Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жердин каймакташы жана ай жөнүндө

Баш барак | Жомок уламыштар | Жердин каймакташы жана ай жөнүндө

Жер алгачында кичинекей көлкүлдөк зат болуп жаралыптыр. Ал улам каймактаган сайын чоңоюп, жумурткадай, тайдын туягындай, андан ары чоңоё берген экен. Жердин уюшу, каймактап чоңоюушу менен жер жаралып, ааламдын бир алкагында туруп калыптыр.

Бул кийин инсанаттардын жашоо жайыты болуп калган экен.Ай жөнүндө...



Ай ааламда аябай көп болот имиш. Алардын ар бирөө жер бетин көрүүнү аңсашат экен да, күнүгө кезек күтүп, бирден чыгат экен, калгандары соңунда чыдамсызданып, топон баласы болгонго дейре жер бетин бир көрүп калууга ашыгып турат экен. ...Көйкаптан жер бетине бир желмогуз чыгып, инсанат, жаныбарга коркунуч туудура баштаптыр. Жер бетиндегилердин тилегин теңир кабыл алып, баягы желмогузду айга алып чыгып, кум менен тарууну аралаштырып, ошону айрып чыгууга буйрук салыптыр. Ал таруу менен кумду айрып болоюн дегенде чабалакей барып, куйругу менен аралаштырып жиберет экен да, желмогуз кайра тергенден терип отура берет экен. Ай бетиндеги караан айдагы чынар терекке аркандап койгон ошол кум менен тарууну айрып терип отурган желмогуз имиш. ...Илгери жер бетинде томодой жетим бир кыз болгон экен. Ал ошончолук сулуу болгондуктан, ай көрүп ажары, күн көрүп көөнү түшүп калат. Ошондо күн айдан күчтүүлүк кылып, нурун таштап, кызды тартып аларда ай андан кадырын салып жатып сурап алып чыгып кетет.



Жакшылап караган кишиге ай бетиндеги элес челектерин бакандап бара жаткан кыздай көрүнөт. Ай жөнүндө айтылган жогорку кыргыздардын мифтеринин кыргыздардын айдын түзүлүшүн анын сырларын билүүдөгү наристе баамын байкоого болот. Ал эми ай жөнүндөгү бул наристе элестетүү кыргыздардын тээ баштапкы доордо асман, жер, инсанат бирдей, бирге аралаша жашай билет деген түшүнүгүнөн улам айтылып калганын баамдайбыз.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1031, Өзгөртүлгөн: 2017-08-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу