Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жердин магнит талаасы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жердин магнит талаасы

Жердин магнит талаасы, же геомагниттик талаа — Жердин ички булактары тарабынан генерациялануучу магнит талаасы. 4,2 млрд жыл мурун пайда болгон.

Жердин магнит талаасы

Заманбап изилдөөлөрдүн айтуулары боюнча, жер мында 4,2 миллиард жыл мурда калыптанган, ошондон бери жерди магнит талаасы курчап турат. Жердеги бардык нерселер, анын ичинде адамдар, жиныбарлар, өсүмдүктөр анын таасирине кабылат.

Тигинен коюлган учтуу ийнеге орнотулган магнит жебесин жердин каалаган чекитинде айландырганда белгилүү бир багытты көрсөтүп токтоп калаары адамдарга илгертен эле белгилүү болгон. Бул жер шарынын айланасында магнит талаасынын бар экендиги менен түшүндүрүлөт. Магнит жебеси жердин магнит талаасынын сызыктарын бойлото жайгашат.

Компас

Адамдар байыркы замандан бери колдонуп келе жаткан компас ушуга негизделген. Бул куралды күндөлүк турмушубуздан кездештиребиз жана анын түзүлүшү менен табият таануу, география предметтерин окуганда таанышканбыз.

Анын негизги бөлүгү болуп учтуу октун учунда женил айланып туруучу магнит жебеси эсептелет. Магнит талаасы боюнча өзүнчө макаладан таанышып алсаңыз болот.

Жердин магниттик уюлдары анын географиялык уюлдары менен дал келбегендиги көп тажрыйбаларда далилденген. Жердин түштүк магниттик уюлу анын түндүк географиялык уюлуна жакын жайгашкан. Алардын аралыгы болжол менен 2100 км. Ал эми жердин түндүк магниттик уюлу анын түштүк географиялык уюлуна жакын жайгашкан. Жердин магнит талаасынын магнит сызыктары түндүк магниттик уюлдан чыгып түштүк магниттик уюлга батат. Бул болсо жер бетинин кандайдыр бир чекитине коюлган магнит жебесинин багыты жердин географиялык меридианынын багытына дал келбейт дегенди билгизет. Ошондуктан компастын жебеси жердин географиялык уюлдарын болжолдуу көргөзөт.

Айрым учурларда "жердин магнит талаасы" кыска мөөнөттүү өзгөрүүгө дуушар болот. Бул магниттик бороон (буря) деп аталат. Магниттик бороондун пайда болушу күндүн активдүүлүгүнө байланыштуу.

Күндүн активдүүлүгү күчөгөн мезгилде анын бетинен көп сандаган заряддуу бөлүкчөлөр - электрондор жана протондор, дүйнөлүк мейкиндикке бүркүлүп чыгып турат. Алар бир багытта кыймылда болгондуктан айланасында күчтүү магнит талаасы пайда болуп жердин магнит талаасын өзгөртөт. Ушунун өзү магниттик бороон деп аталат. Ал адамдардын денсоолугуна, жаныбарларга же болбосо бардык эле жандуу жаратылышка таасирин тийгизет. Магниттик бороон учурунда анын тескери таасиринен сактануу, коопсуздук чараларын көрүү ар бир адамдын негизги милдеттеринин бири. Магниттик бороондун болушу айрым учурда алдынала радиодон, телекөрсөтүү боюнча берилип, же болбосо гезиттерге жарыяланып жүрөт. Ошолорго дайыма көңүл буруп жүрүү өз денсоолугубузга, дегеле адам өмүрүнө көрүлгөн камкордук болуп эсептелет.

Магниттик бороон болбогон учурда деле жер шарынын айрым аймактарында магнит жебесинин багыты жердин магнит талаасынын сызыктарына дал келбеген учурлар байкалат. Мындай аймак магниттик аномалиялуу аймак деп аталат. Аномалия латын сөзүнөн кыргызча айырмалануу, адаттагыдай эмес дегенди билдирет. Мындай аномалиянын болушу ошол жердеги темир кенинин көп болушу менен түшүндүрүлөт.

Жердин магниттик касиети ушул күндө да акырына чейин түшүндүрүлө элек. Бирок жердин магнит талаасынын өзгөрүшүнө атмосферанын жогорку катмарындагы жана жердин түпкүрүндөгү электр тогу таасир бере тургандыгы аныкталган.

Жердин магнит талаасын космос кемелеринин жана жасалма спутниктердин жардамы менен үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп келе жатат. Ушундай каражаттардын жардамында жердин магнит талаасы жер бетин көптөгөн космостук нурлануулардан сактап тураары белгилүү болду. Космостук нурлануулардын курамына электрон жана протондордон башка да көп бөлүкчөлөр кирет. Алар мейкиндикте өтө чоң ылдамдык менен кыймылдагандыктан жердеги тирүү организмге ж. б. объектилерге өтө коркунучтуу. Бирок алардын мындай зыяндуу таасири жердин магнит талаасы аркылуу жөнгө салынат жана анчалык коркунуч туудурбайт.

Планеталар аралык космостук станциялардан, айга конгон жана аны айланып учкан космос кемелерден алынган маалыматтар айда магнит талаасынын жана радиация алкагынын жок экендигин далилдеди. Ошондой эле Чолпон (Венера) планетасы да магниттик касиетке ээ эмес, ал эми Марс планетасынын магнит талаасы өтө эле начар экендиги аныкталган.

Келгин куштар, ошондой эле деңиз ташбакалары аны жакшы сезишет. Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, булар жолду жердин магнит талаасы аркылуу издеп табаары аныкталган. Андан тышкары магнит талаасы, уюл жаркыроолорунун пайда болуусуна себепкер. Бул талаа биздин планетабызды күн шамалдарынан сактап турат, бирок кээде катуу күн шамалдарына чыдабай үзүлүп кетет, ошондо жерде түрдүү электрондук приборлор иштебей калат.

Жайгаштыруу: 2019-10-28, Көрүүлөр: 5642, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу