Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Журнал жана газета

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Журнал жана газета

Күн сайын эртең менен күркөлөргө жаңы газета, журналдар келет. Биз газета, журналдарды ачып, ошол замат эле дүйнөдө эмнелер болуп өткөнүн жана эмнелер жасалып жатканын: кайдан кен табылганын, кайда завод курулганын, илимпоздор кандай ачылыш жасаганын жана спортсмендер кандай рекордго жетишкенин, дүйнөнүн элдери бүткүл дүйнө жүзүндөгү тынчтык үчүн кандай күрөшүп жатышкандыктарын билебиз. Газета, журнал менен бирге биздин үйгө көптөгөн эң сонун адамдар келет. Анда алардын сүрөттөрү басылып, эмгектик жеңиштери жөнүндө жазылган. Газета, журналдар жаңылыктарды кайдан алат? Жер шарынын бардык булуң-бурчтарында анын өз кабарчылары бар. Алар турмуштагы болуп жаткан окуяларды көңүл коюп баамдап турушат да, эң кызыктуулары жөнүндө тезинен редакцияга кабарлашат.

Ошондой эле жаңылыктар радио, телефон, интернет аркылуу келет. Ал эми кийинки күнү алар жөнүндө газета, журналдар өз окурмандарына айтып берет. Силер колуңарга жаңы санды алдыңар. Ушул эле газета, журналды силер менен бирге миллиондогон адамдар окуйт. Анткени алар көп нускада басмаканада басылат. Журнал, газетаны чыгарууга көптөгөн адамдар - кабарчы, редактор, терүүчү жана басуучулар катышат.

Кагазы, басмакана боёгу, терүү жана басуу машиналары болбосо газета да, журнал да болбой тургандыгын өзүңөр баамдап жаткандырсыңар. Ал эми даяр журнал, газета дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарына машина, поезд, учак жана кемелер менен жеткирилет. Биздин өлкөдө Кыргыз туусу, Эркинтоо, Дело №, Агым, Кыргыз Руху, Вечерний Бишкек, Алга, Кыргызстан!, Кыргызстан маданияты жана башка көптөгөн ар түрдүү газеталар, Мээрим, Алатоо, Акипресс, Тил-Дил журналдары басылат. Балд ар үчүн Байчечекей, Кырчын аттуу журналдар, ошондой эле Ай-данек газетасы чыгат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7350, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо