Жарылуу дегенибиз - күйүү. Айырмасы - кемегеде жыгач күйсө, снарядда жарылгыч зат күйөт. Бирок жарылгыч зат жыгач отундай эмес, көздү ачып-жумгуча күйүп, ысыктыгы миңдегең градуска жетүүчү газга айланат. Газ укмуштуудай ылдамдык менен кеңейип, бардык тарапка зор күч менен басым жасап, алп муштум менен муштаган сынары бардык нерселерди кыйратып өтөт. Жарылуу дегенибиз ошол. Жарылгыч заттар көп: дары, динамит, тол, аммонал жана башкалар.
Кээде абага тараган кант же ун чаңы динамит сыяктуу жарылат. Бул үчүн кичине эле учкун жетиштүү. Көмүр чаңы менен руда газы - метан да коркунучтуу. Бирок адам жарылууну эпке көндүрүп, өзүнө кызмат кылдырууга үйрөндү. Адегенде аммонал менен динамит жерди жардырып копшутуу максатында пайдаланылды. Жардырылган жерден топуракты ташып кетүүгө оңой болгон.
Азыр инженердик ыкма менен жардыруу аркылуу топуракты бир жерден экинчи жерге ыргытуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бир жолу шар аккан тоо суусун плотина менен тосуп калышты. Кесек бетон, чоң-чоң таштарды канча ыргытышса да суу агызып кетип жатты. Ошондо жээкке жардыргычтар келишти. Биринчи жарылуу менен алар сууну убактылуу тосуп, агымды бир нече минутага токтотушту. Анан суунун агымынын ылдыйраак жагындагы мерчемдүү жерде дарыянын түбү ачылганда эки өйүздү тең кубаттуу жардыруу силкинтип, миңдеген тонна топурак менен тоо тектерин суунун нугуна ыргытты.
Ошентип плотина даяр болду. Жарылуу заводдо да ишке чегилди. Бассейнде суу астынан жарылуу менен сууга салынган металл такта керектүү формага келтирилет да, самолёттун же автомобилдин сырткы каптоору даярдалат. Жарылуу менен металл ширетүүгө да болот. Жарылуунун кесиптери жүздөп саналат.