан жанагы Саманчынын жолу көчмөндөрдүн түшүнүгүндө саман көтөрүп бараткан дыйкандын жолу. Ал эми Саманчынын жолу түндүктөн түштүктү көздөй созулган кездерде аны Куш жолу деп да тергеп койгон. Барымтага бараткан алыс жолдо, эл дайыма Саманчынын жолу артында же оң жакта болгудай кылып бастырган. Жылдыз саноочулар. Байыркы замандарда кыргыздарда жылдыз саноочулар эл ичинде өтө барктуу болушкан. Алардын ай, жылдыздарга карата айткан божомолдорунда эл башчысы, кол башчылары өтө маани берип, алардын айтканы боюнча журт которуп көчүп, сапарга чыккан, казатка аттанган.

Алар ааламдагы жылдыздардын кыймылдарын байкап, ар бир адамдын же жаңы элдин тагдырын же келечегин алдын ала айтып берген. Эсепчи (Баамдоочу). Бул - айрым адамдардын жекече касиети. Башкалардан айырмалануучу кандайдыр бир баамы. Журт көзүнө бөтөнчөлөнүп көрүнүүсү. Мисалы, табыпчылык, тамыр кармоочулук, төлгө тартуучулук, бал китеп алуучулук, бакшычылык, көзү ачыктык, бирдемелерди аңдай, дааналай билүүчүлүк, ошого акыл-ою жетүүчүлүк, андай кереметтерин эл арасы таануучулук Кыргыз Атада жеринен болгону айтылып келгени. Эсепчи жылдыздардын чыгышын, батышын, чилденин өтүшүн, бештоголдун тогошун, үркөрдүн көчүшүн, асмандагы аба толкундарын, жылдын келерин, жаздын кандай чыгарын алдын-ала билип турган. Алар Кыш катуу, жаз эрте чыгат, Кыш жумшак жаздын мойну узун, Быйыл кой үстүндө боз торгой жумурткалайт.

Көрпө тебетей менен шыпырып, жуккан чөптү көрүп, малга токчулук болот дешчү экен. Элдик жылдыз саноочунун болжолу. Ай чалкалап жаңырыптыр, кышында суук. бороон чапкын болот Ай чалкалап жаңырыптыр, жайкысын кургакчылык болот деген. Ай короолуптур, аягында тос, жут болбой мал тезинен сүт берет.

Күн короолоптур, көкүрөгүңдү тос, кар жаап кысымчылык болот деген. Эртең менен Күн кызарып чыкса - эгинди тоо чапкандай күйүн, Кечинде кызарып батса - катының эркек туугандай сүйүн. Ок жылдыз (Метеор). Асыресе, ок жылдыз байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө өлгөн кишинин жаны болгон. Эзелки көчмөндөрдүн баамында, ар бир жылдыз жердеги кишилердин жаны эле да, ал өлгөндө анын жаны - жылдыз жерге учуп түшөт имиш. Илгерки көчмөндөр көктөгү жылдыздар адам тагдырына таасир этет деп билген. Дагы бир аңыз боюнча көктөн учуп түшкөн жылдыздар кагара деген шайтанга периштелер аткан мылтыктын же жаанын огу. Шайтан азгырган адам күнөөсү жок кишини өлтүрөт көрүнөт. Ошондо, өлгөн кишини аңдып турган кагар шайтан тигинин жанын тозокко алып кетмек болгондо периштелер ага тоскоолдук кылып, асмандан жылдыз атып түшүрөт имиш. Ок жылдыздын же куйруктуу жылдыздын (комета) күтүлбөгөн жерден пайда болушу жамандык катары кабыл алынган.

Куйруктуу жылдыз көрүнгөн жылы кокустан жут же ачарчылык болуп калса эл буга куйруктуу жылдыз күнөөлүү деп эсептеген. Кыргыздар ок жылдыз учкан учурларда түлөө берген. Эртеси эл чогулуп, түнкү кубулушту талкууга алып, ок жылдыз асмандын кайсы жагынан учту, кандай учту, кайсыл тарапты көздөй учту, такташып, анан бир жыйынтыкка келген. Адатта, ок жылдыздын учушу алдыда келе жаткан согуштан кабар берген, алиги асманда учкан куйруктуу жылдыз ушул үчүн ок жылдыз атанган го. Эл мал союп, Көкө Теңирден жакшылык тилеп, түлөөсүн бергенден кийин ок жылдыз кайсы жактан учса, кайсы тарапка учса, ошол жакка, ошол тарапка аскер топтоп, күч чыңаган. Ошол тараптагы чет өлкөлөрдөн кабар алып, эл аралык абалды тактаган. Мунун баары тең элдин аман-эсенчилиги, бейкуттугу үчүн өтөлгөн. Мына көрдүңөрбү, кыргыздар кандай гана баамчыл жана стратег эл болгон!

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1634, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо