Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылаандын уусу, төөнүн сүтү, куураган чөп уламышы

Баш барак | Жомок уламыштар | Жылаандын уусу, төөнүн сүтү, куураган чөп уламышы

Тээ илгери бир байдын кулу болгон экен. Анын эч кандай терс кыялдары жок, мүнөзү жакшы болуптур, ички жана тышкы жумуштарды илгиртпей өз учурунда бүтүрүп турчу экен. Эч кимге жамандыгы жок, жалгыз жүрсө жарашпас деп үйлөндүрүп коет. Ошондой болсо да турмуштун ачуу-таттуу катаалдыгына чыдай албай ооруп калат.

Бай:
- Жакшы бала болчу, - деп табыпка барып көрсөтөт.

Анда табып:
- Жыландын уусу, төөнүн сүтү, анан шейит өлгөн адамдын мүрзөсүнүн үстүнө чыккан чөп дары, - дептир.
- Оо, куураган кулга мындай керемет, касиеттүү дарыларды ким кайдан издеп, таап бермек эле, - деп бай кулду жатакка таштап, өзү жайлоого көчүп кетиптир.

Ай артынан ай өтүп, күн артынан күн өтүп, баягы кулдун оорусу күчөптүр.
- Мен ооруп төшөктө жатсам, сенин көргөн күнүн эмне болот? Кечикпей төркүнүңө жөнөгүн. Ачка жүрүп өлмөк белең, - дейт ал аялына. Кулдун айткан сөзүнө макул болуп аялы сапар улап жолго чыгат. Ошол мезгилде түндүктөн жылан түшүп, ууктан-ууктарга оролуп калат. Аял байкабай калат да, кетип калат Бир аз убакыт өткөндө сырттан Сейлеш деген адамдын үнү угулат

- Үйдөн эшикке чыга турган адам жок, өзүм ооруп төшөктө жатам, - дейт кул.

Чоочун адам кирип келип:
- Алыстан жол сапарын улап келе жатам, дагы баса турган жол узак. Ботосу үйдө калып, минген төөнүн желини ооруп калды. Саап таштап кетем сүтүн, чака бер, - дептир.

- Өзүм ооруп төшөктө жатам, чаканы өзүн издеп таап алгын, - дейт кул. Жолоочу төөнү өзү саап, кулдун тушуна коюп, жол сапарын улаптыр. Ууктарга оролгон баягы жылан түшүп баягы сүттөн ичип, уусун таштайт. Ичи көңдөй куураган чөптү кул дароо көрө калат. Жылан ошол бойдон жок болот. Жаздыктын астын караса бычак бар экен. Кул бычак менен баягы куураган чөптү кесет. Ичи көңдөй экен. Ошону чакадагы сүткө салып, сүттөн эптеп ичет. Бир нече убакыттан кийин дагы башын эптеп өйдө көтөрөт. Баягы чөп менен соруп, сүттү дагы иче баштайт. Кайра башы жаздыкка кулайт. Ошентип канча күн, канча түн уктаганын өзү билбей калат. Ойгонсо көл-шал. Алды бүт суу. Бутун тартып сунса сопсоо. Кыймылдагандан заарканат. Жок андай эмес. Кыймыл кирип, өзү соо. Эч жери мурункудай болуп оорубайт.

- Оо, кудай! - деп удайга жалынып жалбарат. Ооруган жери бүт басылып, күндөн-күнгө сакайып жакшы болуп калат. Кара терге суу болгон төшөктөрдү күнгө жайып, басып-туруп кыймылдай баштайт. үйдүн ичин ондоп түзөп, бүт баарын иретке келтирет. Көрсө төөнүн сүтүн жылан ичип, уусун таштаптыр. Шейит өлгөн адамдын мүрзөсүнүн үстүнө тигилген экен кулдун үйү. Жыландын уусу, төөнүн сүтү, өлгөн адамдын мүрзөсүнүн үстүнө чыккан, бирок куурап калган чөп, айыгар оорунун дарысы өзү келет дегендей, баягы табыптын айткан керемет касиеттүү дарылары чын болуп чыгат. Ошол мезгилде кайдан-жайдан аялы жолдон көрүнүп, үйүнө келе жатат. Эшиктин алдындагы караанды көрүп, күйөөм өлүп калган экен деп чоочуйт. Бир аз өлтүрүп, эс-акысын жыят. Ыйлап олтургандан пайда жок, шаан-шөкөттөп мени ким алып кетет деп кайраттанып басып келсе күйөөсү өлбөй типтирүү жүрүптүр.

Жайгаштыруу: 2016-12-23, Көрүүлөр: 1398, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу