"Жер титироо" - Жараткандын буйругу менен жерди аалам көк өгүзү мүйүзүнө көтөрүп турат экен. Көк өгүз чаалыгып мүйүзү талыганда, бир мүйүзүнөн дагы бир мүйүзүнө сала коюп көтөрөрдө жер титирейт имиш.

Жердин титиреши жөнүндөгү бул мифте жаратылыштын жер титирөө кубулушуна баам салынган болуп, жердин эмне үчүн титиреш себебин наристе элестетүү менен түшүндүрүүгө умтулганын көрөбүз.

Мындай мифтик баян тээ төмөнкү бечел коомдун адамдарына чындыктай туюлган, алар ошондой экенине бек ишенген. Ал эми биз үчүн бул баян наристе адабият катарында гана кызмат кыла алат. Жогоруда нуска катары көрсөткөн мифтик баяндар асман заттары, жаратылыштын кубулуштарынын пайда болуу, жаралуусун көөдөк баамдаган, наристе элестеткен, алардын пайда болуу, жаралуу себептерин, сырларын наристе көркөм баян менен түшүндүрүүгө далалат кылганын көрдүк.

Мына ушуларга окшош асман заттарынын жаралышы, пайда болушу жөнүндө элестеткен баяндар “асман заттары жөнүндөгү мифтер” деп аталат. Асман заттары табияттын кубулуштары жөнүндө айтылган мифтер кыргыз эл оозеки адабиятында абдан арбын.

Жер титироо


"Жер титироо" - Жараткандын буйругу менен жерди аалам көк өгүзү мүйүзүнө көтөрүп турат экен. Көк өгүз чаалыгып мүйүзү талыганда, бир мүйүзүнөн дагы бир мүйүзүнө сала коюп көтөрөрдө жер титирейт имиш. Жердин титиреши жөнүндөгү бул мифте жаратылыштын жер титирөө кубулушуна баам салынган болуп, жердин эмне үчүн титиреш себебин наристе элестетүү менен түшүндүрүүгө умтулганын көрөбүз.Мындай мифтик баян тээ төмөнкү бечел коомдун адамдарына чындыктай туюлган, алар ошондой экенине бек ишенген. Ал эми биз үчүн бул баян наристе адабият катарында гана кызмат кыла алат. Жогоруда нуска катары көрсөткөн мифтик баяндар асман заттары, жаратылыштын кубулуштарынын пайда болуу, жаралуусун көөдөк баамдаган, наристе элестеткен, алардын пайда болуу, жаралуу себептерин, сырларын наристе көркөм баян менен түшүндүрүүгө…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1984, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11