"Эстелик" - Теңир-Тоонун, Саян, Алтай тоолорунун аскаларынын апай бетинде байыркы сүрөтчү (бедизчи) бабаларыбыз баатырлардын жасаат-турпатын ташка чегишкен. Алар жоо куралдары менен Батыштын айтылуу рыцарларына кудум окшош.
Ээрине, тердигине айбанат менен өсүмдүктөрдүн элесин күмүштөн жасатып, үртүктөгөн атчан жоокер, колу-бутун калканч менен шакшактаган. Башына темир туулга, үстүнө темир тордон бадана соот кийген, көкүрөгүндө темир чарайна бар, ай балта, кылыч, ийме жаа асынып, сол колуна калкан, оң колуна желектүү найза сундурган, сүрдүү, айбаттуу кыргыз жоокери. Энесайдагы (Сулекеде) кыргыз жоокерлеринин сөлөкөтү аскага чегилген. "Эстелик" - Бир атчандын колунда мүйүз жаа. Дагы бир сүрөттө: тулку боюна бадана соот кийген, көкүрөгүнө тегерек калканды тоскон, куруна кылыч менен саадагын илген жана оң колуна шалк этмесин кармаган жоокер.
Ал түпөктүү жаасын душманга карай сундуруп баратат. «Улуу мамлекет» кезегинде (IX к) кыргыздардын жоо-жарактары темирден жасоо өнөрү мыкты өөрчүгөн. Кыргыздар арасында жоо жарак катары колдонулган кош миздүү түз, узун кылычтар, темир калкан, алыска учкан жебелер, найзалар, ай балталар, шамшарлар, жаалар пайда болот. Жебенин эле 14, жаанын 24 түрү жасалган: алеңчир, чоюлма, оңкормо, кыркырама, калкыма, саадакча, ийилме, созулма, ышкырма, түпкүчтөй, көк саадак, каптама, үндүү жебе, томпок жебе, чимирик жебе, жылан тил, жебе, ызгыч жебе. Туулга кабырчактуу жана каңылтыр калкандар колдонулган.
IX-X кылымдарда куралдануу боюнча кыргыздар Борбордук Азиянын башка көчмөн элдеринен озуп турган, буга уйгурларды тизелеткен салгылашуусу күбө. Таншунун айтуусунда, байыркы кыргыздар хандык (императордук) жасалган жабдыктарды башкаларга белекке жасап беришкен. Түрктөрдүн ооматы келгенде кыргыздар хандык буюмдарды алым-салык катары төлөп турушкан. Жоокерлерге "эстелик" жөнүндөгү баян ушундай