Жаштыгыма (ыр). Сөзү К. Курманбаевдики, обону К. Эралиеваныкы
Жаштык кезим жарашыктуу күндөрүм,
Элестеткен жаздын жыттуу гүлдөрүн,
Калыпсыңар карап көрсөм алыста,
Кайдан эми силер менен жүрмөгүм,
Ээй! Ээй! Кайдан эми силер менен жүрмөгүм.
Жаштык кезим жалындаган курагым,
Элестеткен тоонун таза булагын.
Таштап кетип, алигиче дайнын жок,
Таап алдыңбы, жүрөгүңдүн ынагын,
Ээй, Ээй, таап алдыңбы жүрөгүңдүн ынагын.
Айлар, жылдар өтүп жатса саналып,
Айлам кетет алды-артымды каранып.
Өзүңөрдү издеп жүрөм, жаштыгым,
Өмүрүмө кайра келчи жаралып,
Ээй, Ээй, өмүрүмө кайра келчи жаралып.