TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жаштык (ыр)

Жаштык (ыр)

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Жаштык (ыр), сөзүнүн автору Г. Момунова, обону К. Досмамбетова.

Мен сени Ала-Тоодой аскар дегем,
Мен сени Ысык-Көлдөй чалкар дегем.
Көөнүмдө күлүңдөгөн күн чубагы,
Пейлиңди кең талаадай даркан дегем.

Жаштык ай, аттиң ай, аттиң ай,
Пейлиңди кең талаадай даркан дегем.
Мен сенден көптү күтүп барганымды,
Ачылып кимге айтайын арманымды.

Жалындап жанып турган жаштык кезде,
Башкача сени сүйүп калганымды.
Билбепмин анда сени пастыгынды,
Билбепмин мага кылган кастыгынды.

Бүгүн мен сени аяган, сага ишенген,
Күнөөлөп отурамын жаштыгымды.

Көрүүлөр: 949
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.