"Жуков Георгий кыргызча" макалабыз белгилүү Жуков Георгий Константинович (1896-1974) жөнүндө болмокчу. Бейкут жаткан совет элине немецтик фашисттик баскынчылар капысынан кол салышып, СССРдин борбору Москваны көздөй жулунуп келе жатышты. Бүткүл дүйнөнүн эли эмне болор экен дегендей демин ичине тартып Москванын алдындагы тарыхта теңдеши болбогон кандуу салгылашууга көз салып турушту. Алгачкы чабуулда Москваны алууга кубаты жетпеген Гитлер каарын төгүп, согуштун башталганына бир жүз кырк жети күн болгондо экинчи чабуулун баштаган. Ал Батыш фронтунун аскерлерине каршы 51 дивизиясын жиберген. Мына ушундай кыйын учурда Жуков өзү башкаруучу болуп келген жаңы фронтту дароо уюштуруп, Москвага жулунуп келе жатышкан фашисттердин алдын тосуп, адегенде алардын чабуулун токтоткон. Андан кийин, 5-декабрда фронттун аскерлеринин фашисттерге каршы чабуулун уюштуруп, душманды Москванын жанынан 100-250 чакырым артты көздөй сүрүп таштады. Ошентип, Кызыл Армия согуш башталгандан берки 6айдын ичинде фашисттик баскынчыларга биринчи жолу кыйраткыч сокку урду. Бүткүл совет эли Жуковго ыракмат айтып кол чабышты. Мына ошентип биринчи жолу каардуу душмандын мизи кайтарылды.
Жуков кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө төрөлүп, бала кезинен кыйынчылык турмушту башынан өткөргөн. Ал сегиз жашынан оор жумушка байланып, жайында чөп чапса, күзүндө эгин оргон. Кышында үч жылдык чиркөө мектебинде окуп, аны мактоо грамотасы менен бүтүргөн. Ал он эки жашында энесинин бир тууганы М. А. Плихиндин тери иштетүүчү мастерскоюна барып үйрөнчүк болуп орношууга аргасыз болгон. Жумуш күнү он эки саатка созулган. Жаш бала кээде уктап кетчү. Кичинекей Григорийди мастерлер, алардын аялдары бир нече жолу көк ала койдой сабашкан. Кичинесинен оор турмушка бышкан бала мунун баарын кыңк этпестен көтөргөн. Ал мастерскойдо иштеген үйрөнчүк жолдоштору менен бирге китеп окуганды үйрөнгөн.
Өзүнүн маянасынан, даяр терилерди Москванын туш-тарабында жашашкан адамдарга жеткизип берүү үчүн кожоюну жолго деп берген тыйындан үнөмдөп, бардыгына китеп сатып алчу. Ошентип жүрүп ал жалпы билим берүүчү кечки курска кирет да, андан шаардык окуу жайдын көлөмүндө билим алат. Ошол тери иштетүүчү мастерскойдон 1915-жылы падыша армиясына чакырылып, атчан аскерге алынат. Ошол күндөн баштап Жуков бүткүл өмүрүн армиянын катарында өткөргөн. Г. К. Жуков Кызыл Армия түзүлгөн күндөн тартып, өз эрки менен анын катарына өткөн. Георгий Константинович Граждандык согушка активдүү катышып, катардагы жоокерден эскадрондун командирине чейин көтөрүлгөн. "Жуков Георгий кыргызча" которууда сиздерге түшүнүктүү болсун деп кыскартып жаздык.
1939-жылы корпустун командири Жуков башкарган советтик жоокерлер моңгол армиясы менен бирдикте Халхин-Гол дарыясынын жээгинде япондук баскынчыларды талкалашкан. 1969-жылы Г. К. Жуковго Моңгол Эл Республикасынын Баатыры деген наам берилген. Согуш башталган биринчи эле күнү - 22-июнда Башкы Командованиенин Ставкасынын өкүлү катары Түштүк-Батыш фронтуна келет. Ал жерде механикалаштырылган корпустардын душманга каршы чабуулун уюштурат да, бир жума бою фашисттик танктардын жолун богоп, убакыттан утушка жетишет. Жуков командачылык кылган Резерв фронтунун жоокерлери август айында Ельнянын алдында душмандын беш дивизиясын кыйратат. Бул Кызыл Армиянын эң биринчи жеңиши болду. Жуков сентябрь айында Ленинград фронтуна командачы болуп дайындалат да, фашисттердин шаарга койгон чабуулун токтотуп, аларды коргонууга өтүүгө мажбур кылат. Жуковдун көрөгөчтүгү, ар кандай кыйынчылыктардан жол таба билген кеменгер командачы экендиги Улуу Ата Мекендик согуштун эң чечүүчү мезгилдеринде ачык-айкын көрүндү.
Ал гитлердик аскерлерди Сталинграддын алдында талкалоого, Ленинград курчоосун бузууга байланыштууоперацияларга айрыкча зор салым кошкон. 1943-жылы 18-январда Жуковго Советтер Союзунун Маршалы деген наам берилген. 1943-1945-жылдардагы чоң салгылашууларда Жуковдун командачылык таланты укмуштуудай даана көрүнгөн. Ал Курск салгылашуусуна, Украинанын оң жээгин жана Белоруссия жерлерин бошотуу операцияларына жетекчилик кылган. Жуков башкарган 1-Белорус фронту душмандын Берлин тобун талкалаган.
1945-жылы 8-майда Маршал Жуков Советтик Жогорку Башкы Башкармалыгынын атынан фашисттик Германиянын кыңк этпестен багынуу актысына кол койгон. Ал согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн төрт ирет Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон, Ленин, Октябрь Революциясы, үч Кызыл Жылдыз, экинчи даражадагы Суворов, эки жолу Жеңиш ордендери, чет өлкөлүк 20 орден жана советтик медалдар менен сыйланган. "Жуков Георгий кыргызча" макалабыздын соңу ушундай, суроолор болсо жазгыла.