Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жумушка тартылган аттарды багуу жана тоюттандыруу

Жумушчу аттарды тоюттандыруунун нормасы алардын тирүүлөй салмагын жана алар аткарган жумуштун көлөмүн эсепке алуу менен түзүлөт. Ар бир айда аларды таразага тартып алардын арык-семизин аныктап турушат. Арыгыраак аттарга тирүүлөй салмагы 1 килограммга кошулуу эсебинде белгиленген нормага кошумча 5-6 тоют бирдигин берүү сунушталат. Жумушчу аттардын рациону негизинен арзан углеводдуу тоюттардан болушу керек жана протеин, витаминдер жана минералдык заттарды баланстоо сунушталат. Рационду түзүүдө тоюттардын даамдык сапатын, алардын жегенге ылайыктуулугун, жана ошондой эле жаш курагы жана анын арык-семиздиги, алар аткарган жумуштун көлөмү эске алынат.

Тирүүлөй салмагы 500 кг массадагы жумушчу атар үчүн болжолдуу рациондор.
Жеңил жумушка рацион

Тоют123
Чөп, кг8,0--
Арпа саман, кг4,55,03,5
Жем, кг2,53,52,0
Сабиз, кг2,0--
Сенаж, кг-12-
Көк чөп, кг--40,0
Премикс «Успех», г150-100
Туз, г303030

Орточо жумушка рацион
Тоют123
Чөп, кг10--
Арпа саман, кг2,06,0-
Жем, кг4,04,03,0
Сабиз, кг5,0--
Сенаж, кг-15-
Көк чөп, кг--45,0
Премикс «Успех», г100100100
Туз, г404040

Булардын рационунан кайсы бир тоютту алып салуу же тескерисинче, ага кошууну акырындап жүргүзүү керек. Аттар катуу чөптөрдүн ичинен жакшы сапаттагы чөптөрдү - шалбаа же айдоо чөптөрдүн аралашмасын жакшы жейт; дан өсүмдүктөрүнөн - сулунун саманы жана топон жакшы (ысык сууга жибиткени ылайыктуу).

Рационго картошка, кызылча, сабиз кошуу сунушталат. Ап эми концентраттардан болсо сулу эң мыкты. Бирок жалгыз сулу аттын организминин азык заттарга муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Андыктан ага кошумча рационго минералдык-витаминдүү кошулмаларды кошушат. Сулунун ордуна арпа жана жүгөрүнү кошсо болот. Ошондой эле сулу жана улпактардан бышырылган, ага зыгырдын майы кошулган боткону да берген жакшы. Ушул тоюттарды пайдаланганда аттар тез эле семирип чыга келет.

Күзүндө жумушчу аттардын негизги тоюту катары жаңы чабылган көк чөптү берсе болот. Апар бош убактарда, айрыкча түн ичинде жумушчу аттарды жайыттарга жаюу сунушталат. Зарылдыкка жараша аларды концентраттар менен тоюттандырышат, айрыкча жумуш көп мезгилде, алардын тоютун мыктылап берүү керек.

Атканада кармаганда жумушчу аттарды күнүнө 3 жолу - эртең менен, түштө жана кечинде тоюттандырышат, ал эми эртели кеч иш үстүндө болгон аттарга ар бир 3 саат сайын берип турушат. Катуу тоюттун суткалык нормасынын жарымын түн ичинде, калганын болсо теп-тең кылып эртең менен жана түштө беришет. Концентраттарды бирдей өлчөмдө эртең менен, түштө жана кечинде тоюттандырышат. Аттарга жем-чөптү күн тартибине ылайык белгилүү бир мезгилде берүү керек, анткени мындай тартип тоюттардын жакшы сиңиришине шарт түзөт. Адегенде катуу жемди, андан соң концентраттарды беришет.

Үйүр жылкыларды жылы бою жайыттарда баккан көбүрөөк интенсивдуү. Мында аттар кышы жайы жайыттарда болушат: жайында алар жайылышат, ал эми кышында туяктары менен кардын алдындагы чөптөрдү тээп жешет. Бороон-чапкында жана кара тоңголокто бир атка 3-4 ц эсебинде катуу тоюттун запасы болушу шарт. Жылкылардын үйүрүндө бардык жаштагы жана ургаачы-эркеги аралаш болушат; кулундарын энелеринен бөлүшпөйт. Кышында концентраттарды илдетке чалдыккан аттарга гана беришет, жана ошондой эле жылкычылар минген аттарды жана айгырларды тоюттандырышат.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 1166, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо