Жумакан Тынымсеитова

Кыргыздын белгилүү акын кызы Жумакан Тынымсеитова 1929-жылы Тянь-Шань районундагы Он-Арча айылында туулган.

Мектепти аяктагандан кийин Нарындагы педагогикалык окуу жайын, андан соң Кыргыз мамлекеттик университеттин филология бөлүмүн бүтүргөн.

1945-1950-жылдары Он-Арча айылдык советинде жана Кумбел Кен башкармасында китепканачы, жергиликтүү радио уктуруу комитетинде директор, "Тянь-Шань правдасы" жана "Жеңиш" газеталарында кызматкер, Нарын шаардык балдар бакчасынын башчысы болуп эмгектенген.

Анын ырлары 1958-жылдан баштап мезгилдүү басма сөз беттерине жарыялана баштаган. Жумакан Тынымсеитова кыргыз поэзиясына 1960-жылдары кеңири таанылып, Тянь-Шандын алгачкы карлыгачы, элинин сүйүктүү эрке кызы өзүнүн тоо булагындай мөлтүр, таза, жан дүйнөңдү ойготкон ырлары менен поэзия күйөрмандарынын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алды.

Акындын алгачкы ырлар жыйнагы "Сыбызгы" деген ат менен 1961-жылы жарыкка чыгып, окурмандардын китеп текчесинен орун алган. Ага удаалаш эле "Нарын толкундары" (1963), "Соң-Көл дептери" (1966) аттуу ыр жыйнактары басмадан жарык көргөн.

Балдарга арналып жазылган "Жалкоо таранчы", "Алтын топчу", "Айга учуп барамын" деген китептери да адабий журтчулугунда бир топ алгылыкгуу пикирлерди жараткан.

Өзү көп жылдар бою Нарын областтык гезитинде иштеп, Борбордон алым жашаса да, чыгармачыл чейрө менен кол үзбөй, такай байланышта болгон.

Кыргыз поэзиясында анын эки окутуучусу, устаты болуп саналган А. Осмонов, Н. Жетикашкаевадан үлгү алып, таасирленген. Аларды туу тутуп, А. Осмонов жараткан поэзияны терең урматтап, "Алыкулдан гүлдесте" деген китепти түзгөн.

Жумакан Тынымсеитова өзү жараткан ырларында туулуп өскөн элет жерлеринин абасындай таза, жумшак, адам көңүлүн аруу сыйлаган аярдыгы аркылуу жан-дүйнөгө жакын жөнөкөй ыр саптарынан граждандык ой-тереңдигин, назик сезим, үмүтүн, философиялык так, ачык көз карашын поэтикалык табылгасын көрө алабыз. Көбүнчө аялдар темасына кеңири кайрылып, ырларды, очерктерди публицистикалык макалаларды жазган. Ал ар кыл жанрда изденип эмгектенген. Дүйнөлүк поэзиядан акын аялдардын ырларын которуп, драматургия жанрында да иштеген.

Акындын калеминен жаралган "Акыркы жүздөшүү" аттуу пьесасы Нарын областтык музыкалуу драма театрынын сахнасында ийгиликтүү коюлган.

Эл-журту таланттуу акын кызынын жаркын элесине таазим кылып 1979-жылы "Ата-журт ыргактары", 1986-жылы "Ырлар жана поэмалар" аттуу эки жыйнагын басмадан чыгарып, окурмандарга тартуулаган.

Акын өзү айткандай "Изденүүсүз жакшы чыгарма жаралбайт" дегендей, аны кыргыз поэзиясында ат салышкан жоон топ акын кыздарынын алдыңкыларынан болгон деп айтсак жаңылышпайбыз.

Акын совет мезгилинде "Каарман эмгеги үчүн" медалына ээ болгон. Эчки-Башы айылында клубга ысымы берилген. Ал эми Он-Арча айылындагы мектептин алдыңкы окуучуларына Жумакан Тынымсеитова атындагы стипениялар берилчү.

Үй-бүлөсү жөнүндө
Жолдошу Султаналиев Мунаке Нарын областынын кадырлуу эмгекчилеринин катарына кирген. Төрт баланын ардактуу апасы, балдары Турат жана Мырзагул, кыздары Гүлжанды, Рая.

Жумакан Тынымсеитова 1975-жылы дүйнөдөн кайткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)