Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаш балага берген кыздын арманы

Баш барак | Адабият | Жаш балага берген кыздын арманы
Бул чыгармада Тоголок Молдо Анаркүл аттуу кыздын атасына болгон нааразычылыгын жана тилегин көрсөткөн. Атасы Карабай Шеримбайдан, алганын кайрып бере албай, өз кызын жыйырма беш жаштагы кызды анын жети жашар баласына аял кылып берет. Бул чыгарма Тоголок Молдонун алгачкы чыгармаларына кирет. Мындай чыгармаларда ал феодалдьпс түзүлүнггү жана анын өкүлдөрүн сынга алат. Ошондой эле ата баласына кас болгоңун, боору таш экенин айтып, ошол эле учурда атасы карызынан тез кутулуп, жаш баладан аны ажыратып, өз теңтушуна берсе экен деген үмүт, тилек көрсөтүлгөн.
Анаркүл менде убал жок
Жыйырма бешке чыкканча,
Ойноп күлөр улан жок.
Абышкалар тойдо жейт,
Асыл койдун куйругун.
Жаш балага туш кылган,
Жараткандын буйругун.
Алты жашар жаш бала,
Анарга күйөө болчубу?
Жабыр тартып Анаркүл,
Кары кыз атка кончубу.
Жергеден башым кемиткен,
Карабай атам оңчубу.
Жети жашар жаш бала,
Жетилип күйөө болчубу.
Жесир жүрүп Анаркүл,
Жакшы атакка кончубу.
Өз атам кылды мага кас,
Өзгөчө мага боору таш.
Келсин деп кабар кылууга,
Кесирлүү күйөөм болду жаш.
Бай Шериден алганын,
Атам кайрып берсе экен.
Ажыратып башымды,
Көп көтөрбөй жашымды,
Теңтушума берсе экен.
Кепке, сөзгө келсе экен,
Быйыл мени берсе экен.
Быйыл мени бербесе,
Тирүүлөй көргө көмсө экен.
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 12382, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу