Жусуп Баласагын омур баяны

"Жусуп Баласагын омур баяны" жонундо айта кетсек. Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө, азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы тоо этегине жакын жерде XI кылымда Баласагун аттуу чоң шаар болгон. Археологиялык изилдөөлөрдөн табылган турак жайлардын, суу аккан ноочолордун, кол өнөрчүлөр менен зергерлердин устаканасынын калдыктары, азыркы күнгө чейин сакталып турган Бурана мунарасы ошол байыркы Баласагун шаарынын өнүккөн маданиятына ачык күбө болуп эсептелет.

Бул шаарда биздин жердешибиз, ойчул, илимпоз, насаатчы, философ, акын Жусуп жашаган. Ошондон улам Жусуп Баласагуни Баласагундук Жусуп деп аталып кеткен. Ал кездеги араб, фарс тилдеринин ыкмасы боюнча адамдар өздөрүнүн ысымына туулган же жашаган жеринин атын кошуп айтышкан. Бул ошол адамдын кайсы жердик экендигин билдирип турган.

Ошол эле доордо жашаган Жусуптун мекендеши, залкар тилчи, окумуштуу Махмуд да Кашгар шаарынан чыккандыктан, Махмуд Кашгари деп аталган. Мусулман калктарынын байыркы жыл сүрүү эсеби боюнча Жусуп 410-жылы, азыркы алганда 1019-жылы туулган. Айрым илимпоздор аны 1020-1021-жылдары туулган деп болжолдошот. Жусуп туулган Баласагун шаары XI кылымдын аягында Орто Азияда жашаган түрк элдеринин кубаттуу феодалдык Караханийлер мамлекетинин борборуна айланат.

Караханнийлер мамлекетине Кытайдын батышында уйгурлар жашаган аймактан тартып Каспий деңизине чейинки аймак караган. Борбордук Тянь-Шандагы, башкача айтканда азыркы Чүй, Талас, Ысыккөл өрөөндөрүндөгү көчмөн элдердин отурукташа башташы да ушул Караханийлер мамлекетинин дооруна туш келет. Караханийлер мамлекети Орто Азиядагы иран тилинде сүйлөгөн калктарды (саманиддер) өз карамагына кошуу менен көчмөндөрдүн маданий турмушуна, экономикасына зор бурулуш жасап, чоң шаарлар пайда боло баштайт. Кат-сабаттуу, билимдүү адамдар көбөйөт.

Каракандардын чыгыштагы борбору - Кашгар ортолук борбору - Баласагун, батыштагы борбору - Самаркан шаарлары болуп, бул шаарлар соода-сатык менен байланыштырган тоом жолдо Өзгөн шаары турган. Ушул кеңири аймакты мекендеген элдердин чордонун накта түрк тилдеринде сүйлөгөн калктар, тактап айтканда биздин ата-бабалар түзгөн. Алардын орток тилинде мамлекеттик иштер жүргүзүлүп, китептер жазылган. Баласагундук Жусуп да өзүнүн Кутадгу билиг (Кут билим, Бактыга жеткирүүчү билим) аттуу китебин түрк тилинде араб жазуусу менен жазган.

"Жусуп Баласагын омур баяны" абдан жигердүү десек дагы ашык болбос.

Анда 6645 кош уйкаш сап ыр бар. Жусуп өз эмгегин кайсы жылы, кайсы жерде канча убакыт ичинде жазганын, китебин жазган мезгилдеги өзүнүн курагын так белгилеп: Тийгизди маган колун элүү жаш, эми алтымыш мени кел деп күтүп жатат. 462-жылы баштап 18 айда акыркы сөзүн бүтүрдүм, - деп эскертет. Мисалдардан белгилүү болгондой, акын өз эмгегин жашы 50дөн өтүп калган, азыркы жыл эсеби менен чыгарганда 1069-жылы баштап, 1070-жылы бүтүргөн болот.

Китепке Кутадгу билиг деген ат койдум, окугандарга бакыт-таалай алып келсин. Эгер ар ким ушул китепте айтылган акыл-насаатты аткарса, мындагы жол-жоболорду колдонсо, анда ага бакыт-дөөлөт ар дайым шериктеш. Ошол себептен бул китепти осуят-насаат сөздөр менен толтурдум. Өкмөт улуктарынан тартып, карапайым адамдарга тартуулап отурам деп жазган.

Чынында акын акыйкат менен калыстыктын, ак пейилдик менен ызаттуулуктун, билимдүүлүк менен сабырдуулуктун күчүнө чексиз ишенген. Ошондуктан мындай сапаттар адамзат турмушун жакшыртып, аларды бактылуу кылат деп ойлогон:

Ач көздүк адамдарда жаман балээ, бирок да ач көз деги тойгон беле? - деп, дүнүйөкорлукту акшерелейт, нукура байлык эл менен бирге боло тургандыгын эске салат. Коомдогу теңсиздикке зээни кейип, жөнөкөй адамдардын адал эмгегин даңктайт. Башкаруучуларды элге калыс, акыйкат мамиле жасоого чакырат. Ошол мезгил үчүн бул турмуштун маңызын түшүнүүгө умтулган орошон ойчулдук болучу!

Кут билиминде Жусуп балдарды жаштайынан ар кандай эмгектен качпоого, адептүү, сылык болууга, көп окуп, көп билүүгө чакырат. Өнөрлүү адам турмушта кор болбой тургандыгын айтат. Жусуп атанын бул ажайып поэмасын өзүңөр окуп, анын ой жүгүртүүсүнүн деңиздей тереңдигине, ажайып акындыгына күбө болсоңор болот.

Мүмкүн анын башка чыгармалары да болгондур, бирок бизге белгисиз бойдон калды. Ал тургай Кутадгу билигдин түп нускасы да бизге жеткен жок, түп нускадан көчүрүлгөн үч кол жазмасы жетти. Жусуптун бул эмгеги түрк, өзбек жана кыргыз тилдеринде басылып чыкты. Орусча толук көркөм котормосу 1986-жылы жарык көргөн. Улуу акын Жусуп терең билимдүү илимпоз, ойчул, философ, араб, фарс жана түрк поэзиясын жакшы билген, астрономия менен математиканы, медицинаны мыкты түшүнгөн, шахматты жана элдик оюндарды сүйүп ойногон. Ал оюндардын айрымдарын жазып калтырган (мисалы муйуз-муйуз оюну ).

Ошентип, мекендешибиз "Жусуп Баласагын омур баяны" окумуштуу Махмуд Кашгари менен бир катарда элибиздин миң жыл мурдагы байыркы тарыхы, маданияты, тили тууралуу кылымдар тереңинен бизге кабар берет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)