Москвада учкуч-инженерлерди даярдоочу академиянын бет алдында Жуковскийдин эстелиги турат. Жуковский өзү эч качан учкуч болгон эмес. Ал чоң окумуштуу, механика жана математика боюнча адис болгон. Бирок анын узак өмүрүнүн көп бөлүгү адамдарды учууга үйрөтүүгө арналган. Владимир шаарына жакын жердеги адатта жайкысын Николай Егорович эс алуучу Орехово кыштагында жашагандар анын кандайдыр бир таң калыштуу иштер менен алек болуп жатканын көп көрүшчү. Ал бирде пропеллердүү жебе учуруп, анын кандай учушун байкаса, бирде дүрбү менен куштардын учушуна байкоо жүргүзгөн.
Кээде жонуна жыгач рейкага капталган кездеме канатты байлап алып, велосипед тээп жөнөчү. Аңчылыкка чыкканда кушту атып алып, анын канаттарын көңүл коюп карап жана ченеп жаткандыгын көрүшчү. Николай Егорович өзү профессор болуп эмгектенген Москва университетинде чоң түтүк койгон, желдеткич ал түтүк аркылуу абанын күчтүү агымын айдаган (ал аэродинамикалык түтүк деп аталат). Анда Николай Егорович ар кандай самолёт канаттарынын моделдерине сыноо жүргүзгөн. Жуковский бул тажрыйбалардын жана байкоолордун, математиканын жардамы менен адамды абага көтөрүп уча ала турган оор машинанын канаттары кандай орнотулушу керектигин баамдаган. Ал аэродинамика илиминин негиз салуучусу. Бул илим самолётту кандай куруу жана аны менен кандайча учуу керектигин изилдейт.
Биздин өлкөдө бардыгы академик Андрей Николаевич Туполевдин ысмын жакшы билишет. Ал океандын үстүнөн конбой учуп өтө турган машиналарды конструкциялаган. Туполев да, көптөгөн башка самолёт түзүүчүлөр да Н. Е. Жуковскийдин окуучулары болушкан.